Түштүк Кореялык актёр Хён Бин менен актриса Пак Шин Хе баш каармандардын ролун ойногон фантастика жанрындагы “Альгамбра тууралуу эскерүүлөр” сериалын көргөнүмдө Альгамбра тасма үчүн ойлонуп табылган жердин аты деп ойлогом, “Аватардагы” Пандора планетасы сымал. Чындыгында Альгамбра ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурасына кирген, ислам архитектурасын кылымдардан бери сактап турган ажайып жай экен. Төмөндө сиз үчүн да акыл кампаңызды кеңейткен, Альгамбра тууралуу маалымат берген макала болсун.
Испаниянын Гранада шаарында жайгашкан
Альгамбра – бул Испаниянын Гранада шаарынын чыгыш тоо кыркыларынан орун алган ак сарай. Ак сарай десе бир даана сепилди элестетип албаңыз. Анын ичи кичи шаарга окшош, көптөгөн ак сарайлар, тарыхый жайлар, көз жоосун алган бактар... Анда бул керемет жайдын тарыхына токтололу.
Альгамбра тарыхта алгач 9-кылымда аталып өткөнү бар, бирок өнүгүү тарыхы XI кылымдан башталат. Зириддердин Бербер династиясы өзүнөн мурунку римдиктердин жана мусулмандардын куруп кеткен архитектуралык жайларын реконструкциялаганга аракет кылып, Альграмбаны душмандардан коргонуучу чеп катары колдонгон. Жайгашкан орду жагынан саясий да, маданий да стратегиялык маанилүү аймак эле. Тоонун боорунда, бийиктикте жайгашкандыктан Гранада шаарына панорамалык көрүнүш ачылат. Андан сырткары Дарро дарыясы жакын агат.
Мусулмандар бийлиги
Альгамбраны легендарлуу жайга айланткан мусулмандар падышачылыгы болду. Тагыраагы, 13-кылымда Насриддер династиясынын биринчи падышасы Мухаммед ибн аль-Хамар өзүнүн падышалык резиденциясын дал ушул Альгамбрада жайгаштырган. Мындан улам мусулмандардын стилиндеги архитектуралык өзгөрүүлөр, жаңылануулар орун алган. Район таштан курулган бийик чеп менен курчалып, туш тарабына күзөтчүлөр орун алган мунаралар тургузулган. Учурунда душмандардан коргонуу максатында курулган жай сыртынан караганда сүрдүү көрүнүшү мүмкүн. Ичине кирсең чыгыш элинин жомогуна туш болгондой болосуң. Дал ушул насриддердин бийлиги учурунда Альгамбра өнүгүп, искусствонун, поэзиянын, илимдин борборуна айланган. Жашылдандырылган кооз бактар, коомдук мончо, мечиттер, түрдүү имараттар салынган.
Христиандар бийлиги
15-кылымда “Католик монархтары” Фердинанд жана Изабелла Гранада шаарын туткунга алган. Аны менен кошо Мухаммед XII Альгамбрадан чыгып кетүүгө аргасыз эле. Ушуну менен Испаниядагы мусулмандар бийлигинин доору бүткөн. Бийлик алмашкандан кийин бийликке келгендердин каалоосуна жараша Альгамбрада да өзгөрүүлөр жүрүп, христиан динине туура келген жайлар курула баштаган. Ошентсе да мусулмандар курган ажайып кооз жайларды бузбай сактап калууну чечишкен.
Бирок 17-18-кылымдарда Альгамбра каралбай калган. Бактарга камкордук көрүлбөй, имараттар эскирип, оңдоп-түзөөнү талап кылган. Кошумча жер титирөөлөр да архитектурага зыян келтирген. Аны аскердик чеп катары гана колдонуп калышкан.
19-кылымда жазуучу Вашингтон Ирвинг “Альгамбра тууралуу жомок” аттуу китебинде бул жайды унутулган цивилизациядан калган сыйкырдуу жай катары сүрөттөгөн. Мына ушундан кийин бийлик кайрадан Альгамбрага көңүл буруп, реконструкция иштерин жүргүзгөн экен.
ЮНЕСКО
Канча кылымды басып өткөн жай 20-кылымда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурасы аталган. Андан бери кылым алмашса да, Альгамбра азыркыга чейин Испаниянын туристтердин суроо-талабына ээ жайларынын бири болуп калды. Андыктан Испания бийлиги бул жайга тыкыр көңүл бөлүп, оңдоп-түзөө иштерин байма-бай жасап турушат. Ислам, христиан, кайра жаралуу мезгилдерин кайдан көрөм десеңиз, Альгамбрага барыңыз.
Аймагы
Альгамбра – учурда архитектуралык-парк ансамбли катары тааныштырылат. Араб тилинен «al-qala'a al-hamra» сөзү “кызыл чеп” болуп которулат. Жалпы аянты 15 гектарга чукул аймакты ээлейт. Курчап турган дубалдарынын узундугу 2 километрге жетет. Ичинде 37 мунара, бир нече экопарк, мечиттер, ак сарайлар жана башкалар бар. Качан барыш керек? Эң ыңгайлуу аба ырайы – жаз жана күз мезгили. Альгамбраны тез араласаң 2-3 саат, убакытың кенен болсо 5-6 саатта кыдырып бүтсөң болот.
Каякка баруу керек?
Насриддердин ак сарайы – кире бериштен эле “Мирттердин короосуна” туш болосуң. Короонун ортосунда үч бурчтук бассейн жайгашып аны жапыз өскөн мирт бадалдары курчап турат. Бассейндин өзгөчөлүгү – ал күзгүнүн ролун аткарат. Архитекторлордун кесипкөйлүгү ушунчалык, күн нуру чыккандан киргенге чейин ар түрдү өзгөрмөлүү нурлар сууга чагылышып түркүн түс берген. Сууда болсо сарайдын кооз дубалдары, аркалар, мунаралардын башы чагылышып жерде улам өзгөрүп турган сүрөт жаткансыйт.
Арстандар короосу – бул жайдын чок ортосунда фонтан жайгашкан. Фонтандын тегерегинде аны кайтарып 12 таштан жасалган арстан отурат. Аларды курчап ак таштан жасалган бийик ичке мамылар орнотулган. Алыстан караганда ак таштан жасалган токойду элестетет.
Эже-сиңдилердин залы – эң негизги фокусту шыпка коюу зарыл. Анткени залдын жогорку бөлүгүндө аарылардын уюгун элестеткен атактуу Мукарнас куполу жайгашкан. Терезеден күн нуру тийгенде залдын ичи көптөгөн геометриялык фигураларга толот. Дубалдарында көптөгөн оюу-чиймелер түшүрүлүптүр деши мүмкүн, билбегендер. Бирок булар жөн гана оюмо-чийме эмес, көбү араб жазуулары. Мисалы, “Бир гана Кудай – жеңүүчү” деген маанидеги сүйлөмдөр көп. Мунун баары мусулмандардын падышачылыгы өкүм сүргөн мезгилден калган. Тарыхчылар, Батыш менен Чыгыштын маданиятын ушул жайлардан көрүп салыштырууга болот дешет. Европалык тарыхый имараттарда бийликтин күчүн көрсөтүү максатында адамдардын айкелдери, алардын согуштук жүрүштөрү таш менен чегилип же сүрөт менен тартылган. Ал эми чыгыш элинин цивилизациясында Кудай, жаратылыш, күн, суу сыяктуу көрүнүштөр алдынкы планга чыгып турат.
Хенералифе – тынч эс алуучу жай. Насриддердин падышалары тынчтыкта эс алуу максатында аталган жайды курушкан экен. Бул жай болушунча жашылдандырылган, андан сырткары көптөгөн фонтандар, шырылдап суу аккан каналдар, айтор, мээни эс алдырууга боло турган аймак.
Карл V’тин сарайы – цивилизация алмашкандын белгиси катары салынган сарай. Бул имарат кайра жаралуу доорундагы христиандардын архитектурасын чагылдырат.
Асыл Орозбекова