Биз социалдык тармакта

ЭМНЕНИ ОЙЛОСОҢ, ОШОНУ АЛАСЫҢ...

Кечинде чарчап жумушунан чыккан аял аялдамада бир топко автобус күтүп турат. Келбегенине ого бетер ачууланат. Аялдамада киши жыкжыйма, баары автобус күтүп жатышат. Бир маалда коомдук транспорт келет, анын да ичи толтура, дагы кошумча адамдар кирет. Баягы аял түртүшүп жатып кирип, терезени карап алып ойлонуп баратат:

- Эк, ушул автобуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн бети жок, дайыма түртүшөт, бутумду тебелеп кетишет, киши дайыма толтура, жол тыгын. Телефон менен катуу сүйлөшүп башымды оорутушат...

- Мм... Күйөөм мас болуп үйдө жатса керек. Иче берип жумушунан кууп жиберишет эми. Акмак десе, барганда катуу уруш баштабасам...

- Кызым менен балам мектептен келишсе керек. Дагы “2” алып жетип келишти да, мугалими жазып дагы тажатат тура. Мээлери жок болсо мен эмне кылмак элем?!

- Акча жетишсиз дайыма... Жанагы байлар кантип эле акча таап алышат билбейм, уурдашат эле болуш керек...

Аялдын ийининде отурган периште анын ойлорун дептерине жазып жатат:

1-автобуста түртүшөт, урушат, бут тебелейт...

2-күйөөм мас, урушам, жумушунан кууйт...

3-балдарым мектепте жаман окуйт, мээлери жок...

4-дайыма акча жетишсиз...

Периште жазгандарын бир сыйра окуп чыгып “кызык, булардын баарынын бул аялга эмне кереги бар?! Бирок айттыбы, биздин милдет – аткаруу!” деген экен... 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан