Жыл жаңыргандан бери “дүйнөнүн согуш оту өчпөгөн аймагы” атыккан Жакынкы Чыгышта абал өтө коркунучтуу. Тунистен башталган ажолорду бийликтен аңтарып түшмөй өзүнчө жугуштуу вируска айланды. Бул өнөкөт оору Египетти жеңип, Ливияны жарандык согушка бөлөсө, бүгүн Бахрейнди кучактап отурат. Кезекте эми ким турат?
ТУНИС
Аянты – 163 610 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 10,5 миллионго чукул
Башкаруу түрү – Президенттик
Президенттин милдетин аткаруучу – 2011-жылдын 15-январынан бери Фуад Мебаза
2011-жылдын 14-январында калктын каршы чыгуу акцияларынан улам 74 жаштагы Тунистин экс-президенти Зин эль-Абидин Бен Али өлкөсүнөн качып чыгып, Сауд Арабиядан баш паанек тапкан. Ал 1987-жылдан бери өлкөнү башкарып келип, бийлигин парламенттин спикерине тапшырып кеткен. Президенттигинин акыркы сааттарында өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизип, өкмөттү таратып, мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоону жарыялоого жетишкен.
ЕГИПЕТ
Аянты – 1 001 570 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 80 миллион
Башкаруу түрү – Президенттик-парламенттик
Өкмөт башчы – Эссам Шараф
2011-жылдын 25-январынан башталган массалык элдик толкундоо жарандык көтөрүлүшкө айланган. Анда экс-президент Хосни Мубарактын тарапташтары менен оппозиция кагылышкан. Мындан улам 11-февралда Хосни Мубарак бийликтен кетүүгө мажбур болуп, президенттик бийлигин Жогорку аскердик кеңешке өткөрүп берди.
ОМАН
Аянты – 309 500 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 3,5 миллионго чукул
Башкаруу түрү – Абсолюттук монархия
Султан – Кабус бен Саид
Бул өлкө да демонстрациялардан куру калбады. Бирок нааразычылыктан чочулаган бийлик жооптуу иш-чараларды аткарууда. Өкмөт мамлекеттин эсебинен 50 миң киши жумушка алынарын жана жумушсуздарга ай сайын 390 доллар жөлөк пул берилерине сөз берди.
ЛИВИЯ
Аянты – 1 759 540 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 6,5 миллионго чукул
Башкаруу түрү – Учурда жарандык согуш жүрүп жаткандыгы үчүн белгисиз
Триполи шаарындагы өкмөттүн башчысы – Муаммар Каддафи
Бенгази шаарындагы Улуттук өткөөл кеңештин жетекчиси – Мустафа Абдель Жалил
Быйылкы жылдын башынан бери элдик толкундоолор күчөп, учурда өлкө эки аймакка (чыгыш жана батыш) бөлүнгөн. 15-февралда бийлик менен оппозициянын тиреши чегине жетип, бири-бирине ок чыгара баштады. Бүгүнкү күнгө чейин каза болгондордун саны өсүүдө.
БАХРЕЙН
Аянты – 750 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 800 миңге чукул
Башкаруу түрү – Конституциялык монархия
Падыша – Хамад аль-Халифа
Өкмөт башчы – Халифа аль-Халифа
2011-жылдын 14-февралынан массалык элдик толкундоолор башталды. Буга Тунис менен Египеттеги революция түрткү болгон. 17-март күнү Бахрейндин падышасы өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, борбор шаар Манамага коңшу араб өлкөлөрдүн армиясы кирди. Учурда оппозиция өкүлдөрү менен армия бири-бири менен күрөшүүдө.
ЙЕМЕН
Аянты – 527 970 чарчы чакырым
Дини – Ислам
Калкы – 24,5 миллион
Башкаруу түрү – Президенттик
Президент – Али Абдулла Салех
16-мартта Йеменде болуп өткөн каршылык акциясында 100дөн ашуун адам жаракат алды. Алар 32 жылдан бери башкарып келген президентти бийлигинен кетирүүнү талап кылышууда. Бул аралыкта президент түрдүү уруулардын колдоосунан ажырап жатат. Президенттин мөөнөтү 2013-жылы аяктайт жана ал өзү ошол учурда тактан кетерин айткан.
РЕВОЛЮЦИЯ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?
