Биз социалдык тармакта

ҮЙ ИЧИНДЕГИ КУРГАК АБА ЭМНЕСИ МЕНЕН КООПТУУ?

Үйдөгү нымдуулуктун 40 пайыздан аз болушу адатта суук түшүп, айылдарда от жагылып, шаарда жылуулук бериле баштагандан тартып күтүлөт. Мурун кургак абадан келип чыкчу көйгөйлөргө врачтар гана көңүл буруп келишсе, акыркы жылдары адамдар өздөрү кеңсе, үйлөрдө абаны нымдаштыруу керектигин билип калышты. Анткени кургак абанын ден соолукка зыяны көп. 

 

Тез-тезден сасык тумоолоо                       

Кургак жылуу абада вирустар жана бактериялар өздөрүн жакшы сезип, тездик менен көбөйө башташат. Кургак аба менен дем алганыбызда мурдубуздагы былжыр чел кургап, катып, анын зыяндуу микроорганизмдерди кармап калуучу функциясы бузулат. Дем алуубуз кыйындайт. Жыйынтыгында вирустар менен бактериялар тоскоолдуксуз мурунга, андан ары организмге кирип кетишет. Былжыр чел нымдуу болгондо гана аларды өткөзбөй кармап кала алат. Мына ушул себептен сасык тумоонун күч алышы дал ошол от жагуу мезгили башталган учурга туш келет. Анткени үй, батир, кеңсе, бейтапканаларда абанын нымдуулугу минималдуу болуп калат.

 

Өнөкөт оорулардын козголушу                     

Имарат ичинде абанын нымдуулугу врачтар сунуштагандан төмөн болгондо (40-50 пайыз нымдуулук шарт) адатта өнөкөт оорулар курчуп баштайт. Мисалы, бронхиалдык астма, аллергия, бронхит, ринит, тонзиллит, гайморит. Кургак абада чаң жана үйдөгү гүлдөрдүн чаңчалары эмеректердин үстүнө түшүп тим болуп калбайт. Алар бөлмөдөгү аба менен аралашып жүрө берет да, адамдын дем алуу органдарына кирет. Ошентип өнөкөт оорулар козголо берет, өзгөчө аллергия. Абаны үй жылыткычтар да кургатарын айта кетели. Канчалык көп сайылса, аба ошончолук кургайт деп билиңиз.

Көздүн кургап, оорушу                            

Көз чарасы нымдуу, жабышчаак, былжыр катмарлардан турат. Эртеден кечке компьютерде отуруу, телефонду көп кароо, тамеки тартуу сыяктуу зыяндуу адаттар көздүн былжыр челин кургатат. Бирок сизде мындай зыяндуу адаттар болбосо деле эгерде үйүңүздө, кеңседе аба кургак болсо, көзүңүз дал ушундай зыян тартат. Көз кызарып, жаш агып, өйкөп “кургак көз синдрому” жаралат. Бара-бара көздүн кычышуусу, жарыкты карай албоо жана көрүүнүн начарлашы  кошулат. Алгачкы симптомдор байкалганда эле абаны нымдаштырууга аракет кылбасаңыз, көзүңүз такай ушинтип ооруй турган болуп калат. Абасы кургак бөлмөдө контакттуу линза тагынуу көздө оорутууну гана жаратпастан сезгенүүгө, ооруларга да жеткирет.

Өзүн жакшы сезбөө                            

Кургак аба кычкылтектин канга барышын кыйындатат. Андыктан адамда бат чарчоо, шалдыроо, көңүл буруунун төмөндүгү, уйкусуроо, баш оору күтүлөт. Абада нымдуулук жетишпегенде тери кургап, шуудурайт, алтургай кычыштырышы мүмкүн. Теринин кургашы бырыштардын түшүшүнө жол берип, картаюу процессин тездетет. Териден сырткары чач менен тырмактын сынма болуп, көп түшүшү да нымдуулуктун жетишсиздигинин жыйынтыгы. 

Жаш балдарга келтирүүчү коркунучу       

Түйүлдүк апасынын курсагында коргогуч чөйрөдө жатат, бирок жарыкка келери менен агрессивдүү чөйрөгө туш болот. Анткени аба баланын организми биле жана тушуга элек түрдүү микроб, вирустарга толо. Айрым балдар мындай чөйрөгө ыңгайлашып кетсе, кээ бирлерине андай чөйрө менен күрөшүүгө туура келет. “Душман” менен күрөшүү үчүн абаны нымдандыруу кажет. Керектүү деңгээлдеги нымдуу аба иммунитеттин жаралышына жана сакталышына салым кошот. Ымыркайдын мурдунун былжыр чели дайыма нымдуу болгондо гана вирус жана бактерияларды өткөзбөй кармап калат. Абасы керектүү өлчөмдө нымдуу болбогон үй ичинде балдарда өнөкөт оорулар улам козголот. Андан тышкары дерматит кошулушу, эмчекти жакшы эмбөө, дисбактериоз да келип чыгышы мүмкүн. Ушул себептерден улам педиатрлар үйдө абанын нымдуулугун көзөмөлдөөнү сунушташат. 

 

Эмне кылуу керек?                                

Жылуу бөлмөдө абанын нымдуулугу 40-50 пайызды түзүшү кажет. Мисалы, бөлмө 30 чарчы метр болсо, анын нымдуулугу үчүн күн сайын 5 литрдей суу керек. Терезелерди 2-3 жолудан көп ачып желдетүү менен биз бөлмөдөгү абаны ого бетер кургак кылабыз. Анткени сыртта абанын курамында суу минималдуу өлчөмдө болот. Анан муздаган бөлмө кайрадан ысыганда аба ого бетер кургайт. Нымдуулукту камсыз кылуучу ыкмалар булар:

• Абанын нымдуулугун көрсөтүүчү электрондук гигрометр сатып алып, бөлмөлөргө коюу керек. Аны токко туташтырып, суу куюп туруу гана керек болот. Мунун өнүктүрүлгөн “термогигрометр” деген түрү бар. Ал термометр жана сааттан турат.

• Психрометр. Бул кургактыкты жана нымдуулукту көрсөтүүчү 2 термометрден турат. Экөөнүн көрсөткүчүндөгү айырмачылык атайын таблицага карап бөлмөдөгү нымдуулукту билүүгө шарт түзөт.

• Суу куюлган мискейди батарейкага коюп коюңуз. Ар кандайы жарай берет. Батарейкаңыздын жайгашкан жерине жараша жайпак же бийик болушу мүмкүн. Суусу улам азайган сайын толтуруп турасыз. Ошондо сиздин үйүңүздө абанын кургактыгына байланышкан маселе жаралбайт.  

• Жуулган кийимдериңизди бөлмөдө кургатыңыз. Кийим кургаткычты батарейкага жакын жайгаштырып, ага илгенде кийим да бат кургайт, бөлмөңүздө да нымдуулук сакталат. Эң негизгиси, кийимдерде жуучу каражаттардын калдыктары калбаш керек. Болбосо химия менен дем алган болосуз.  

• Үйдөгү ваннага сууну канча бир деңгээлде толтуруп, ваннанын эшигин ачып коюу кажет. Буу башка бөлмөлөргө да тарап, абаны нымдаштырат.

• Мискейдеги сууга эвкалипт дарагынын майынан бир нече тамчы кошуп, сууну жай отто кайнатыңыз. Мында эфир майынын жагымдуу жыты нервди тынчтандырат, ал эми буусу абаны нымдаштырып тим болбостон микробдорду өлтүрүп, сасык тумоонун алдын алат.

• Бөлмө гүлдөрүн өстүрүңүз. Гүлдөр абаны нымдаштыргандан сырткары тазалайт, дезинфекциялайт. Айрыкча фатсия, циперус, фикус, гибискус гүлдөрү жакшы нымдуулук берет.

• Эмеректердин бетин ным чүпүрөк менен сүртүп, полду жууп турууну унутпаңыз.    

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1241, 2-8-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан