Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 

Ал эми ошол ызы-чуунун ортосунда Самаган эч нерсе билбей жүргөн. Түнкү саат эки. Шаардын башка тарабындагы көчөдө катуу музыка жаңырып турду. Самаган мас болчу. Жашоонун эч бир көйгөйүн олуттуу кабыл албагансып күлүп, көчөнүн ортосунда достору менен кыйкырып жүрдү.

– Эй! Койгула дедим!

Ал бирөөнү түртүп жиберди. Полициянын сиренасы угулду. Самаган болсо мас абалында каткырып:

– Мени кармайсыңарбы?!- деп кыйкырды.

Ал агасынын ооруканада жатканын билген эмес. Анын телефонунда ондогон чалуу турган, бирок ал бирин да көргөн жок. Ошол эле учурда ооруканада Илим жалгыз отурду. Коридор бош. Түн. Терезеден шаар жаркырап көрүнүп турду. Бирок анын көзүнө ошол жарыктардын бири да көрүнбөдү. Ал уулунун жабык жаткан палатасынын эшигин тиктеп отуруп, акырын сүйлөй баштады.

– Бекзат, балам... Сен төрөлгөн күнү мен сени колума алганда... сен ушунчалык кичинекей элең. Мен сени көтөрүп алып “мен сени эч качан оорутпайм” деп өзүмө сөз берген элем.

Илимдин көзүнө жаш толду.

– Бирок жашоо деген эмне экенин кийин түшүндүм. Ата баласын бардык нерседен коргой албайт экен. Мен сени ачкачылыктан коргой алдым. Сууктан коргой алдым. Жаман адамдардан коргой алдым. Бирок... тагдырдан коргой алган жокмун.

Ал башын төмөн салды.

– Сен кичинекей кезиңде кулап кетсең, мен дароо көтөрүп алчумун. “Ата, ооруду” дечүсүң. Мен “кайсы жериң ооруду?” деп бүт денеңди карачумун. Сен “бул жерим...” деп тизеңди көрсөтчүсүң. Мен өөп, “эми оорубайт” дечүмүн.

Илим күлгөнгө аракет кылды. Бирок үнү ыйга айланды.

– Азыр сенин бүт денең ооруп жатат, уулум... Мен кайсы жериңди өөп сооротом?

Ал көз жашын алаканы менен сүрттү.

– Сен эч качан ыйлаганымды көргөн эмессиң. Мен сага дайыма күчтүү ата болуп көрүнгүм келчү. Сен мени бардык нерсенин чечимин билген адам деп ойлочусуң. Менин колумдан баары келет деп ишенчү элең.

Ал эшикке карады.

– Бирок азыр... мен ошол эшиктин алдында отуруп алып, биринчи жолу эч нерсе кыла албай жатам. Сага өзүмдүн күчүмдү бере албай турам. Өзүмдүн өмүрүмдү бөлүп бере албай, сенин ордуңа ооруй албай отурам.

Бир саамга үнсүз отурду. Андан кийин шыбырады:

– Билесиңби, Бекзат... Мен сенден көп нерсе талап кылдым. Ар дайым биринчи бол дедим. Ар дайым күчтүү бол дедим. Жыгылба дедим. Бирок бүгүн мен сенден эч нерсе талап кылбайм. Компанияны унут. Акчаны унут. Адамдарды унут. Эгер мени угуп жатсаң... Бир эле жолу көзүңдү ач. Болду. Мен сенден мындан ары эч нерсе талап кылбайм. Сен кайра баспасаң да болот. Сен кайра компанияга барбасаң да болот. Сен мурдагыдай “темир адам” болбой эле кой. Мага жөн гана... менин балам болуп кал.

Илимдин көз жашы бетинен ылдый агып жатты.

– Мен сенин атаңмын. Сага дүйнөнү бере албасам да... сенин жаныңда отура алам. Күнү-түнү. Керек болсо өмүрүмдүн калган бөлүгүн ушул эшиктин алдында өткөрөм. Бир гана... сен кайра мага “ата” деп айт.

Коридордо анын үнү гана калды. Ал эми палатанын ичинде аппараттын бир калыптагы үнү жаңырып жатты. Илим билген эмес... бир нече мүнөттөн кийин Бекзаттын манжасы акырын кыймылдай баштады. Муну эч ким көргөн жок. Азырынча...

xxx

Ошентип, Исаевдердин үй-бүлөсү үчүн сыноолор биринин артынан бири келе баштады. Бирок алардын эч кимиси бул бир гана кырсык эмес, алдыда келе жаткан чоң бороондун биринчи гана толкуну экенин билген жок. Бекзат реанимацияда жатты. Самаган болсо агасынын абалынан кабарсыз, полиция бөлүмүндө түндү өткөрүп жатат. Зейнеп ооруканада Бекзаттын эшигинен кетпей отурду. Илим болсо бир суткада эле карып кеткендей болду. Ал эми Исаевдердин холдинги акырындык менен артка кете баштады. Бир келишим үзүлдү. Андан кийин экинчиси, үчүнчүсү. Чет өлкөдөгү өнөктөштөрдүн бири акчасын кайтарып берүүнү талап кылды. Башка компания Исаевдер менен кызматташууну убактылуу токтотту. Бир кезде Бекзаттын аты айтылганда эшиктер ачылчу. Эми ошол эле эшиктер жабыла баштады. Бирок эң жаманы али алдыда болчу. Эртеси эртең менен Илимдин телефону шыңгырады.

– Илим мырза... Үн титиреп турган.

– Сүйлө.

– Бекзат мырзанын сейфинен бир документ табылды.

Илим кабагын түйдү.

– Кандай документ?

– Аны азыр айта албайбыз. Сиз өзүңүз келип көрүшүңүз керек.

– Эмне үчүн?

Аркы тараптагы киши бир азга унчукпай калды.

– Анткени документте Исаевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү бир сыр бар.

Илимдин жүрөгү бир жамандыкты сезгендей катуу согуп кетти. Ошол эле учурда Тинатин сарайда Бекзаттын бөлмөсүн карап туруп калды. Ал кечээ тапкан эски альбомун эстеди. Барактын арасындагы кат... “Эхх, ошол кыз...” Кайра-кайра анын көз алдына ошол сөздөр келе берди. Бирок ал каттын акыркы бетин көргөн эмес эле. Анткени акыркы барак башка бирөөнүн колуна түшүп калган болчу.

xxx

Шаардын чети. Кара түстөгү унаа акырын келип токтоду. Унаадан Марат түштү. Колунда эски сүрөт бар эле. Сүрөттө эки кичинекей кыз турчу. Бирөө – Тинатин, экинчиси – Айгүл. Марат сүрөткө карап:

– Демек, сен дагы ушул үйгө келдиң,- деп күбүрөндү.

Андан соң сүрөттү бүктөп, чөнтөгүнө салды.

– Эми оюн башталат.

Ошол учурда полиция бөлүмүндө Самаган уйкудан көзүн ачты. Башы катуу ооруп турган.

– Телефонумду бергиле.

Полиция кызматкери телефонун сунду. Экранды күйгүзгөндө ондогон билдирүү көрүндү. Самаган биринчи жаңылыкты ачты. “Бекзат Исаев оор абалда. Үй-бүлөсү ооруканада”. Анын жүзүндөгү жылуулук заматта өчтү.

– Жок!

Ал жаңылыкты кайра окуду. Андан кийин дагы бир жолу.

– Жок...

Колу титиреп кетти.

– Бул менин агамбы?

Ошол учурда Самаган биринчи жолу чындап коркту. Ал эми сыртта күн уясынан жаңы чыгып келе жаткан. Исаевдердин үй-бүлөсү үчүн жаңы күн башталды. Бирок ал күндөн кийин алардын жашоосунда эч нерсе мурдагыдай болбой турган. Анткени тагдыр алардын алдына сыноолорду бирден эмес, шурудай тизип жаткан.

xxx

Кечкисин хан сарайдын коридору адаттагыдан да жымжырт эле. Бекзат кырсыктагандан кийин үйдүн ичиндеги күлкү өчүп, ар бир кызматкер баскан кадамын да эсептеп калган. Тинатин колуна таза шейшептерди көтөрүп келе жаткан. Бурулуштан чыга бергенде алдынан Айгүл чыкты. Экөө тең токтоп калышты. Айгүл аны бир карап, муздак жылмайды.

– Сен бул үйдө эмнеге дагы эле жүрөсүң?

Тинатин кабагын бүркөдү.

– Кызматымды аткарып жүрөм.

– Мен кызмат жөнүндө сураган жокмун.

– Анда эмнени сурадың?

Айгүл ага жакындады.

– Бекзат менен болгон мамилеңди.

Тинатиндин жүрөгү сыгылды.

– Биздин мамилебиз сени кызыктырбашы керек.

– Тескерисинче, абдан кызыктырат.

Айгүлдүн үнү акырындап катууланды.

– Анткени мен бул үйгө Бекзаттын болочок жубайы катары келгенмин. Тинатин унчукпай калды.

– Ал эми сен?- деди Айгүл. – Кызматчысың!

Ошол сөз Тинатиндин жүрөгүн тилип өткөндөй болду. Ал башын көтөрдү.

– Ооба. Мен кызматчымын.

Ага бир кадам жакындады.

– Бирок мен эч качан Бекзаттын жашоосун сатып алууга аракет кылган эмесмин.

Айгүлдүн жүзү өзгөрдү.

– Эмне дегиң келип жатат?

– Сен өзүң билесиң.

– Мен Бекзатты сенден жакшы тааныйм!

Тинатин ачуу күлүп жиберди.

– Чын элеби?

– Ооба!

– Анда айтчы. Тинатиндин көздөрү жашка толсо да, үнү бекем чыкты.

– Ал эмнеден коркот?

Айгүл унчукпай калды.

– Кайсы учурда жалгыз калгысы келет?

Жооп жок.

– Ачууланганда эмне кылат?

Айгүлдүн эриндери кыймылдабай калды.

– Демек, сен аны тааныбайсың.

– Сен тааныйсыңбы?!

– Жок.

Тинатиндин үнү калтырап кетти.

– Мен да толук тааныбайм.

Ал бир аз токтоп:

– Бирок анын унчукпай калганын түшүнөм.

Айгүлдүн көздөрүнө жаш толду, бирок ачуусу күчтүү эле.

– Сен ага ашык болуп калдыңбы?

Тинатин селт этти. Коридордо жымжырттык орноду.

– Бул суроого жооп бербейм.

– Демек, ооба!

– Мен сенден уруксат сурап сүйүшүм керекпи?!

Айгүл ачууланып анын колундагы шейшептерди жерге ыргытып жиберди.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан