“Кыргыз кереметинин” мыкты эмгектеринин бири – “Бөрү зындан” тасмасы. Аны кинорежиссёр Болот Шамшиев тартып, ошол учурдун атактууларын бир аянтка чогулткан. Тасмада көтөрүлгөн идея азыркы заманда да актуалдуулугун жоготпой келет.
Тасма тууралуу
Чыккан жылы - 1983-жыл
Режиссёру - Болот Шамшиев
Сценарийин жазгандар – Болот Шамшиев жана Эркен Абишев
Жанры - криминалдык драма
Оператору - Манас Мусаев
Бакшы ролдордо – Талгат Нигматулин (Самат Ахмедов), Кененбай Кожабеков (Муса, Бабахан), Айтурган Темирова (Гүлсара), Сүймөнкул Чокморов
Кыскача мазмуну
Тасмада жетим өскөн Самат аттуу жигиттин тагдыры баяндалат. Анын балалыгы оор өтөт. Атасы эрте каза болуп, апасы балдарына тийиштүү кам көрө албайт. Самат эжеси Мариям менен интернатта чоңоюп, жаштайынан эле турмуш аны өз алдынча болууга мажбурлайт. Бир күнү Самат интернаттан качып, Фрунзеге келет. Дал ушул жерде анын тагдырын түп-тамырынан өзгөртө турган адам — Муса Шарипов менен жолугат. Майып, бирок кадыр-барктуу Муса аксакалдын кол алдында чоңоюп, ага жардам берип жүрөт. Бирок Муса абышка чындыгында көмүскө криминалдык дүйнөнүн башчысы – кылмышкер Бабахан болуп чыгат. Ал Саматты өзүнүн кылмыштуу иштерине аралаштырып, баалуу буюмдарды, алтын жана асыл терилерди ташыган курьер катары колдонот. Самат өзү байкабай кылмыштуу “бөрү зынданына” түшүп калганын кеч түшүнүп, андан чыгуу жолун издей баштайт. Саматтын жашоосунда Ажар аттуу аял да бар. Ажар – анын кылмыш дүйнөсүнөн башка жашоого болгон байланышын билдирген каармандардын бири. Акыры Бабахандын бети ачылып, Самат бөрү зындандан алыстайт.
Тасманын актуалдуулугу
“Бөрү зындан” – режиссёр Болот Шамшиев тарткан эки сериялуу криминалдык драма. Тасма 1983-жылы тартылып, “Кыргызфильм” студиясы тарабынан экранга чыгарылган. Болот Шамшиев кыргыз киносунда көнүмүш эмес кадамга барып, криминалдык драма жараткан. Сценарийди режиссёр казакстандык киносценарист Эркен Абишев менен бирге чыныгы окуялардын негизинде жазган.
Тасманын өзгөчөлүгү – советтик коомдо ачык айтыла бербеген баңгилик, уюшкан кылмыштуулук, адамдын моралдык бузулушу жана кылмыш дүйнөсүнүн күч алышы сыяктуу маселелерди көтөргөн. Шамшиев бул тасмада ойдон чыгарылган кылмыш окуясын гана көрсөтүүнү максат кылган эмес. Тасмада СССРде күч алып бара жаткан апийим соодасы жана баңгилик менен байланышкан кылмыштуу топтор көрсөтүлгөн. Режиссёрдун айтымында, “Бөрү зындан” анын буга чейинки “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасы менен байланыштуу. Бул эки тасма аркылуу Ысык-Көл аймагында XIX кылымдын 1860-жылдарынан 1973-жылга чейинки мезгилде апийим өстүрүлүшүнүн коомго тийгизген кесепеттерин көрсөтүүгө аракет кылган.
Эмнеге “Бөрү зындан”?
Тасманын аталышы өзү эле көп нерсени айтып турат. Бөрү – коркунучтун, жырткычтыктын символу. Зындан – адам оңою менен чыга албаган камак. Ушул эки түшүнүк бириккенде кылмыш дүйнөсүнүн табиятын элестетет. Адам ал дүйнөгө бир кадам менен кирбейт. Адегенде майда компромисс. Андан кийин дагы бир кадам. Анан кайра чыгууга мүмкүн болбой калган чек. Саматтын трагедиясы да ушунда экенин режиссёр экран аркылуу баяндап берген.
Талгат Нигматулин өзүн ролго сунуштаган. Тасмада кыргыз жана советтик кинонун бир топ белгилүү актёрлору чогулган. Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова, Мурат Мамбетов жана башкалар тартылган. Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип ушул ролду аткарууга өзүн сунуштаган. “Бөрү зындан” жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген. “Бөрү зындан” фильминдеги ролу Сүймөнкул Чокморовдун киного акыркы тартылышы болуп калды. Белгилүү актёр тасмада милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн.
Режиссёр тирүү кезинде тасманын тартылышын минтип эскерген: “Тасманын тартылышына СССРдин кино комитети каршы чыккан. Анткени мындай кооз өлкөдө наркотрафик жана кылмыштуулук болушу мүмкүн эмес деген иллюзияга алданган түшүнүк болгон. Бирок Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен фильмди тартып, жарыкка чыгарууга уруксат берилген”.
Тасма тууралуу кызыктар
Тасманын сюжети бир эле жылды камтыбайт.
Негизги окуя Фрунзеде 1965-жылы болсо да, сценарий кылмыштуу дүйнөнүн тарыхын мурдагы мезгилдерге чейин алып барат. Ошондуктан фильмдин ичинде бир нече доордун тарыхы камтылат.
Кененбай Кожабековдун (Бабахан) тасмадагы майыптыгы чындык болгон. Кызыгы, актёр өзү да 1960-жылдардын аягындагы кылмышкерлер менен болгон окуядан кийин майып болуп, арабага отуруп калган. Башкача айтканда, анын экрандагы кыймылсыз абалы жасалма эмес.
Бир эпизоддо чыныгы акча колдонулган
Сценарий боюнча, кылмышкерлердин бири акчаны арыкка ыргытышы керек болгон. Жасалма купюраларды сууга салууга мүмкүн болбогондуктан, тартуу учурунда чыныгы акча колдонулган. Аны милиция кайтарып турган. Ар бир дубль бүткөндөн кийин акча кайрадан суудан чыгарылып, кургатылып, кийинки тартууга пайдаланылган.
Шамшиевдин кичинекей уулу тасмада ойногон
Режиссёрдун уулу Чыңгыз Шамшиев ал кезде болгону төрт жашта эле. Ал тасмада Бектурду ойногон.
Тасма кыргыз киносунун жылдыздарын чогулткан: Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Айтурган Темирова, Кененбай Кожабеков, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Сабира Күмүшалиева жана башка белгилүү актёрлор тартылган.
“Композ” Мурат Мамбетовго атактуулук алып келген. Мурат Мамбетовду көрүүчүлөр дал ушул тасмадагы Композдун образы аркылуу өзгөчө жакшы таанып калышкан.
Советтик прокатта чоң аудитория топтогон
“Бөрү зындан” 1984-жылы прокатка чыгып, советтик прокаттын жыйынтыгында 16-орунду ээлеген. Болжол менен 21,4 миллион көрүүчү көргөн жана чоң киреше тапкан тасма болгон. 1984-жылы өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда Болот Шамшиев “Бөрү зындан” тасмасы үчүн диплом жана уюштуруу комитетинин байгеси менен сыйланган.
Кимдер кантип эскерген?
Режиссёр Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев тасмага болгону 4 жашында тартылган. Ал Самат менен Ажардын уулу Бектурдун ролун ойногон. Анын эсинде эң көп калган нерсе — бир эле эпизодду кайра-кайра тартканы. Бир короого кирип-чыгып баскан көрүнүштү 40 жолу кайталашкан. Кичинекей бала аябай чарчап, буту баспай калса да, атасына айтуудан коркконун эскергени бар.
“Бөрү зындандагы” Композдун ролун аткарган Мурат Мамбетов Талгат Нигматулин менен иштешкен күндөрүн өзгөчө эмоция менен эскерет. Мамбетовдун айтымында, Нигматулин анын аткаруусун мактаганда, жаш актёр өзүн абдан бактылуу сезген. “Учуп кете жаздагам” деп эскергени бар. Кийин Мамбетов Шамшиевдин режиссёрдук мүнөзү тууралуу да айтып берген. “Шамшиев тасманы тартууга чейин аны өзүнүн оюнда толугу менен даярдап алчу. Ошондуктан актёрлордун “бул жерин өзүмчө ойноп коёюн” дегенине көп көнө берчү эмес. Ар бир кыймыл, кадр, майда деталь алдын ала ойлонулчу” деген ал.
Айтурган Темирова “Бөрү зынданда” Ажардын ролун аткарган. Кийин берген маегинде тасмадагы бир кызыктуу учурду эскерген. Анын айтымында, айрым жайкы көрүнүштөр кышында тартылып калган. Тартуу башталганда Талгат Нигматулин сүкүт кылып отуруп калган учурлар болгон. Айтурган Темирова болсо жеңил кийимчен суукта аны күтүп турганын айтып, ошол учурга ачууланганын эскерген.
Оператор Манас Мусаев Болот Шамшиев менен көп жылдар бою чыгармачылык өнөктөш болгон. Манас Мусаевдин эскерүүсүндө “Бөрү зынданга” чейин эпизоддук ролдордо гана көрүнүп жүргөн Орозбек Кутманалиев Шамшиевдин тасмасынан кийин башка республикалардан чакырууларды ала баштаганы айтылат. Ошондой эле “Бөрү зындандагы” Саматтын ролун аткарган Талгат Нигматулин 1985-жылы, тасма экранга чыккандан көп өтпөй, 36 жашында каза болгонун эскерген.
Нуржамал Жийдебаева