Араб дүйнөсүндөгү революциялардын толкуну басаңдабай, тескерисинче, от алып кетсе, анын жыйынтыгы эмне болот? Буга карата түрдүү адистердин жана серепчилердин пикирине назар салып көрөлү.
Биринчиден, дүйнөлүк экономика аксайт. Анткени бул аймактагы өлкөлөрдө дүйнөлүк нефть запасынын үчтөн бири жайгашкан. Эгерде жарандык согуш жана көтөрүлүш сыяктуу окуялар улана берсе, дүйнөдө нефтинин баасы кымбаттап кетиши толук мүмкүн. Эскерте кетсек, 1973-жылы Перс булуңу аркылуу нефть ташуу токтоп калгандан кийин күйүүчү майдын баасы төрт эсеге көтөрүлгөн.
Экинчиден, туруксуздук абалы күчөйт. Сауд Арабияны тегеректеген Египет, Иордания, Ирак, Иран, Бахрейн, Оман жана Йеменде өкмөткө каршы чыгуулар болуп өттү. Кезек эми Сауд Арабияга келгендей кыр көрсөткөнү менен, азырынча бул өлкөдө абал тынч.
Үчүнчүдөн, диний өкүлдөрдүн ортосундагы кагылышуу. Алсак, Египетте христиан менен мусулмандардын ортосундагы жаңжал ырбап, ажырым чоңоюуда. Ал эми Ливиянын лидери Муаммар Каддафи: «Эгерде батыш басып кире турган болсо, террорчул “Аль-Каида” тобуна кайрылам»,- деп коркутууга да өттү.
Андыктан араб дүйнөсүндөгү кризистин канчага уланарын жана кандай зыян алып келерин мезгил өзү көрсөтөт.
Эльвира Караева
koom@super.kg
ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯ КҮНҮ ДЕП КАЙСЫ ДАТАНЫ ЭСЕПТЕЙСИЗ?
Азимбек Бекназаров,
саясатчы:
– Мен 24-мартты да, 7-апрелди да революция күнү деп эсептейм. Себеби экөөнү тең эл жасады. Эл менен кошо мен дагы болдум. Элдин эмгеги болгондон кийин мен үчүн экөө бирдей мааниге ээ. Тиги күн же бул күн деп бөлө албайм.
Элла Акулова,
продюсер:
– 7-апрелди айтар элем. Себеби жакырчылыктан кыйналган элдин талаптары аткарылбай, экинчи жолу бийлик алмашып, кан төгүү менен аяктаган. Азыркы бийлик элибиздин жашоо-турмушуна көңүл бөлүп иштесе, мындай окуялар кайталанбайт деп ишенем.
Съездбек Абдыраманов,
айдоочу:
– 24-мартта бийлик кан төгүүсүз алмашкан эле. Ал эми 7-апрелде канчалаган адамдарыбыз көз жумду. Ошондуктан бул датаны майрам катары эмес, кийинкилерге сабак болсун үчүн аза күтүү күнү катары кабыл алсак туура деп эсептейм.
Жылдыз Акматова,
мугалим:
– Бул эки датаны тең акыйкаттык үчүн күрөшкөн күн десем жаңылбайм. Революция күнү деп 7-апрелди белгилесек туура го. Анткени канчалаган мекендештерибиздин каны төгүлдү. Бул күндү аза күтүү күнү деп киргизишибиз керек.
Майрамбек Акылбек уулу,
студент:
– Экөөндө тең революциялык жол аркылуу бийлик алмашкан күн болуп тарыхта калды. Бирок 7-апрелде адамдардын курман болгондугуна байланыштуу ушул күндү аза күтүү катары белгилесек туура болот деген ойдомун.
Инаяткан Байбосунова,
пенсионер:
– 7-апрелди революция күнү деп эсептейм. Анткени канчалаган жаш балдардын өмүрү кыйылды. Учурдагы бийлик берген анттарын унутпай коррупцияга бөгөт коюп, эл үчүн таза иштесин. Экинчи мындай кандуу окуялар кайталанбасын.
Салибай Мырзакулов,
сатуучу:
– 7-апрель. Кыйналган турмуштун айынан митингге чыккан элдин канчасы курман болду. Ошондуктан жетиси аза күтүү күнү катары кабыл алынышы керек. Эми жаңы өкмөт элге кызмат кылып, жакшы иштесин.
Кубаныч Сыдыков