Нурайым Бактияр кызы кыргыздын жаш төкмөлөрүнүн дүбүртү. Айтышта аты чыгып эл оозуна алынып калды. Төкмөлүк ага эмне берди? Эл алдында эркин сүйлөгөн акын кыз жеке жашоосунда сүйүүгө, сүйүлүүгө даярбы? Бул жолу төкмө кыз менен айтыш өнөрү, атаандаштык, жеке жашоосу тууралуу маектештик.
– Кандайсыз, Нурайым? Жаңы эле Ташкенттен келгениңизди айттыңыз, ал жакка бир иш-чарага бардыңызбы?
– Жакшы, рахмат. Иш-чарага эмес, эс алып келдик. Улуттук “Манас” театрында иштейт эмесминби, ал жактан эс алууга мүмкүнчүлүк болуп калып барып келдик.
– Студентмин деп калдыңыз, төкмөлүккө да диплом керекпи?
– Кээ бир адамга сөзүң, кээсине үнүң, кээсине харизмаң жагат. Окуп жаткандагы максатым – үнүмдү таптоо болду. Мектепти бүткөндө эле чыгармачыл чөйрөгө туш келүүнү самап, ушул тармакта окугум келген. Бирок ата-энем “өнөрүң өз жолу менен кете берет, аны окуунун кереги жок. Сен кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим бол” дешкен. Ош шаарында окуп, Бишкекке келип магистратураны бүтүрдүм. Анан жаш кездеги кыялымды ишке ашырайын деп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук Маданият Искусство университетинин элдик музыка жана фольклор бөлүмүндө 3-курста окуп жатам. Азыр үнүм калыпка түшүп калды, “комузга үнүң төп келип калды” деп баа берип жатышат.
– “Ата-энем кыз кишиге мугалимдик жарашат деди” деп калдыңыз. Аял кишиге төкмөлүк өнөр жарашпайбы?
– Акындык – бул Кудайдан келген чоң белек деп билем. Мисалы, врач же мугалимдин окуусун окусаң, ал кесипке ээ болосуң. Ал эми төкмөлүк эч жерде окутулбайт, шыгың болсо акын болосуң. Артыкчылыгы – мен ошол Кудайдан келген шыкты эмгек жана тырышчаактык менен таза сактап алып кеткеним. Кемчилиги – аялдын баары бир үйдө болгону дурус дейбиз да. Акын аял бир колу менен бешик терметет, бир колу менен өнөрүн алып кетет дегендей.
– Азыркы төкмөлөргө кандай баа бересиз? Коомчулукта “айтыштын деңгээли түшүп кетти, төкмөлөр шоуга ыктап кетишти” деген сөздөр бар...
– Биринчиден, элдин айтып жатканы деле туура. Өзүмдүн мисалымда айтып жатам. Акыркы күндөрү изденбей жүрөм, качан айтыш болордо гана даярданып, маалымат чогултуп калам. Мурда “элге ушуну айтышым керек экен” деп ички даярдык менен жүрчүмүн. Окуп, иштеп, убакыт тартыштыгынан уламбы, акыркы убактарда жалкоо болуп жатканымды моюнга алам. Экинчиден, азыр уңгулуу, бийик сөздү сүйлөсөк же орчундуу кепти айтсак, элге кызыксыз болууда. Так ошол шоу сыяктуу болгон айтыштар, майда-барат каткырык-күлкүнү жараткан нерселер азыркылардын талабы. Тарыхты айтсаң, каада-наркты айтсаң, угарман зеригип кетиши мүмкүн. Акындар деле элдин талабын, эмне каалап жатканын көкүрөгү менен сезип турушат. Сиз айткандай, шоу элге өткөнү үчүн төкмөлөр да ошондой жеңил жакка кетип калууда деп ойлойм. Изденип жаткан, айтып жаткан, тереңге сүңгүп элдин көйгөйүн айткан акындар да бар. Канчалык деңгээлде эл аларды угуп жатат, белгисиз. Дагы бир маселе бар, эл төкмөлөрлү Элмирбек устатым, Аалы, Жеңишбек агалардын айтышканын элестетип, азыркылардан да ошону талап кылып жатышы мүмкүн. Биздин муундан да ошондой дөө-шаалар чыгат деп ойлойм, бирок ошого өсүп жетилишибиз керек. Ага бир аз убакыт керек.
– Жалпысынан төкмө акындардын финансылык абалы кандай? Мисалы, сиздики...
– Ар түрдүү. Өзүмдү айтсам, жатаканада жашайм, коомдук унаада жүрөм. Ашык деле дүйнө топтой элекмин, ал деле максат эмес. Тойлор да болот, маяна бар. Жалпы акындарды айтсак, тиричилиги тыңдары бар. Акындыкка кошумча дыйканчылык кылып же таксиде иштегендери деле бар. Кээде аларга зээним кейийт, “аттиң, ушул адам айтыш менен гана убара болгондо эмне” деп. Негизи акындар жөнөкөй, карапайым келишет, алар жашоодо карманган баалуулуктар да өзгөчө.
– Айтыштарда атаандаштарыңыз “турмушка чык, токол кылып алайын” деп тийишип калышат. Катуу тийбейби?
– Айтыштагы кыздардын көбүнө эле бул тема чаптала берет (күлүп). Экинчиден, быйыл Алыкулдун ак боз атчан курагы, 30 жашка чыккан турам.
– 30 жаш кандай экен?..
– Аркага саресеп салып калат экенсиң. Эмнеге жетиштим, кандай жашадым, эмнени кыйраттым деген ойлор келет экен. Үч диплом алдым, Казакстандан, Өзбекстандан элимдин атынан ат салышып жеңген убактарым болду. “Көрсө, мен деле жөн жүрбөптүрмүн” деп калам (күлүп). Бирок өзүмдү 30 жаштай кабыл ала элекмин, өзүмдөн он жаш кичүүлөр менен окуйм. Алар кызыккан нерселерге кызыгып, аралашып, күлүп-жайнап жүрө берем. Дагы бир өзгөрүү – акын кыз ушундай гана болуш керек деген рамкадан бир аз чыга баштадым. Өзүм каалаган нерселерди жасап көрүп, социалдык тармактарга да адаттан тыш нерселерди жүктөй коюп жүрөм. “Акын деген нарктуу, токтоо болушу керек” деп өзүмдөгү жаштыктын кайнап турган демин басып салчу экенмин. Мен “кызга кырк үйдөн тыюу” деген катуураак тартипте чоңойдум да. Эми бир аз өзүмө эркиндик бенип жатат окшойм.
– Жеңиш, сыйлык, акча канчалык маанилүү төкмө акын үчүн?
– Мен жеңиштен мурда элдин оозунда эки сап ырым калса ошого сүйүнөм. “Ушундай сонун төктү” деген сөз мага жеңиштен алда канча чоң бакыт тартуулайт. “Жакшы айтыш болду” деген сөз маанилүү, далбастап жеңсем деген деле ой көп болбойт. Жеңилсем күлүп гана коём, “эмкиде жакшы айтышам” деп (күлүп).
– Чоң сүйүүгө жолуккансызбы?
– Кызык суроо экен. Устатым “Сүйүү – Кудайлык маселе” деген экен. Менде сүйүү сезимдери болгон, чоңбу же кичине беле, билбейм. Бирок эмнегедир ичимде бир үн “мындан да күчтүүсү болот” дегендей сезим берет. Тилегим – ошол чоң сүйүү болочоктогу жолдошума, балдарымдын болочок атасына арналса экен дейм. Көп жигиттер даай албайт деп да ойлойм, акындын сүрү болот эмеспи.
– Мүнөзүңүздү кандай сүрөттөйт элеңиз?
– Шайырмын. Аны да комментарийлерде “эмне эле жалжактайт?” деп сындап кеткендер бар. Табиятым ушундай, шаңдуу жүргөндү жакшы көрөм. Сыртымдан күчтүү, сүрдүү көрүнгөнүм менен, ичимде назик аялзаты жашайт.
– Айтыштан кийин сизди кандай ойлор курчайт адатта?
– Көп учурда бактылуулукту сезем. Айтыштардан кийин жеңилдөө, өзүмө болгон сый, сыймык, тынчтык жан дүйнөмдү ээлеп алат. Чарчап, бирок бакыттан улам жүзүмдү жылмаюу уялайт.
Нуржамал Жийдебаева