Биз социалдык тармакта

Эмил Ишен, ырчы, комузчу:  “МЫНДАЙ СУНУШ МАГА КҮТҮҮСҮЗ БОЛДУ...” 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы... “Бишкек Аренада” күпүлдөп "Манас" айтылганда ушул жигиттин үнү жаңырды. Белгилүү комузчу, ырчы, кыл кыякчы Эмил Ишен менен маектештик. Музыканттардын үй-бүлөсүндө өсүп, залкарлардын батасын алган каарманыбыз кантип аталган иш-чарада "Манас" айтып калганы, максаттары, изденүүлөрү тууралуу ой бөлүштү. 

 

– Эмил мырза, саламатсызбы? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сиздин үнүңүз “Манас” менен жаңырды. Бул иш-чарага кантип катыштыңыздар?

– Арыбаңыздар. Биз, “Үркөр” тобу кыргыз күүлөрүн, музыкасын дүйнөгө таанытуунун аракетин кылып иштеп жүрөбүз. Көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот дегенде өзүбүз уюштуруучуларга байланышып, ансамбль менен барып өнөр тартуулап бергенибизде баары жактырышып, ачылыш аземинде башынан аягына чейин катышып берүүбүздү суранышкан. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Анткени биз ШКУ президенттеринин саммитинде да өнөр тартуулай турган болуп калдык. Ал эми "Манас" айтуу боюнча режиссёр Андрей Хван Камбар байкеме чалып, "Манас" жаздырып берүүнү суранган экен. Алар “музыканы жакшы түшүнгөн манасчы болсо” деп да суранышкандыктан байкем мени сунуштаптыр. Башында эле “ачылышта "Манасты" карыя киши айтат, үндү ошого ылайыкташтыр” дешти. Албетте, мындай сунуш күтүүсүз болду. Кыска убакытта ушундай чоң иш-чарага, ошончо элдин алдында тартуулана турган эмгекке аябай кылдаттык керек. "Манас" айтуу – бул төкмөлүк өнөр менен күүнүн айкалышы эмеспи. Саякбай Каралаевдин "Манас" айтканын 3 күн угуп кырааттарын, тонун, ыргактарын келтиргенге аракет кылдым. Үйдөгү чакан студиямда үн жаздырып, анан жөнөткөм. Албетте, бир аз толкундануу болду, элдин купулуна толобу, кандай кабыл алышат дегендей. Бирок жыйынтык мен күткөндөн дагы жакшы болду, көптөгөн билдирүүлөр келип жатат ошол күндөн бери. “Менин орусча сүйлөгөн балам кыргызча сүйлөп калды”, “Манасты" окугусу келип калды” деген билдирүүлөр аябай көп.

– Манасчылык – ыйык жол деп бааланат. Түшүндө аян берип "Манас" айтып калгандар бар. Сизге кыйынчылык жараткан жокпу?

– Манасчылык, менин оюмча – бул таасир. Адам бирөөдөн же бир нерседен таасир алмайынча ал нерсеге сүңгүп кире албайт. Мен алгач Саякбай Каралаевдин "Манас" айтканын укканда денем дүркүрөп аябай башкача болгом. Анан өзүм да музыканттардын үй-бүлөсүндө өстүм. Атам Ишенбек Календаров комузчу, апам Гүлзат Байзакова ырчы, байкем Камбар Календаров композитор болгондуктан, музыка дүйнөсүнүн ичинде өстүм. Анан ата-энем менен алардын жумушуна барганда Эстебес, Тууганбай, Уркаш, Ашыраалы, Нурак аталар сыяктуу залкарлардын колун кармап, ошолордун төккөндөрүн, комуз черткендерин, "Манас" айткандарын көрүп чонойгом. Кийинчерээк өзүм комуз, ооз комуз, виолончелде кол ойнотуп калдым. Нурланбек Нышанов агайдын колунда таалим алдым. Демек, "Манас" ааламы мага жат нерсе эмес болчу.

