КОЙ
(21.03–20.04)
Кой жылдызындагыларды бейпил, тынч апта күтөт. Жан дүйнөңүздү кыйнаганга себеп жок болот. Жакындарыңызга бир аз жумшак, ийилчээк болуңуз, ошондо түшүнбөстүктөр жаралбайт. Жумушта жетекчилик менен кайым айтышууга тыюу салынат, жеңиш сиз тарапта болбойт. Аптанын экинчи жарымында көптөн бери эңсеп жүргөн кийим же буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Бойдокторду интернеттен жаңы таанышуулар күтөт, байкап, баам салып көрүңүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жашооңузга өзгөртүү киргизе турган чечимдерди кабыл алышыңыз мүмкүн. Бойдоктор турмуш жолуна аттанып, жалгыз башын эки кылышы күтүлөт. Аптанын ортосунда капчыгыңызга акча түшөт. Аптада көп маалымат угасыз, бирок анын жарымынан көбү жалган болушу мүмкүн. Фактыларды тактап туруп чечим кабыл алуу туура. Бизнес менен алектенгендердин иши жаңы масштабга көтөрүлүп, шаар аралык же чет өлкөлүк келишимдер түзүлүүсү мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Эгиздер үчүн эң ийгиликтүү жана тынч күн – дүйшөмбү дешет жылдыздар. Аптанын калган күндөрү буту-бутуңузга тийбей жүрүп кантип убакыт өткөнүн байкабай каласыз. Бул күндөрү тактыкты талап кылган олуттуу чечимдерди кабыл албай турган оң. Билим жаатында чет өлкөдөн окуйм дегендердин тилеги ишке ашат. Жеке жашоодо сүйүү мамилесине жаңычылдык киргизүүгө, жакшы маанай тартуулоого аракет кылыңыз. Жан дүйнөгө тынчтык тартуулоо үчүн жалгыздыкта сейилдөө жардам берет.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Максаты, кыялы сиз менен шайкеш келген адамдар менен баарлашуу сизге болуп көрбөгөндөй энергия тартуулайт. Эксперимент жасоодон коркпоңуз: келбетке өзгөртүү киргизүү, ашканадагы жаңычылдык, жумушта креативдүү идеялар... Баары ишке ашат. Адамдарды бириктирген сапатыңыз иштейт бул аптада. Жүрөгү бош бөйөндөр бул күндөрү түгөйүн таппаса да, жакшы адам менен достошуусу ыктымал. Дем алыш күндөрү чоң жана шайыр компанияда убакыт өткөрөсүз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Тынчтыктын, ички трансформациянын убактысы. Мурдагы, азыркы, кийинки жашооңузду таразага салып, өзгөртүүлөрдү киргизесиз. Жумушта дайыма лидер болгондон чарчап, баарын бирөөгө тапшырып басып кеткеңиз келет. Мунун баары чарчагандыктан улам, сизге тынч жайда 1-2 күн болсо да эс алуу жетпей турат. Финансы жаатында эч кимге ишенбеңиз же шек жараткан чакырыктарга берилип акча коротпоңуз. Дем алышта уйку, музыка, таза абада сейилдөө сунушталат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкеч жылдызындагылар үчүн жеңиш жаратуунун убактысы. Колуңузга эмне албаңыз жеңил жана ийгиликтүү бүтөт. Бул убакыттан пайдаланып иштеп калыңыз, анан деп жата берүүнүн пайдасы тийбейт. Лидер болуңуз, демилгечи болуңуз. Махабат айдыңында да жылдызыңыз жанат, көпчүлүктүн көзүнө түшөсүз, түгөй табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ден соолук жаатында тамакты мүнөздөп жеш керек, антпесе ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы ыктымал.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Материалдык пайдубалды бекемдөөгө убакыт келди. Киреше-чыгашаларды жазып, баарын анализдеп чыгыңыз. Өзгөртүү киргизип, жумуш которуп, жаңы иш баштап, кошумча пайда булагын таап деген сыяктуу иштерди колго алган оң. Жеке жашоодо туруктуулук орун алат, тынчыңызды алган маселе жаралбайт. Маанайыңызды көтөргөн кабар угасыз аптанын экинчи жарымында. Апта соңу жакшы саамалык менен жакындар чогулуп сапарга чыгууңуз мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндарды абдан активдүү, таанып-билүүчүлүк апта күтөт. Бир нече жолугушуулар орун алат. Жаңы маалыматтарды угасыз. Ал маалыматтарды бөлүшүү үчүн кайра достор менен жолугушуу уюштурушуңуз мүмкүн. Бирөөнү бал тилге салып көндүрө турган сапатыңыз алдынкы планга чыгып, бул сапатыңызга өзүңүз да таң каласыз. Жеке жашоодо бойдоктор өзүнө интеллектуалдык жактан туура келген адам таппай кыйналышы мүмкүн. Жумушта шылдың же келеке сөздөргө жол бербеңиз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Айланаңызга жылуулуктун, ыңгайлуулуктун атмосферасын түзгүңүз келет. Бойдоктор токтолуп, үй-бүлө куруу тууралуу ойлоно башташы мүмкүн. Финансы жаатында чогулткан акчаңызга ири буюм же кыймылсыз мүлк сатып алуу кыялыңызга жетүүгө аз убакыт калды. Жумушта өзүнүн жүгүн сизге арткысы келгендер чыгат, кошумча жумуштан баш тартыңыз. Боорукерлигиңизди баарына эле колдоно берүүнүн кереги жок. Маанайыңыз үйдөгү “аба ырайынан” көз каранды болот.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Текечерлерди жагымдуу, эргүү берген апта күтүп турат. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен “бал айы” фазасына кирүүңүз мүмкүн. Мамилелер жаңы жана бекем деңгээлге көтөрүлөт. Бойдокторго сүйгүлө, сүйгөндөн коркпогула, сезимиңерди көрсөткүлө деп кеңеш беришет жылдыздар. Кол өнөрчүлүк, ашпозчулук менен алектенгендердин убактысы болот. Чөнтөгүңүзгө кошумча пайда түшүүсү күтүлөт. Кубануу, позитивдүү маанай – сизге күч берген энергиянын булагы болмокчу.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумушта сөз менен эмес, иш менен кесипкөйлүгүңүздү далилдөөңүз керек болот. Негизи эле бул аптада жумушту да, жашоону да иретке салышыңыз керек болот. Ден соолукка да көңүл буруп, тамак рационуна көңүл буруңуз. Иммунитетти бекемдебесеңиз, бат-баттан тумоолой бересиз. Бойдоктор өзүнө жакшы кам көргөн адамдарга тартылышы мүмкүн. Ири суммадагы сатып алуулардан кача туруңуз. Жумуштан сый акы алууңуз мүмкүн. Апта соңун үйдө тынч атмосферада өткөрөсүз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Өнөктөштүктүн убактысы. Жалгыз эмес, бирөө жарым менен кошо жасаган ишиңиз алдыга жылып, жемиштүү болмокчу. Туугандардын жакшылыгына чакыруу аласыз. Бирөө менен сүйлөшкөндө өзүңүздүн эле маселени айта бербей, каршыңыздагы адамды да уга билиңиз. Каржылык абалыңыз туруктуу бойдон сакталат. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө жылуу сөз айтып, көңүл бурууну унутпаңыз. Апта соңу мал чарбачылыгы менен алек болууңуз мүмкүн.