А, С витаминин жана фолий кычкылын курамында көп өлчөмдө камтыган кызылчаны менюңузга арбын колдонуп туруңуз. Ал кочкул кызыл өңү менен эле эмнеге көмөкчү экенин кабарлап турат, тактап айтканда, кан тамыр, жүрөк, боор сыяктуу органдарга пайдасын тийгизип, кан менен байланышкан ооруларда күрөшчү. Мындай пайдасы миң кызылчадан даамдуу, конокко да коюуга мүмкүн болгон кандай даамдарды жасаса болот? Төмөндө сиз менен бөлүштүк.
КЫЗЫЛЧА МЕНЕН АПЕЛЬСИНДЕН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар
(4 порция үчүн):
Кызылча – 300 грамм
Быштактуу сыр – 150 грамм
Апельсин – 300 грамм
Руккола же шпинат – 2-3 боо
Соусу үчүн:
Зайтун майы – 50 миллилитр
Алма уксусу – 15 миллилитр
Бал – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Биринчи ыкмасы:
Кызылчаны сууда жакшы жумшарганча бышырабыз. Кабыгын аарчып-тазалаган соң жука тегерек кесимдерге бөлөбүз. Кесимге быштактуу сырдан тегиз сыгып, кайра кийинкисин коюу керек. Ушундай жол менен 3-4 кат тизебиз. Быштактуу сыр кызгылтым түскө келсин десеңиз, кызылча менен быштактуу сырды 1-2 саат мурун тизип алуу кажет. Курч бычак менен үч бурчтук формада кесилет.
2. Апельсинди бөлүкчөлөрүнө жараша бөлүп, сырткы чел кабыгын сыйрып салабыз.
3. Соуска керектүү азыктарды бириктирип, бир массага келгенче аралаштырабыз.
4. Руккола же шпинатты таза жууп-кургатып, соустун жарымын куюп аралаштырып, тарелкага салабыз. Булардын үстүнө кызылча-сыр кесими менен апельсинди салып, үстүнө алып койгон соустан куюп дасторконго коёбуз.
1. Экинчи ыкмасы:
Бышкан кызылчаны орточо өлчөмдөгү кесимдерге кесип алабыз. Ал эми апельсин бөлүктөрүн экиге бөлөбүз. Жогорудагыдай эле тарелкага салынган ашкөктөрдүн үстүнө аралата тизип, быштактуу сырдан кашыктын башы менен алып ар кай жерине салабыз. Соустун калганын жана кедр жаңгагын себелеп коёбуз.
Бул салат – тойлордо көп жасалып жаткан салаттардын бири.
КЫЗЫЛ РАВИОЛИ
Керектелүүчү азыктар
(2 порция үчүн):
Камыры үчүн:
Ун – 300 грамм
Жумуртканын сарысы – 2 даана
Кызылча – 200 грамм
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Сары май – 50 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Тимьян – 1 талча
Туз – татымына жараша
Толтурмасы үчүн:
Тооктун сан эти – 150 грамм
Каймактуу сыр – 80 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылча түсүн жоготпошу үчүн: 200 градуста ысып турган электр мешинде фольгага оролгон кызылчаны бир саатка коюп бышырабыз. Аны блендер менен боткодой эзебиз да, лимон ширесин кошобуз. Унга жумуртканын сарысын, туз жана эзилген кызылчаны кошуп камыр жууруйбуз. 15 мүнөт тыныктыруу керек.
2. Тоок этин туз салынган сууда бышырабыз да, майда туурайбыз. Ага каймактуу сырды кошкондо толтурмасы даяр болот.
3. Камырды чарчы формада орточо жукалыкта жаябыз. Жарымын кесип, жарымына аралык бергенче толтурмаларды бир чай кашыктан салабыз. Үстүнө камырдын жарымын жаап, толтурмаларды айланта чарчы кесип чыгуу кажет. Чекелерин жакшы бекитебиз.
4. Кайнап жаткан сууга туз татытып, равиолилерди 3-5 мүнөт кайнатып чыгарабыз. Ичиндеги толтурма чийки болбогондон кийин камырдын бышышын гана күтөбүз.
5. Көмөч казанга сары майды салып, ысыган кезде майдаланган сарымсак менен тимьянды кошуп, бир аз жытын чыгара аралаштырабыз. Үстүнө равиолини салып, эки бетине тең майды жеткире аралаштырып чыгарабыз.
Түсү да, даамы да өзгөчө тамак жакындарды кубантууга даяр!
КЫЗЫЛЧАДАН ПХАЛИ ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 350 грамм
Грек жаңгагы – 100 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Пияз – 1 баш
Кинза – 1 боо
Хмели-сунели – 1 чай кашык
Кориандр – 1 чай кашык
Корица жана ачуу кызыл калемпир – 1-2 чымчым
Өсүмдүк майы – 15 миллилитр
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Анар даны – 30 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны сууда бышырып, тазалайбыз. Бизге эт туурагыч же блендер керек. Алгач кызылчаны өткөрөбүз. Анын ашыкча ширесин сыгып салабыз.
2. Соңунан грек жаңгагы, кинза, пияз, сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
3. Бул азыктарга татымалдарды жана лимон ширеси менен өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз. Бир уучтан алып тоголоктоп, тарелкаларга салабыз. Үстүнө анар дандарынан 1 чай кашыктан салып, кинза жалбырагы менен кооздойбуз.
Асел Ишенбай кызы