Азыр бактылуу жашоонун көпчүлүккө белгилүү атайын тизмеси бардай. Саякаттоо, акыркы үлгүдөгү телефон көтөрүү, комфорт зонадан чыгуу, тобокелчил болуу, кымбат машина айдоо, курстарга катышуу, коуч, психологдор менен иштешүү... Айтор, мындай бактылуу жашоо үчүн керектүү тизмедеги каалоолордун саны көп. Заманбап жашоо агымы бул тизмени бактылуу жашоонун формуласы катары көпчүлүккө сиңирип бараткандай. А бирок ушул тизмедегилерди жасагандан ыраазы болбосо, өзүн бактылуу сезбесе, эргүү албаса эмне болот?
Башкалардын каалоосу меники болушу керекпи?
Азыр адамга өзүн-өзү өнүктүрүүнүн жолу арбын, күнүгө жаңы ыкмалар, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Социалдык тармактардан ар кайсы психолог, коуч, тренер, врач, диетолог, нутрициолог, айтор, адамдарга акыл айтып, канткенде кыйын болуп кетерин “так” билгендер көп. Кооз өлкөлөргө саякаттоо, күнүгө өзгөргөн мода дүйнөсү, кымбат телефондун мүмкүнчүлүктөрү, жаңы кызыгууларды көрсөткөн интернет бул көрүнүштөрдү жакшы жашоонун модели катары тараткандай. Бардыгы ошол үлгү менен жашаш керек дегендей түшүнүк жаралат. Ал эми ошол жашоого умтулбагандар бул дүйнөдөн артта калгандай, көпчүлүктөн өгөйлөнгөндөй сезиши мүмкүн. Андыктан өзү каалабаса да башкалардын агымына түшүүгө аргасыз.
Каалоолордун антитизмеси
Азыр социалдык тармакта жогорудагы “бактылуу жашоо тизмесине” каршы чыгып, “каалоолордун антитизмесин” түзүү трендге айланды. Эгер биринчи тизмеде адам көпчүлүк түзгөн жакшы жашоого керектүү нерселерди жасап үлгүргөнгө аракет кылса, экинчи тизмедегилер ошол биринчи тизмедеги каалоолордун жакпаганын өз жашоосунан чийип чыгарып салууга аракет кылышат. Мисалы:
Чет өлкөгө саякаттоо
Чет өлкөгө чыгып келүү көпчүлүктүн кыялы, жакшы жашоонун, кругозорду кеңейтүүнүн, эл-жер көрүүдөн эргүү алып келүүнүн белгиси.
Ошол эле учурда чет өлкөгө такыр чыккысы келбегендер да бар. Ага өз жеринде жүрүү жагат, өзүнүн чарбасынан, талаа-түздөн, тоолордон, шар аккан суудан эле эргүү алып алат. Мындай адамды өсүүгө, жакшы жашоого умтулууга аракет кылбайт деп күнөөлөө туура эмес.
Шаан-шөкөт, кезигишүүлөр
Көп тааныш күтүү, коомдук иш-чараларга активдүү катышуу, шаан-шөкөттү жакшы көрүү, кафе-ресторандарга барып туруу... Бул да азыркы жашоонун алмашкыс бир бөлүгү.
Бирок... көпчүлүктүн арасында болууну жактырбаган адамдар да бар экенин унутпайлы. Аларды эч жакка чыкпайт, демек, жакшы жашоону билбейт деген туура эмес. Болгону ал адам өзүнө ыңгайлуу жашоону тандады деш керек.
Унаа
Чынында эле унаа алуу, унаа айдоону билүү да жакшы жашоону билдирет. Унааң болсо престиж, статустан сырткары убактың үнөмдөлөт, ыңгайлуу да болот.
Бирок кыялын машина менен байланыштырбаган адамдар да бар. Балким, ага коомдук транспортто эле жүргөн жагат. Балким, ал унаа айдагандан коркот же айдагысы келбейт. Демек, элге жагыш үчүн “сөзсүз унаа алышым керек” деген каалоону чийип салганга эмнеге болбосун.
Кымбат телефон
Айфон. Өзгөчө жаштардын кыялы, максаты. Албетте, айфон көтөргөндөн бактылуу болуп жатсаң, ал телефон жашооңо жакшы өзгөрүүлөрдү киргизсе, акча тапканга жардам берип жатса, пайдалуу болсо маселе жок. Кымбат телефон алганга каражатың жетип жатса да суроо жок.
Бирок... Интернет желесинде “андроид көтөргөн адам менен мамиле курат белең?” деген суракта жаштардын көбүнүн “жок, Кудай сактасын” деген жообун угуп чочуйсуң. Коомдук жайларда арзан телефон көтөргөндөрдү карап мыйыгынан жылмайгандар, шылдыңдагандар да бар. Мына ушундай адамдар акыл-кампасын кеңейтиши, жакшылап билим алышы зарыл.
Кымбат буюм – бул адамдын ким экенин көргөзчү курал эмес. Сизге арзан болсо да андроид телефон көтөргөн жагабы, уялбай эле көтөрүңүз. Жумушуңузга, жашооңузга ыңгайсыздык же кемчилик жаратпайбы, көтөрүңүз. Эгер финансылык сабаттуулукту эске алган болсок, кымбат телефон көтөргөндөргө караганда сиз акылдуу кадам жасап жаткан болосуз.
Арык болгум келет
Көпчүлүк айымдардын дагы бир кыялы – арык болуу. Арык келбет адамды жаш, сулуу көрсөтөт. Ден соолукка да пайда. Арык болуп жүргөндөр бактылуудай сезилет. Бул кыялдын эч кандай зыяны жок. Бирок...
Өмүр бою диета кармап, жеген тамагынан дайыма шек санап, калория эсептеп, тамактан ырахат албай жашагысы келбегендер да бар. “Урдум сени диета” дегендерди “сен туура эмес жашап жатасың” деп күнөөлөгөн туура эмес. “Сен семизсиң” деп шылдыңдаган да туура эмес, балким, анын ден соолугу арыктаганга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыр. Балким, ага толук болуу жагаттыр, балким, ал өмүр бою диета кармагандан тажагандыр.
Курстарга баруу, окуу
Кимдин-кимдин заманы – коучтардын заманы болуп калды. Түрдүү багытта, түрдүү жанрда сабак өтүп, билим берип, бир нерсеге үйрөтүп жаткандар көп. Алардан үйрөнгүсү келгендер да арбын. Албетте, жаңы нерсе үйрөнүү эч качан зыянын бербейт. Негизгиси ошол үйрөтүп жаткан адам чындап билимдүүбү, чындап туура нерсени үйрөтүп жатабы ошол негизги суроо.
Ошол эле учурда интернеттеги коучтардан, психологдордон билим алгысы келбеген адамдар да бар. Андайларды "өнүккүсү келбегендердин” катарына кошуу туура эмес. Балким, ага башка булактардан алган билими жететтир, курстарга ишеними жоктур, балким, жөн гана окугусу келбейттир.
Ыңгайлуу зонадан чыгуу
Бир нерсеге жетүү үчүн көнүп калган жериңден козголуу керек, тобокелчи болушуң керек, коркпоо керек. Ошондо жакшы жашоого жетесиң! Ооба, бул сөздөрдүн канча бир деңгээлде чындыгы бар. Аракет кылмайынча колуңа эч нерсе бекер эле түшүп калбайт.
Бирок ыңгайлуу зонаны жетишкендик менен алмаштырбоо зарыл. Эгер кайсы бир коркунуч башкалар менен мамиле курууга, кайсы бир планды ишке ашырууга, пайдасы жок жумушту алмаштырууга тоскоол болуп жатса, анда бул ыңгайлуу зонадан аракет кылып чыгуу зарыл.
Ал эми азыркы жашоо образы адамга эч кандай ыңгайсыздык жаратпаса, жашоосуна терс таасирин тийгизбесе, тобокелчиликке барып бир нерсе өзгөрткүсү келбесе, бул каалоону коррекциялоонун кажети жок.
Эмнеге өзүңдүн каалооңду айтуу кыйын?
Канчалык эркин адаммын дегенибиз менен, коомдун ичинде жашап жаткандан кийин көп нерсе айланадагылардан көз каранды, жалгыз өзүбүздөн эмес. Андыктан кааласак да, каалабасак да, “эл эмне дейт?” деген рамканы канча бир пайызда карманабыз. Ошондуктан өзүбүздүн чыныгы каалоону айткандан коркуп, уялып же тартынабыз да, көпчүлүктүн каалоолор тизмесин туура деп чыгабыз. Коом чектөөлөргө караганда кубаттоо, умтулууну жакшы көрөт. Андыктан кайсы бир бийиктикти багынткысы келгендер жакшы адам, ал эми бийиктиги жок эле өз жашоосу менен жашагысы келгендер амбициясы жок адам болуп калышы мүмкүн.
Окурман, сизде каалоолордун антитизмеси барбы? Болсо, бөлүшүңүз.
Асыл Орозбекова