Баткендин кулуну Досбай Сапаров учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында жашайт. Медициналык клиникада гематолог-онколог болуп иштөөдө. Жөнөкөй айылдан чыккан кыргыздын уулу кантип алыскы Америкада ийгилик багындырды? Алдыда кандай максаттары бар? Кыргызстанга кайткысы келеби? Ушул жана башка суроолорго төмөндөгү маекте жооп берди.
– Саламатсызбы, Досбай мырза? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Саламатчылык! Баткендин Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылында туулгам. Кийин үй-бүлөбүз менен Бишкек шаарына көчүп келип, 5-класстан тартып №32 мектепте окудум. Мектепти бүткөндөн кийин жалпы республикалык тест тапшырып, бирок жетиштүү упай ала албай калдым. Ошого ал жылы Медициналык академияга тапшыра албай калып, даярдоо курсуна кирдим. Кийин медициналык академиянын дарылоо факультетине өтүп, окуп бүттүм.
– АКШга баруу максаты сизде качан жана кантип пайда болду?
– 2-курс кезимде 3-4-курстун студенттери англис тилинде жазылган китептерди окуп жүрүшчү. Көрсө, алар ал китептерди Америкадан билим алууну улантуу, ошол жакта врач болуп иштеп калуу максаты менен окушчу экен. “Ал жакта окуу үчүн англис тилин мыкты билиш керек” дешти. Англисче окуюн деп курска жазылып, бирок жаңылышып Elementary эмес, Beginner деңгээлиндеги тайпага кошулуп алыптырмын. Ал сабактардан пайда деле тапкан жокмун. Башкалар ага чейин 1-деңгээлди окугандыктан көп нерсени өздөштүрүп жатышты. Ошол себептүү курска барбай койдум да, англис тилин өз алдымча үйрөнө баштадым. Сабактарга даярданыш үчүн англис тилиндеги китептерди окууга өттүм. Ар бир сөздү которууга туура келди. Бир баракты которууга 1-2 саат убакыт короп жатты. Күнүгө 30-40 сөздөн жаттап турдум. Башында хирург болгум келчү. Бирок медицинаны тереңирээк окуп түшүнө баштагандан кийин мага онкология көбүрөөк жагып калды.
– Анан астейдил даярдана баштадыңыз?
– Ооба. Америкада врачтын ECFMG сертификатын алыш үчүн 3 этаптан турган USMLE сынагынан өтүш керек. Аталган сынактар 8-10 саатка созулат. Катталуу үчүн 1200-1300 доллар төлөө зарыл. Сынакты тапшырууга чет өлкөгө өз каражатың менен барасың. Анткени КМШ аймагында андай тесттерди тапшыруучу борборлор жок. Өткөндөн кийин Америкадагы клиникаларга резюмеңди жөнөтсөң болот. Мен 2-курста 1-этапка даярдана баштап, 2019-жылы Берлинде тапшырып өттүм. 2-этаптан өтүү үчүн Анкарага барып, 255 упай алдым. Бул – америкалык жана канадалык студенттердикине карагандаа 11 упайга көп дегендик. 3-этапта медициналык англис тилинен тесттен өтүү зарыл. Мен андан 2021-жылы Стамбулдан өтүп, ECFMG сертификатына ээ болдум. Анан АКШнын 100дөй клиникасына резюмемди жөнөттүм. 3 клиникадан чакыруу келди. 2023-жылдын мартында интервьюдан өтүп, резидентурага (ординатура) тапшырдым.
– Ошондо Кыргызстанда ЖОЖду аяктагандан кийин эле АКШга кеттиңизби же бул жакта иштегенсизби?
– Медакадемияны аяктаган соң 2 жыл үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, 1 жыл университетте англис тилинде фармакологиядан сабак берип иштедим. Ординатор кезимде эле америкалык бир клиника менен келишим түзүп, 2,5 жылдай аралыктан иштедим. Клиниканы тааныштар аркылуу интернеттен таптым. Статусум – координатор болчу. Ишим кечки саат 7лерде башталып, түнкү 2-3тө бүтчү. Мага төшөктө жатып дарыланууга муктаж бейтаптардын бир нечесин бөлүп беришкен. Мен көрсөтмө боюнча аларга убак-убагы менен телефон чалып, дарыларын ичип же ичпей жатканын, абалы кандай экенин сурап турчумун. Абалы начарласа, врачтын кабыл алуусуна жазылууну сунуштачумун. Биздин үстүбүздөн америкалык врачтар көзөмөл жүргүзүшчү. Минтип иштөөдөн мен америкалык клиниканын, врачтардын иштөө системин билдим.
– АКШга баргандан кийин кандай окуудан өттүңүз?
– АКШда гематолог-онколог болуу үчүн медициналык жогорку билимден тышкары, 3 жыл терапиялык оорулар, дагы 3 жыл гематолог-онколог адистиги боюнча билим алып, резидентурадан өтүшүң зарыл. Резидентура деген – бул биздеги ординатура. АКШда 6 жыл ушул резидентуралардан өттүм. Андан кийин сынак тапшырып, америкалык врач статусун алдым. Кыргызстанда онколог жана гематологдор өз-өзүнчө врачтар болсо, Америкада булар бир эле адис. Учурда One Brooklyn Health аттуу программа боюнча иштейм. Бул Нью-Йорктогу коммерциялык эмес медициналык систем, бир канча оорукана жана медициналык борборлорду өзүнө бириктирип турат. Memorial Sloan Kettering cancer center клиникасында кошумча билим алып ротациядан өтүп жатам. Аталган клиника рактын бардык түрүн дарылоо жана илимий изилдөө жүргүзүү багытындагы дүйнөдөгү №1 клиника деп эсептелет.
– Жакшы. Ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз.
– Мен Project IMG комитетинин мүчөсү болдум. Project IMG бул – эл аралык платформа жана медициналык жогорку окуу жайды бүтүп, АКШдан резидентурадан өтүп, иштеп, карьера кургусу келгендер үчүн комитет. Мага окшоп сырттан келгендерге колумдан келишинче жардам берем. Ошону менен катар онкология, гематология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөм. Ири илимий форумдарда ал изилдөөлөрүм боюнча презентация жасайм. Конференцияларга, ири долбоорлорго катышып келем.
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз учурда?
– Максатым – гематология, онкология жана илим изилдөө жаатында болушунча тажрыйба топтоо. Рак ооруларын айыктырууда колдонулуучу дары-дармектердин түрдүү этникалык топторго тийгизген таасирлерин изилдөө. Мен алган билимимди кыргызстандык жаш кесиптештерим менен бөлүшүп, аларга маалыматтарды издөөдө заманбап ыкмаларды колдонууну үйрөткүм келет. Ракты эрте аныктоочу скрининг программасын жайылтууга жардамдашып, онкологиялык оорулардан каза тапкандардын санынын азайышына салым кошсом дейм.
– АКШнын өзүндө онкологиялык илдеттер менен кантип күрөшөт экен?
– Онкологиялык скрининг деген бар. Бул рактын белгилери билине электе эле адамда андай дарт бар же жок экенин аныктоочу медициналык изилдөө. АКШда бардык аялдар 40ка чыкканда маммографиялык текшерүүдөн, 45 жашында аял-эркек дебей колоноскопиядан милдеттүү түрдө өтүшөт. Оору бар болсо, дарылоо менен өнүктүрбөй калууга болот. Бейтаптарды протокол менен дарылашат. Рак оорусуна шектелип келгендердин бүт анализдери дароо алынып, 2-3 апта өтпөй баары чыгып, комплекстүү дарылоо башталат. Ошондой эле АКШда бирөөдөн рак, мисалы, өпкө рагы аныкталса, Tumor Board деп коёт, онкологиялык консилиум болот. Ага онколог, хирург, рентгенолог, радиолог жана башка тиешелүү адистер катышып, дарылоо ыкмаларын кеңешишет. Мына ушундай консилиумдарды Кыргызстанга киргизүү кажет. Кыргызстандык гематолог, онколог врачтарды чет өлкөлөргө билимин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жиберип туруу зарыл. АКШда эл аралык конференцияларда жаңы изилдөөлөр жана анын жыйынтыктары маалымдалып турат. Мисалы, бир изилдөөдө жаңы дарынын таасири көбүрөөк экени так аныкталса, 2-3 апта өтпөй ошол дарыны чыгарып башташат. АКШ бул жаатта мыкты тажрыйбага ээ.
Канымжан Усупбекова