– "Манас" айтуунун эмоциялык таасирин кантип сүрөттөйт элеңиз?

– Буга чейин айтып кеткендей, "Манас" айтуу – бул абдан чоң эмоция экен. Абдан чоң толкун. Бул жөнөкөй нерсе эмес. Негизи эле "Манас" эпосу – манасчылык өнөрү кыргызга дем, күч берүү, рух ойготуу касиети камтылган нерсе да. Орусча айтканда, кыргыздын ДНКсы да бул деген. "Манас" айтканда же укканда ар бир кыргыз өзүнүн ким экенин тааныйт, түшүнөт, сезет деп ойлойм. Анткени биз деген байыркы көчмөн калктын урпагыбыз. Ат жалында, согуштун үстүндө жүргөн баатыр эл экенибиз билинет да ушунданчы. Эр жүрөк, көк жал, эч бир нерседен тайманбас, элдин ушундай мүнөзү чагылдырылат ошол "Манаста". "Манас" айтканда бүт ичиңдеги күүнү чыгарып, ар бир сөзгө сүңгүп кирип, ошол окуяга аралашып, ат үстүндө, согушта аралашып жүргөндөй туюмдар болот.

– “Манас” айтуунун башкача оордугу бар, кадимкидей чарчайсың деген кептер бар. Бул нерсе сизге сезилдиби?

– Чарчай тургандай узакка "Манас" айта элекмин азырынча. Мен, мындайча айтканда, өзүмдү манасчылык жолго жаңы аттанган манасчы эмес, "Манас" айтуучу катары айта алам. Буюрса, балким, ушинтип отуруп "Манастын" бүт бөлүгүн үйрөнө турган болсок, жамакчылык өнөрүбүздү курчутуп ала турган болсок, биз дагы манасчылардын катарына кошулуп калабыз деген үмүттөбүз. Элдин назарынан уламбы, айтып бүткөндөн кийин бир аз алсырап калгандай сезим болот экен. Бирок айтып жаткан учурда болуп көрбөгөндөй дүйнөгө кирет экенсиң да, элдин астында айтканда.

– Бүгүнкү күндө манасчылыкты эстрада же заманбап музыка менен айкалыштыруу тенденциясы күч алды. Музыкант катары буга көз карашыңыз кандай?                 

– Көптөр музыканын коштоосунда “Манастын” бүт бөлүгүн айтып берүүбүздү суранып жатышат. Чет жактагы (Америка, Италия, Япония) кыргыздар да муну угуп жатышканын айтышууда. Бул – “Манасты” дүйнөгө таанытуунун чоң жолу жана биздин жеңишибиз. Азыркы жаштар ритми күчтүү, заманбап ыкмалар менен жаралган, мааниси тайкы болсо да хитке айланган ырларды көп угушат. Себеби андагы музыка адамдын канын дүргүтүп, маанайды көтөрөт. “Манастын” да элге жакшы угулуп жатканы көбүнчө ушул музыканын жардамы менен болууда. Албетте, мындан тышкары “Манасты” музыкасыз, эркин формада да айтуу ойдо бар, буюрса.

– Эмил Ишен жашоодо кандай адам? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз, сизге илхамды эмне тартуулайт?

– Өзүм жөнүндө айтуу бир аз кыйын экен (күлүп). Негизинен, токтоо, көп ойлонгон, тынчтыкты жактырган адаммын десем болот го. “Кылсаң жумуш бүтпөй, күн кыскарган замана, уктасаң уйку канбай, түн кыскарган замана” дегендей, азыр эч нерсеге убактыбыз жетпей жаткан учурдабыз. Анда-санда бир аз убакытыбыз боло калганда үй-бүлөм, бала-чакам менен чогуу убакыт өткөргөнгө аракет кылам. Кез-кезде достор менен чогулуп футбол ойноп калбасак, көп учурда бош убакыт деле болбойт.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан