Биз социалдык тармакта

Самат Кыргыз, мушкер: “СКРОМНАЯ” КЫЗДАР ЖАГАТ” 

Рингде “Самат Кыргыз” деген ат менен таанымал мушкер Самат Абдырахманов менен маекти сунуштайбыз. Ал профессионалдык бокс, мушташ спортуна өтүшүнүн себептери, атасынын катуу тарбиясы, чоң атасынын бокстогу жолу, Кыргызстанда профессионалдык бокс промоушенинин ачылышы жана Америкада күчүн сынап көрүү кыялы тууралуу айтып берди. Ошондой эле спорттогу жеңилүү, келечекке койгон максаттары, жеке жашоосу жана социалдык тармактагы популярдуулук тууралуу ачык сүйлөштү.

 

– Саламатсызбы, Самат мырза? 

– Саламатчылык.

– Спортчу болушуңузга үй-бүлөңүздүн, айлана-чөйрөңүздүн таасири кандай болду?

– Чынын айтсам, өспүрүм кезим башка спортчулар айткандай, өзгөчө кыйынчылыктар менен өткөн жок. Үй-бүлөдө баары жакшы болчу. Колумда керектүү нерселердин баары бар эле. Машыгууга да шарт түзүлдү, акча жагынан да колдоо болду. Үй-бүлөм дайыма колдошчу, демек, жакшы таасир этишти. Кичинемде дайыма популярдуу болууну каалачумун. Жөн эле популярдуулукту эмес, спорттогу популярдуулукту кааладым. Бокс менен 12 жашымдан баштап көп жыл машыктым.

– Бирок кийин боксту таштап, мушташ спортуна өтүп кеттиңиз. Буга эмне себеп болду?

– Менин негизги максатым – бокстон мушташка өтүп кетүү эмес, өзүмө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болчу. Максатым – профессионалдык бокс менен кетүү. Бирок Орусияда профессионалдык бокско өтүп, бийик деңгээлге чыгуу кыйын. Биринчиден, каражат аз. Эгер сен таанымал спортчу болбосоң, алган акчаң да аз болот. Атаандаштык чоң, лигалар да өтө көп эмес. Ошондуктан башка нерсе кылыш керек болду. Ошентип, мушташ спортуна өтүп кеттим.

– Мушташка алгачкы жолу канча жашыңызда чыктыңыз?

– 21 жашымда мушташ спортуна чыктым.

– Алгачкы беттешиңиз эсиңиздеби? Ал кандай өткөн? 

– Албетте, эсимде. Алгачкы беттешимде биринчи раундда эле жеңишке жеткем. Адреналин абдан чоң болгон. Өзүмө жаккан.

– Бокс менен мушташ спортунун айырмасы чоңбу?

– Ишенимдүү айта алам, экөө эки башка нерсе. Профессионалдык мушкер болсоң да, мушташ спортуна чыгуу оңой эмес. Орусияда дүйнө чемпиону болгон, Европа чемпиону болгон мушкерлер бар. Бирок алардын баары эле мушташ спортуна чыгып, ийгиликке жетише албайт. Мушташ спорту – өтө кооптуу.

– Мушташ спортуна өтүп, беттештерге чыга баштаганыңызды ата-энеңиз кандай кабыл алды?

– Башында ата-энем билген эмес. Бокско кеттим деп кеткем.

– Биринчи беттешиңизден кийин гана билиштиби?

– Ооба. Беттештен кийин достору чалып, куттуктап айтып коюшкан. Биринчи беттешим болжол менен бир жарым мүнөттөй болду. Ата-энем бир жумадан кийин билген.

– Сизге кандай кеңеш беришти?

– “Мейли, өзүң билесиң, бирок абайла. Катуу киришип кетпе, өзүңдү кара” деп айтышты. Азыр да атам кээде “болду, токтот” деп айтып калат.

– Ата-энеңизге айтпай туруп мушташка өтүп кеткениңизден кийин тынчсыздануу болгонбу?

– Атам катуу киши. Бир айткан сөзү мыйзам бизге. Ошондуктан атамдан бир аз коркуу сезими бар болчу. Катуу тарбиялаган. Телефон чалганда кайсы жерде отурсам да, эмне кылып жатсам да дароо жооп беришим керек. Чоңойсом дагы атам үчүн баары бир баламын да. Ошондуктан телефон чалганда дароо жооп берем (күлүп).

– Атаңыздын тартипти катуу кармаган мүнөзүнүн пайдасы да тийип жатса керек?

– Олуттуулугу жакшы болгон. Атам мыкты тарбиялаган. Мен да келечекте үй-бүлөлүү болсом, балдарымды ошондой тарбиялайм деп ойлойм. Баланы жөн эле эркелетип чоңойтпош керек. Айрыкча азыркы учурда чыныгы эркек болушу керек. Атам дайыма ошону айтып келет. Эркек баланы катуу тарбиялаш керек деп эсептейт.

– Чоң атаңыз да бокс менен профессионалдык деңгээлде алектенгенби?

– Ооба, чоң атам мушкер болгон. Өз убагында бокс менен алектенип, Москвага чейин барып беттештерге чыгып жүргөн экен. Кичинекей кезимден эле бокс менен байланышта болуп өстүм. Бала кезимден эле “боксёр болом” деген түшүнүк калыптанган менде.

– Кыргызстанда профессионалдык боксту өнүктүрүүгө кандай салым кошкуңуз келет?

– Жакында боксёрдук промоушен ачтык, уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Биринчи турнирибиз быйыл 17-декабрда өтөт. Азыр арена, беттештердин картасы, уюштуруу иштери менен алекпиз. Профессионалдык боксту өнүктүрүү максатыбыз бар. Нурсултан Мойдунов, Санжар байке жана мен. Үчөөбүз биригип, ушул промоушенди ачтык.

– Келечегиңизди кандай элестетесиз?

– Мушташта эртең рингге чыкпай калышың мүмкүн. Жаракат алып же башка жагдайларга туш болуу тобокелдиги күч. Ар бир беттешиң эң акыркысы болуп калышы ыктымал. Эч ким кепилдик бере албайт. Убакыт жана мүмкүнчүлүк бар кезде көп нерсе жасаш керек. Келечекке азыртадан пайдубал түзүү зарыл.

– Ушул убакка чейин рингдеги күчтүү атаандашыңыз ким болду?

– Эң күчтүү атаандашым азербайжандык мушкер болду. Ал мен үчүн стили жагынан абдан ыңгайсыз атаандаш эле. Аны менен беттешүү оңой болгон жок. Карьерамдагы биринчи жеңилүүм да ошол мушкерге каршы беттеште болду. Ошол беттештен көп сабак алдым.

– Америкада рингге чыгуу кыялыңыз дагы деле күчүндөбү?

– Бул кыялым дагы деле бар. Азырынча виза маселеси тоскоол болуп жатат. Эки жолу кайрылдым, бирок виза ала алган жокмун. Эмне себептен экенин билбейм. Балким, жарандык маселеси таасир берип жаткандыр. Америкага барып, күчүмдү сынап көргүм келет. Баары даяр. Машыгуу залдары, уюмдар жана мушташ спорту боюнча мүмкүнчүлүктөр чоң. Баары бийик деңгээлде. Менде жоопкерчилик чоң, айрыкча жаштарга туура үлгү көрсөтүшүм керек. Рингде да, күнүмдүк жашоодо да өзүмдү туура алып жүрүүм маанилүү.

– Сүйлөшүп жүргөн кызыңыз барбы?

– Жок. Биздин үйдөгү актуалдуу тема го (күлүп). Ниет койдум, үйлөнүшүм керек деп.

– Кандай кыздар жагат?

– “Скромная” кыздар жагат.

– Социалдык тармактар спортчу үчүн канчалык маанилүү?

– Азыр социалдык тармак абдан маанилүү. Кимдин популярдуулугу жана көрүүчүсү көп болсо, ага көңүл көбүрөөк бурулат. Бул кирешеге да таасир берет. Азыр интернеттин заманы: канчалык популярдуу болсоң, ошончолук көбүрөөк акча таба аласың. Өзүмдү блогер катары тааныткым келбейт. Социалдык тармакты алып барам, бирок мени блогер эмес, спортчу катары билишсе дейм. Багытым – спорт.

– Бир туугандарыңыз тууралуу уксак...

– Эки эжем, иним, 6 жээним бар. Алардын мушкер болушун, мен басып өткөн жолду алардын да басып өтүшүн каалабайм. Спорт оңой эмес, профессионалдык спорттун кыйынчылыгы көп. Азыркы заманда билим алуу маанилүү. Үйдөн чыкпай эле интернет аркылуу көп нерсени үйрөнүүгө болот. Азыр юридикалык жогорку билим алып жатам, аяктайм жакында. Бир кездерде ата-энем мага “хирург бол” деп, апам таарынып мени менен 1 ай сүйлөшпөй койгон. Рингде мушташып, атаандаштардын беттерин жарып жүрсөм, менден кайдан хирург чыкмак эле. Каалооң жок болсо, эч нерсе чыкпайт. Спортту жакшы көрөм. Машыгуу, спарринг, ринг – баары жагат. Мен үчүн көнүмүш жашоого айланган. Кадимки жумуш сыяктуу болуп калды, адамдар жумушуна баргандай, күн сайын залга барып машыгам.

 

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан