Кызыл жүгүрүк оорусу өтүшүп кетсе, айыктырууга кыйын болгон жүрөк оорусу – ревмокардит жаралат. Адам энтигип, жүрөгүнүн кагышы бузулуп, кара тер басып тердеп кыйналат. Төмөнкү макалада ушул оору тууралуу маалымат беребиз.
Кызыл жүгүрүккө стрептококк бактериялары себепкер
Ревмокардит оорусу тууралуу түшүндүрүү үчүн алгач кызыл жүгүрүк оорусу тууралуу сөз кылуу керек. Анткени дал ушул оорунун өтүшүп кетишинен пайда болот. Кызыл жүгүрүк – муунду, ички органдарды, нерв системин, анын ичинде мээни жана терини жабыркатып, сезгенткен инфекциялык оору.
Дартты стрептококк бактериялары пайда кылат. Бул бактериялар ангина, тонзиллит, ларингит, гаймориттин келип чыгышын шарттайт. Ушул ооруларды дарылабаса, сезгенүүлөрдөн кызыл жүгүрүк келип чыгат. Анткени бактериялар кан менен барып жүрөк-кан тамыр системин, муундарды жабыркатат. Дартка көбүнчө жаш балдар, өспүрүмдөр, аялдар чалдыгышат. Бейтаптардын 75 пайызын аялдар түзөт.
Дарылабаса ревмокардит келип чыгат
Эгер кызыл жүгүрүктү дарылабаса же чала дарыласа, анда эмне болот? Анда бактериялар көбөйө баштайт. Абдан көбөйүп кетишкенде кайсы бир себептерден улам алсырап калган иммунитеттин аларды таанып, жок кылууга чамасы жетпей жаңылышып баштайт. Иммунитет жаңылышканда өз ткань, клетка, органдарын “душман” деп санап, аларга чабуул коюп, жок кылууга өтөт. Ошондуктан кызыл жүгүрүктү “аутоиммундук оору” деп аташат. “Аутоиммундук” деген сөз – иммунитеттин өзүн-өзү жок кылышы дегенди билдирет. Ошентип иммунитет өзүнүн жүрөк ткандарына да чабуул коюп, аларды жок кылууга киришсе, анда алар сезгенип ревмокардит оорусу жаралат. Башкача айтканда, жүрөк кемтиги пайда болот. Аталган оору дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттардын катарына кирет.
Айта кетчү нерсе, ангина менен ооругандардын баарынын эле иммунитети бузулуп, жаңылышпайт. Көбүнчө тукумунда кызыл жүгүрүк менен ооругандар, жүрөгүндө тубаса аномалиясы барлар, абдан катуу суукка урунгандар кабылышат. Врач-кардиолог оору тарыхын чогултуп, келип-чыгуу себебин изилдейт жана керектүү дарылоо ыкмаларын караштырат.
Ревмокардиттин 4 түрү бар
Жүрөктүн кайсы жерлери сезгенгенине карата дартты 4 түргө бөлүшөт:
• Эндокардит – жүрөктүн ички үстүңкү бөлүгүнүн жабыркашы, сезгениши;
• Миокардит – жүрөктүн булчуңу болгон миокарддын ткандарынын сезгениши;
• Перикардит – миокарддын тышкы кабыкчасынын сезгениши;
• Панкардит – жүрөктүн бардык ткандарынын сезгениши.
Башкача айтканда, сезгенүү жүрөктүн кайсы бөлүгүндө жүрсө, ошол жерде жүрөктүн кемтиги жаралат.
Сезгенүү 4 стадияда өтөт
• Жүрөк ткандарынын терең эмес сезгениши;
• Жүрөк ткандарынын кайра калыпка келбей тургандай сезгениши;
• Гранулематоз – жүрөктүн кан тамырларынын сезгениши;
• Склероз же жүрөк ткандарынын берчке айланышы.
Дарттын белгилери
Дарт жеңил, орточо же оор түрдө өтүшү мүмкүн.
Жеңил түрүндө адам оор жумуш кылганда гана көкүрөгүндөгү оорутууну сезбесе, башка учурда билинбейт.
Орточо түрүндө оорунун айрым белгилери билинет. Ткандары калыңдап, жүрөк чоңоёт.
Оор түрүндө өтсө, белгилери төмөндөгүдөй болот:
• Дене табынын көтөрүлүшү;
• Демигүү, жөтөл;
• Кандын начар айланышы;
• Көкүрөктөгү оорутуу;
• Аритмия. Жүрөктүн лакылдап бат-бат согушу, оорутушу;
• Кара тер басуу, шалдыроо;
• Тизенин шишиши. Ревмокардит жогоруда айткандай, кызыл жүгүрүктөн улам келип чыккандыктан биринчи кезекте тизелер оорутат. Кол-буттар же дене толук шишийт. Булардан улам адам өмүрүнө коркунуч жаралат.
Дарттын формалары
• Курч кармаган формасында оору бат өнүгөт, андыктан бейтапка дароо ооруканага барып жатуу талап кылынат.
• Оору акырындык менен өнүккөндө сезгенүүлөр жай жүрүп, 2-6 айга чейин созулуп кетет.
• Белгилери билинбеген түрүндө бейтап кокус башка жери ооруп же профилактикалык текшерүүдөн өтүп жатканда гана оору бар экени табылып калышы ыктымал.
Тиричилик кыла албай калат
Ревмокардитте көпчүлүк учурда бейтап күнүмдүк тиричиликте ишке жарабай калат. Оору өз алдынча өтүп же айыгып кетпейт. Дарыланбаса, оору белгилери күчөй берет, өзгөчө көп кыймылдаганда, кара жумуш кылганда. Ошондуктан бейтап төшөктө жатып калат. Дарт курч кармаганда бейтап ооруканада жатууга аргасыз болот. Дарылангандан кийин канча бир убакыт өтүп дарт кайтып келиши да мүмкүн. Мындайда дарылануу бир нече айга чейин созулуп, адамды катуу кыйнайт. Ревмокардитте көбүнчө жүрөк кемтиктери пайда болот. Бул ар бир төртүнчү бейтаптан табылат. Катуу ооруп, жүрөк чоңоёт. Ишемиялык инсультка кабылуу, тромб жаралуу мүмкүндүгү дароо чыгат. Мындай диагноз менен адамдын жашоосу начарлайт.
Диагностика үчүн эмнелер керек?
• ЭКГ;
• Жүрөктүн УЗИси жана ЭХОсу;
• Кандын биохимиялык анализи;
• Кандын жалпы анализи жана башкалар;
• Аталгандардан тышкары атайын клиникалык тесттер бар, аны менен ревмокардиттин белгилерин да билүүгө болот. Дарттын оор түрүндө консилиум өткөрүлөт.
Дарылап айыктыруу
Бейтап эч качан өз алдынча дарыланбашы кажет, болбосо өмүрүнө чоң коркунуч келтирип алат. Дарылоо ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Этиотроптуу терапия. Дарттын негизги козгогучу стрептококктуу инфекция болгондуктан антибиотиктер жазылат.
• Патогенетикалык терапия. Стероиддүү эмес дарылар кошулат. Мисалы, диклофенак, преднизолон жана башка.
• Симптоматикалык терапия. Булар жүрөк кемтигине карата дарылар. Тамак-ашта туздун өлчөмүн абдан азайтуу сунушталат.
• Хирургиялык дарылоо. Жүрөктүн оор кемтиктеринде, стеноздо, клапандардын жабыркашында сунушталат. Клапан жасалма же биологиялык клапан менен алмаштырылышы мүмкүн.
Ооруканадан дарыланып чыккандан кийин кардиолог, ревматологдун каттоосунда туруп, убак-убагы менен текшерилип туруу керектелет. Өзгөчө клапандын абалын текшертип, эхокардиографиядан өтүү зарыл.
ЛОРго да текшерилүү зарылчылыгы бар. Керек деген учурда тамак бездерин (миндалин) алып салышат.
Канымжан Усупбекова