Чон Хо Ён учурда дүйнөдөгү мыкты делген ТОП-50 супермоделдердин тизмесине кирет. Аны бир көргөн адам бир топко эстеп калат, ошондой өзгөчө келбетке ээ экенин белгилешет сулууну жанынан көргөндөр. Азия сулуулугун дүйнөгө таанытып жүргөн Хо Ён актриса катары да таанымал. Популярдуу “Кальмар оюну” сериалында Кан Сэ Бёк деген 067 номердеги оюнчунун ролун аткарган. Кызыктуу адамдын өмүр таржымалы кандай экенине биз да кызыктык.
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1994-жыл, 23-июнь
Жылдыз белгиси: бөйөн
Бою: 176 сантиметр
Тартылган тасмалары: “Кальмар оюну”, “Бардык кокустуктар кокусунан эмес”, “Үмүт”
Башаты
Корей улуттук ашканасына басым жасаган Gukbap аттуу ресторан бар Сеулда. Супермоделдин ата-энеси дал ошол ресторанды иштеткен бизнесмендер. Эки кыз, эки уулду тарбиялашкан. Балдарынын арасынан эң кичүү кызы дүйнөгө таанымал адам болорун ким билиптир.
Хо Ён кичинесинен өжөр кыз эле. Башкаларчылап келечекте ким болорун жүз өзгөрткөн өспүрүм болгон жок. Башынан эле модель болом дечү, болду. Карьерасын 16 жашында баштаган, ал убакта өзүнүн агенти же таанышы жок мезгил. Кыз Сеулда өтө турган мода жумалыгына катышууга анкета таштап кеткен. Кастингге чакырылып, ошол жерден өзү интернеттен үйрөнгөн боюнча подиумдан басып көргөн. Оттой кызыл өңдөгү чачы, өткүр көз карашы, өзүнө болгон ишеними фешн-индустриянын өкүлдөрүнө жагып, кыз кастингден өтүп кеткен. Мода жумалыгынан кийин Esteem Models агенттиги Хо Ён менен иштешүү келишимин түзгөн.
Эл аралык арена
Эл аралык деңгээлдеги подиумга 2016-жылы чыкты. Болгондо да Louis Vuitton’дун эксклюзивдүү көргөзмөсүндө баскан. Мындан кийин модель дүйнөлүк дизайнерлердин музасына айланган, Марк Жейкобс, Шанель, Fendi, Max Mara, Dolce & Gabbana, Burberry, Версаче жана башка мода үйлөрүнүн кийимдерин кийип чыккан. Жүзү Vogue жана Harper's Bazaar сыяктуу журналдардын башкы бетин кооздогон. Европадагы бул белгилүүлүгү өз мекенине анча жетпегендей эле. Мекендештери аны көп тааный беришчү эмес. Андыктан “Корейче топ модель” белгилүү сынагына катышкан. 4-сезондо эки аптадан кийин гана сынактан чыгып калган, өжөр кыз 5-сезонго да катышып, ал жактан финалга чыккан үчилтиктин арасына кирген.
Кино
Киного аралашуу каалоосу канчалык экенин ким билсин, бирок Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгынан аны көргөн Saram Entertainment кино агенттиги иштешүү сунушун киргизип, эки тарап келишим түзгөн. Кинодогу дебюту “күчтүү” болду. 2021-жылы режиссёр Хван Дон Хёк кино дүйнөсүн бир силкип алган “Кальмар оюну” сериалын тартты. Анда модель Түндүк Кореядан качып келген турмушу оор Кан Сэ Бёк деген 067 номердеги оюнчунун ролун аткарды. Образы көрүүчүлөргө жагып, сериал чыккандан 2 аптанын ичинде инстаграм баракчасына 14 миллиондон ашык катталуучу катталып, 2021-жылдагы инстаграмдагы эң популярдуу актриса аталган.
“Кинодо тажрыйбам жок болгонго тартуу мезгили мен үчүн оор өттү. Кээде режиссёрдун менден эмне каалап жатканын түшүнө албай кыйналдым. Каарманымдын абалын түшүнүү үчүн эмне кылуу керек деп көп ойлондум. Акыры күндөлүк алып, ойлорумду кагаз бетине жаза баштадым. Моделдик кесибимдеги кыйын учурларды эстедим, жалгыздык адамга кандай оор болорун, жардам берчү адамың жок болгондогу кыйынчылыктарды эстедим, менин апам туткунда калса эмне кылмакмын дедим. Ошондо гана кинодогу каарманымды түшүнө баштадым окшойт”,- дейт кино дебюту тууралуу.
2024-жылы Чон Хо Ёндун катышуусундагы дагы бир “Бардык кокустуктар кокусунан эмес” (АКШ) тасмасы, 2026-жылы “Үмүт” тасмасы көрүүчүгө тартууланды.
Музыка
Өзү тар чөйрөдө эле ырдабаса, көпчүлүккө ырчы катары чыга элек. Анын үстүнө өзүнө карата талабы күчтүү адам. Жасаган ишин кайра карап, талдап, кемчилик издемей адаты бар. “Кальмар оюну” сериалын көргөндөн кийин да “бул жери окшошпой калыптыр” деп өзүнө ыраазы болбой калган жайы бар. Музыкада да ошондой талаптардан улам ырдабайт. Бирок бир нече белгилүү ырчынын музыкалык клиптерине модель катары тартылган.
Анан да музыка чөйрөсүнөн жакын курбусу бар. Ал – «Blackpink» тобунун ырчысы Женни. Женни курбусу киного аралашканына катуу сүйүнүп, колдоп турган.
Жеке жашоосу
“Кальмар оюну” чыккандан кийин актрисанын жеке жашоосуна кызыгуу күчөгөн. Акыры анын актёр Ли Дон Хви менен кыз-жигит экени маалым болгон. Актёрду болсо 2015-2016-жылдары хит болгон “1988ге жооп” сериалынан тааныйбыз. Ли Дон Хви менен Чон Хо Ён узак эле убакыттан кийин, тагыраагы, 2016-2024-жылдар аралыгына чейин бирге болуп, анан эки ажырым жолго түшкөнүн жарыялашкан. Андан бери моделдин жашоосунда романтикалык мамилелер тууралуу расмий маалымат чыга элек.
Асыл Орозбекова