Биз социалдык тармакта

Асан Аманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "МАНАСТЫ" КЫЙМЫЛДАБАЙ АЙТ ДЕП КЫЙНАШТЫ, ОШОЛ ДА БОЛМОК БЕЛЕ..."

Кыргыздын тарыхын, рухун, бүтүндөй бир элдин дүйнө таанымын бир адамдын үнү менен дүйнөгө жеткирүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында "Манас" айтып, жүз миңдеген көрүүчүнүн жүрөгүн толкуткан актёр Асан Аманов агабызды кепке тарттык. “Бишкек Аренадагы” ошол көз ирмемдер, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

 

– Саламатсызбы, Асан ага? Көчмөндөр оюндарынын ачылышында "Манас" айтып дүйнөгө дүң болдуңуз. Бул образга кандайча тандалып калдыңыз?

– Саламатсыңар, ал иш мындай болду: Киного тартылып жүргөм, анан ошол "Манас" айтуу боюнча “келип бериңиз” деп чакырышты. Башында “ишим көп” деп айтып, кайра макул болгом. Ырас эле кылыптырмын. Бир ай даярдандык. "Манасты" башка бала айткан, үн башканыкы, мен образ жаратып бердим да. Ал бала Саякбай Каралаевдин вариантын айтыптыр. Ошондон улам эл ичинде талкуу болуп кетти да “ким айтты?” деп. Иш-чаранын режиссёру корей жигит экен. Ал болсо "Манас" айтканда кыймылдап, образга кирип айтыш керек экенин билбейт. Мага “отуруп эле айт, кыймылдабай” дейт. "Манас" ошентип айтылчу беле? Ал деген күпүлдөп, образга кирип айтылат да. Көз менен, кыймыл менен айтылат. Ал эми режиссёрдун жардамчысы казак жигити экен, ал сөз төркүнүн түшүндү. Камерага жакындатып тартканда оозум фонограммага туура келбей калбасын деп толук жаттап, анан образга кирип айттым. Мындай образды биринчи жолу аткардым, баары жакшы болду. Бир күндө дүйнөгө таанылып кетеримди билген эмесмин.

– Мурун "Манас" айткансызбы?

– Театрда Ошто иштеп жүргөндө көп эле жолу айткам. “Айчүрөк” спектаклинде айткам. Анда саптары көп болчу.

– “Бишкек Аренада” "Манас" айтканыңызга карата терс пикирлер да айтылып, таарындыңызбы?

– Эл ичинде көп пикир айтылат экен да. Искусствону эми баары эле түшүнө бербейт. Ошол түшүнбөгөндөр кеп кылып “оозу дал келбей калган, сөзүн жаттап албайбы” деп чыгышпадыбы. Ошончо мамлекеттин президенттери келип отурса, кантип сөзүн жаттабай чыкмак элем? Ошондо капа болдум. Ошол сынды айткан кишинин телевизору чатак же көзү чатак, же жан дүйнөсү чатак деп ойлодум. Ошончо киши мактап отурса, бир киши кылтыйып отуруп ошентип комментарий жазып жатат. Эми боло берет, “кой аксагы менен жүз” дегендей, бирин-экин боло берет.

– Өзүңүз менен сыймыктандыңыз болуш керек?

– Башында жактырбай жүргөм. Күндүз бош, түнкүсүн сахнадагы жарыктар менен иштеп даярдандык. Кээде таңга чейин иштеп жаттык, ошондо чарчадым. Кыйналганда “э, кошулбай эле койбой” дегенсип жаттым. Анткени алгач бий, аттар менен аткарылчу көрүнүштөр, анан гана мага кезек жетип жатты. Бирок баары бүткөндө, аны өз көзүм менен көргөндө аябай кубандым. Көзүмө жаш алдым, көрүүчүлөрдүн ыйлап жатканын көрүп элим менен сыймыктандым.

– Фонограмма эмес, "Манасты" өзүңүзгө айттырганда кандай болмок?

– Эми кандай чечилди, ал жагын билбейм. Бирок өзүм айтканда мага жеңил болмок, айтып жүргөм, айтып кете бермекмин.

– Эми сиздин чыгармачылыгыңыз тууралуу сүйлөшсөк. Азыркы тапта тасмаларга көп тартылып жатасыз, жаш кезиңизде эмнеге такыр тартылган эмессиз?

– Ал мындай болгон да. Мен театралдык окуу жайды бүтүрүп келгенимде Ош драма театрына кеттим. Анткени театр жетекчиси Искендер Рыскуловго сөз бергеним бар эле. Киного тартылбай калганымдын себеби – Бишкекте болбой калганым болду окшойт. Ал жакта 22 жыл иштедим, 2004-жылдан баштап тынбай киного тартылып келе жатам. Санасам, 77 тасмага тартылыптырмын, ичинде чоңу-кичинеси, арыгы-семизи бар. Азыр дагы алдыда үч тасма турат роль аткара турган. Курч кезде, жаш кезде тасмага тартылсам болмок, бирок ушуга деле ыраазымын. Баалап, сыйлап чакырып жатышат да.

– Эң биринчи тартылган тасмаңыз Нурбек Эгендин тасмасы болуш керек?

– Ооба, алгач Нурбек Эгендин тасмасына тартылгам. “Аталар керээзи” деген тасма болчу. Мени режиссёр бала алгачкы жолу Ошто иштеп жүргөндө көрүптүр, ал анда мектеп окуучусу экен. Насирдин Байтемировдун “Баланын бары да балээ, жогу да балээ” деген спектаклинде мен кемпирдин ролун ойногом. Ошондо ал бала ошол образымды жактырып, көзү түшүп калат. Кийин Москвадан режиссёрлукту окуп бүтүп келет, мени издейт. Мен ал убакта театрдан кетип, Чоң-Кеминде тиричилигимди кылып жүргөм. 15-20 күн издеп сураштырып отуруп мени таап келет. Айылдан келип сураса “ал тоодо жашайт” дешет. Эсимде, Мерседес минип алып тоого келген. Малдын кыгын чачып жүргөм, максатын айтып көндүрдү. Театрда иштегеним менен, киного алгач тартылып жатам да, кыйкырып сүйлөп баштасам Нурбек Эгендин боору эзилип калган. Кино башкача экенин айтып түшүндүргөн. Ошол жигитке ыраазымын, анткени ошол мени издеп тоого барып таап келбесе, менин актёр экенимди азыр ким билмек? Калып кете бермекмин. Ошондон бери эле тасмадан түшпөй келе жатам. Карыганда ушинтип тынбай тасмага  тартылып калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Бирок, айланайын, театрда толтура роль ойнодум. Жубайым да мыкты ролдорду ойноду. Кийин экөөбүз тең театрды таштап баса бербедикпи...

– Жубайыңыз да актриса болсо, экөөңүздөр тең карьерага бир убакта чекит коюпсуздар да?

– Ошондой болду, атам чакырып туруп алды. Союз тараганда атам мени мал карасын деп чакырып алган. Жубайым Галия Ахмеджанова Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, көп роль аткарган. Эмнегедир түшүмө азыркыга чейин театрда иштеп жатканым кирет. Канча тасмага тартылдым, алар кирбейт да, ушул театр эле кире берет. Кийимим жоголуп кетип таппай же спектакль коё турган клуб эски болуп, кыжалат болуп эле ошонун ичинде жүрөм түшүмдө. Театрды сагынат окшойм.

– Балдарыңыз сиздин жолду улантышпадыбы?

– Жок, алар бул тармакты тандашкан жок. Тандашса укмуш болмок экен деп калам, менден кыйыныраак артист болушмак. Анткени экөө тең куудулданып сүйлөп, бирөөлөрдү туурап укмуш роль аткарышат. Кыргыз киносун биякка эле коюп, дүйнөлүк тасмаларды катуу сындашат (күлүп). Катуу сын айтышат, бирок башка кесиптин ээлери болушту.

– Агай, сиз аппак, узун сакал менен жүрөсүз. Бул жумушка байланыштуу стилби же кадимки аксакалдык наркпы?

– Жакшы суроо (күлүп). Мен мусулманчылык же жашым келип калды деп сакал койгон жокмун. Бир тасма бар, ошого даярданып өстүргөм. Же аным тартылбайт, төрт жылдын жүзү болду. “Жакында баштайбыз, башка тасмага макул болбоңуз” деп байлап койгон учурлары болгон. Ушуга чейин чечилбей келе жатат. Үч сценарий жаттадым, ошол кино үчүн. Ошого сакал койгом, кийин жарашып калдыбы же өзүмө жагып калдыбы, ушул боюнча жүрүп калдым. Башында катуу кычыштырып ыңгайсыз кылат экен бул түгөнгүр.

– Сиз азыр жемиштүү куракта турасыз, ийгиликтүү эмгектенип жатыпсыз. Бир арманыңыз барбы?

– Аттиңи көбүрөөк болуп кетет бир караганда. Жалпысынан Кудайга шүгүр деш керек, парыз болгон бардык нерсени аткардык. Бак тигип, балалуу болуп, неберелүү болдук. Бирок арман бардык эле кишилерде болот го дейм. Менин өкүнгөнүм – жаш кезде Бишкекке келсем, элиме мындан да көбүрөөк кызмат кылмак экенмин. Мыкты тасмаларга түшүп, чоң ролдорду жаратмак экенмин деп ойлоп калам. Бирок ушул жагына да шүгүр.

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан