Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

 

Ошентип Илим апасын тапты. Аны баккан апасы да колдоду. Мен мунун баарына күбө болдум, жүрөгүм толкундоодон дүкүлдөдү, кубаныч көз жаштары акты. Бирок менин ролум ушул жерден бүтүшү керек эле. Илимдин сынган канаты бүтөлдү. Мен муну чын жүрөгүмдөн каалагам. Анткени Илим өмүр бою издеп келген адамын акыры тапты. Эми анын үй-бүлөсү бар. Аялы бар, жакында балалуу болот. Ал кечинде үйүнө кайтканда аны күтүп турган адамдар бар. Балдары болсо, алардын күлкүсү үйдүн ичин жылуулукка толтуруп турат. Эң укмуш кадрлар көз алдыма келди. Болгону мен ошол үйдүн сыртында калдым. Башында муну кабыл алуу оор болду. Өзүмдү кайра-кайра күнөөлөдүм.

“Эмне үчүн аны сүйүп калдым?” деп сурадым өзүмдөн. Бирок жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң. Мен Илимди анын аялы бар экенин билбей сүйгөн жокмун. Билип туруп сүйдүм. Ошондуктан бул сүйүү мага кубанычтан да көбүрөөк кайгы алып келди.

Эми эмне кылуу керек? Мен анын үй-бүлөсүн бузгум келбейт. Анын балдарынын көзүнө карап туруп “атаңарды мен сүйөм” дегим келбейт. Бир аялдын бактысын өз бактым үчүн талкалагым жок. Бирок... Ичимдеги бурганак бороонду да баса албай жаттым. Бул жерде дагы бир нерсе бар эле, такыр эле баш көтөртпөгөн дагы бир факт бар болчу. Илимдин мени дагы деле сүйөрүн сезчү элем. Анын көз карашынан, үнүнөн, мени менен сүйлөшүп жатып мээримдүү көз карашы алдастап кеткенинен билем. Кээде экөөбүз унчукпай калганда да баары түшүнүктүү болуп калат. Ошол, эң оор ушул. Эгер ал мени сүйбөсө, кетүү оңой болмок. Эгер мен аны сүйбөсөм, баары эчак бүтмөк. Бирок экөөбүз тең сезип турабыз. Сезип туруп, унчукпай жашап жатабыз. Кыйкырып бири-бирибиздин кучагыбызга боюбузду таштап ыйлап алсак эмне, ээ? Андай эрк жок бизде. Түтөп турган отундай болуп быкшып турганыбыз турган. Басып кеткенге да, калганга да ал жок, ошол туманда тура бермей. Балким, такыр бири-бирибиздин жашообуздан чыгып кеткенге караганда ушинтип быкшып тура берген жакшыдай сезилет. Анткени мен аны жөн гана сүйүп калган жокмун. Мен аны түшүндүм. Анын жалгыздыгын көрдүм, ичимдеги менин жалгыздыгымды ал көрдү. Жараларыбызды таңганды, кабыл алганды үйрөндүк. Апасын издеп кыйналганын, ичиндеги жараларын билдим. Ошондуктан аны таштап кетүү да оңой эмес. Бирок сүйүү дайыма эле жанында калуу эмес. Кээде сүйүү – өзүң каалаган адамдын жашоосун бузбай, өз жүрөгүңдү оорутуп туруп артка чегинүү керек. Ошондуктан акырын алыстай баштадым. Ага билдирбей. Өзүмдү да кыйнабай. Күн сайын бир аздан.

Балким, бир күнү Илим менин жоктугума көнүп кетер. Балким, мен да көнүп кетермин. Балким, убакыт экөөбүздүн ортобуздагы бул оор сезимди акырын басаңдатар. Балким, ыктымал, мүмкүн... Эң сүйбөгөн сөздөрүм! Мен тактыкты жакшы көрөм, бир нерсени так билем: мен аны сүйгөнүм үчүн эч качан өкүнбөйм. Кээ бир адамдар бири-бирин чын жүрөктөн сүйүп калышат. Бирок бири-бирине таандык боло алышпайт. Илим экөөбүз да ошондой болуп калдык. Ал менин жүрөгүмдө калды. Бирок жашоомдо калбашы керек эле. Мен Илимден качып баштадым.

Аны көрбөй калсам, жүрөгүм тынчып калчудай сезилди. Көчөдө анын машинасына окшош машинаны көрсөм, башымды буруп кетчүмүн. Бирок Илим мени коё берген жок. Кайда барсам да, мени издеп тапчу. Көчөдөн, кофейнядан, университеттен...

– Тамчы...

Анын үнүн уккан сайын аракетимдин баары текке кеткендей азап башталат.

– Издебе!- дедим бир күнү.

Ал унчукпай мени карап турду. Мен көзүмдү ала качтым.

– Сен менин эмнеден качып жатканымды билбейсиң.

– Билем.

– Жок, билбейсиң! Мен сенден эмес, өзүмдөн качып жатам, Илим. Сенин жаныңда турсам, баарын унутуп коём. Сенин үй-бүлөң бар экенин, менин бул жашоодо сенин жаныңда орунум жок экенин, баарын.

Ал бир кадам жакындады. Мен артка чегиндим.

– Жакындаба!- деп үнүм титиреп кетти.

Ал токтоду. Бир азга экөөбүздүн ортобузда жымжырттык турду.

– Мен сени кармап калайын деп издеп жаткан жокмун,- деди ал акырын. – Болгону сенин менден качып, жалгыз кыйналып жүргөнүңө чыдай албай жатам.

Мен күлүп жибердим. Бирок көзүмө жаш толуп турду.

– А сенин оюңча, сен мени издей берген сайын жеңил болуп жатабы?

– Жок.

– Анда токтот.

Ал көпкө чейин унчукпай турду.

– Токтотсом, сени чындап жоготуп коём деп корком.

Ошол күндөн кийин дагы качтым. Илим дагы издей берди. Бир күнү батиримде жалгыз отургам. Чогуу жашаган кыздар жок эле бактыга жараша. Бир кезде эшик катуу кагылды. Чочуп эшикти ачсам, Илимдин аялы турган экен. Бир ирмемге тиктешип туруп калдык. Мен аны көргөндө эле бул жөнөкөй сүйлөшүү болбой турганын түшүндүм. Төрөшүнө жакын калганбы же мага ошондой көрүндүбү? Анын томпоюп турган ичинен көзүмдү ала качтым. Төрөлө элек баланын алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. Ал мени башымдан аягыма чейин карап чыкты. Көз карашында ушунчалык текебердик бар эле, балким, мындай болбогондо мен да жумшактык кылмакмын.

– Демек, сенсиңби?- деди ал тикчийип.

– Менмин.

– Илимдин башын айлантып жүргөн сенсиң?

– Мен эч кимдин башын айланткан жокмун.

Арина мыскылдап күлүп алды.

– Ой, койчу! Мага периште болуп көрүнбө. Сен анын жанында жүргөндөн бери эмнелер да болгон жок. Кайдагы селсаяк болгон энесин таап алыптыр. Ал – профессордун баласы! Ушунун баарын сен кылдың.

– Илимди багып алганын Гүлай апа сизге айткан.

– Оозуңду жап!

Мен селт эттим.

– Мени менен мындай сүйлөшпөңүз.

– Сени менен кандай сүйлөшөрүмдү сен чечпейсиң! Сен менин күйөөмө аралашкан күндөн баштап, менин чыдамымдын чегин сынап келатасың! Өзүңө окшогон селсаяктарды топтоп, башын айлантып күйөөмдүн...

– Чыгып кетиңиз. Мен жалгыз эмесмин. Кыздар келет азыр...

– Кетпейм, сен шуркуясың!

– Ошол шуркуя Илимди сүйөт. Илим да аны сүйөт.

Арина бир саамга катып калды. Тилимди тиштеп калдым, эмнеге бул сөздөрдү айттым деп өкүнүп кеттим. Бирок оозумдан чыгып кетти.

– Ошол сөзүңдү дагы бир жолу айтчы.

Арина көзүнөн аккан жашты колу менен аарчый берди.

– Анда сен анын сүйүүсүнө ишенип, менин баламдын атасын тартып алганы турасыңбы?

– Мен эч кимди тартып алган жокмун. Мен тагдырымдан качкан бир бечарамын. Эмне кыларымды билбеген бир байкушмун.

Арина мени бир топко тиктеп турду да, үнү акырындай берди. Шалдырай үн катты.

– Мен аны бир жолу жоготуп алгам. Урушуп кеттик, сенден кызгандым. Ал кетип калды. Бир жолу анын кетип каларын күтүп отургам. Телефонго чалсам жооп берген эмес. Түнү бою эшикти карап отургам. “Эми келбейт” деп ойлогом. Ошол түнү мен өзүмө бир нерсе убада бергем. Эгер Илим кайра кайтып келсе, аны эч качан коё бербейм деп.

– Ал кайтып келгенби?

– Ооба, бирок сен анын жашоосуна кайра кирдиң. Апаңды таап берем деп шылтоо кылдың, кайра баштапкы абалына түшүп калды. Ага күчтүү эмоциялардын кереги жок. Мен аны кайра жоготуудан корком! Түшүндүңбү?! Мен бул баланы жалгыз төрөп калуудан корком. Балам атасын сүрөттөн гана таанып калышынан корком.

Көзүнөн жаш агып кетти. Бирок ал дароо аны сүртүп, кайра баягы катуу Аринага айланды.

– Ошондуктан мен сени аябайм. Арина эшикке бет алды. Бирок кетерде кайра бурулду. “Илимден алыс бол” деди. Мен эшиктин жабылган үнүн угуп туруп калдым. Ошол учурда мен кетишим керек экенин түшүндүм.

ххх

Тамчы жок болуп кеткенин Илим биринчи күнү эле сезди. Телефонуна кайра-кайра чалды. Жооп жок.

– Тамчы, тутканы ал,- деп жатты ал коркуп. Дагы чалды. Өчүк. Экинчи күн. Үчүнчү күн. Илим чыдабай Тамчы жашаган жерге барды. Чогуу жашаган кыздан  сурады.

– Тамчы үйдө жокпу?

– Жок. Бир нече күн болду, бир жакка кеткен окшойт. Бизге да айткан жок.

Илимдин жүрөгү түштү.

– Кайда кеткенин билбейсизби?

– Билбейм.

Ал кайра машинасына отурду. Телефонун колунан түшүрбөй көпкө отурду. Тамчынын номерин кайра терди. Өчүк.

– Эмнеге качып жатасың? Ушинтип жазалап жатасыңбы?

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан