Орусияда кара тумоо (чума) оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги 4-октябрда билдиргендей, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Кырдаал Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө.
– Санитардык-карантиндик пункттар, мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле жугуштуу оорулардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт,- деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 2-октябрда Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы кыз кара тумоодон каза болгону расмий маалымдалды. Өзгөчө коркунучтуу инфекция аныкталгандан кийин медициналык мекемеде бир нече бөлүмдөрдө бейтаптарды кабыл алуу токтотулуп, стационар карантинге жабылды.