Камбар-Ата-2 ГЭСинде пландуу оңдоо жана диагностикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсы маалымдады. Кышка даярдык иштери жабдуулардын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган. Учурда төмөнкү иштер аткарылып жатканы айтылды: Аталган ГЭСте ГA-1 гидроагрегатында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, Т-1 күч трансформатору оңдоодон өткөрүлүүдө, 110 киловольттук ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн жабдууларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, В-1 суу өткөргүчүнүн компенсаторунун тыгыздоочу манжетасы орнотулууда, “ЭКРА” ишканасы подряддык уюму менен биргеликте Г-1 гидроагрегатынын “ЭКРА” коргоо жана автоматика терминалдарына диагностика жүргүзүлүүдө.