Биз социалдык тармакта

СПИКЕР МАМАТАЛИЕВ МУРДАГЫ ДЕПУТАТТАРГА НААРАЗЫ

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында спикер Марлен Маматалиев парламентти сындаган мурунку депутаттарды “чала саясатчылар” деп атады.                 

– “Парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген айрым саясатчыларга айтарым, ошондой сөздөрдөн алыс болсоңуздар. Мен ошентип сүйлөгөн чала саясатчыларды карап көрдүм. “Өмүрүндө Кыргызстанга беш жакшылык кылганбы?” деп өзүмө суроо берип, жообун таба албай койдум. Өздөрү убагында кыйраткан эмес, анан шайлоонун алдында капталдан чыгып акыл үйрөтүшөт,- деди Маматалиев.

Төрага парламентти аша чаап сындагандарга чара көрүлөрүн кошумчалады.                                    

– Соцтармактарда көп отургандар тарабынан парламентке сындар айтылып жатат. Биз эл өкүлү болгондуктан, албетте, ар бир сынды туура кабыл алабыз. Бирок ар-намыска шек келтирип, аша чаппагыла,- деди спикер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан