Биз социалдык тармакта

ЖАН ДҮЙНӨ ЫРЛАРЫНЫН ЖАРАТУУЧУСУ СТИНГ

“Клон” сериалы көрсөтүлө баштаганда канчалаган жумуштар калып, телевизор алдында чогулгандар көп болгон. Ошол сериалдагы «Desert Rose» саундтреги сериал менен кошо анын аткаруучусу Стингдин да атагын дүйнөгө арттырган. Азыр ырчы мырза 75 жашта жана жан дүйнөдөн орун алган чыгармаларды жаратып, канчалаган муундун сүймөнчүгү болуп келет. Анын ырларын такыр музыка укпайм деген адам да укса керек...

 

Толук аты-жөнү: Гордон Мэттью Томас Самнер

Туулган жери: Улуу Британия, Уоллсенд

Туулган жылы: 1951-жыл, 2-октябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 183 сантиметр

Белгилүү чыгармалары: «Desert Rose», «Shape of My Heart», «Every Breath You Take», «Englishman in New York», «Rise & Fall» жана башка

Кесиби: ырчы, композитор, мультиинструменталист, актёр, коомдук ишмер

 

17 “Грэмминин” ээси

Кинодогу эң жогорку сыйлык “Оскар” болсо, музыка чөйрөсүндө “Грэмми” эсептелет эмеспи. Стинг ошол эң сыйлуу сыйлыктын 17 статуэткасынын ээси. Андан сырткары кинолорго жазган саундтректери үчүн “Мыкты ыр” номинациясында 4 ирет “Оскар” сыйлыгына талапкер болгон. Ал эми музыка дүйнөсү жана поп-маданият тууралуу жазган Rolling Stone басылмасы Стингди дүйнөдөгү эң мыкты бас-гитарачылардын ТОП-50 тизмесинде 32-орунга жайгаштырган. Музыкада мына ушундай бийик орду бар адам бүгүнкү макалабыздын каарманы.

 

Каяктагы Гордон?

Төрөлгөндөгү аты Стинг эмес. “Стинг” сөзү англис тилинен “тикенек, аары” деген маанини берет. Ырчыга кандай тиешеси бар десеңиз, жаш кезинде джаз-топтун солисти болуп жүрүп сары-кара сызыктуу свитерин көп кийип келчү экен. Мындан улам топтогу балдар аны аарыга окшоштуруп Стинг деген лакап ат коюшкан. Бул ат жашоосуна ушунчалык сиңип, ырчы бир маегинде “ата-энем Стинг дейт, досторум, тааныштарым, керекпи балдарым да Стинг деп чакырышат. Анан өз атым өчтү, өзүм деле Гордон деген атты укканда кайдагы Гордон деп тааныбай кетем” деп тамаша-чыны аралаш ой бөлүшкөн.

 

Жөнөкөй үй-бүлөнүн таланттуу баласы

Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөн. Улуу бала болгондуктан эрте чоңоюп, эрте ата-энесине жардам берүүгө өткөн, өзүнөн сырткары 2 карындашы, 1 иниси бар эле. Ошол эле учурда музыкага болгон сүйүүсү да эрте ойгонгон. Кичинесинен эле апасынан пианинодо ойногонду үйрөнгөн, 10 жашында гитара белекке алып, ошондон кийин андан ажырабай калганын эскерет. Музыкалык карьерасы чиркөөлөрдөгү хордо, мектептеги иш-чараларда башталган. Чыныгы музыкага болгон сүйүүсүн өзү жашаган шаарчага музыкалык фестивалга келген рок-топтор ачкан экен. Аларга таасирленип окуучу кезинен эле өзү чыгарма жаратууга аракет кыла баштаган.

 

Чемпионго бир кадам...

Жалаң эле музыка менен байланыштуу эмес болчу балалык дүйнөсү. Анда спорт да бар эле. Сууда мыкты сүзчү. 183 сантиметрлүү бою, спорттук дене түзүлүштөгү жигит жеңил атлетика боюнча Англия чемпиондугуна катышып, 2-орун алган, жеңишке бир кадам гана жетпей калган. Музыканы же спортту тандайт деп турганда, жакындарынын баарын таң калдырып англис тили мугалими кесибине окуп кеткен. Дипломду алып, мектепте мугалим болуп иштеп да жетишкен. Дал ошол мугалимдик мезгилинде сахнага барышы керектигин сезип, Newcastle Big Band деп аталган джаз-топко бас-гитарачы болуп орношкон. Андан кийин да бир нече топ алмаштырып, ал эмес, өзү да топ түзгөнгө жетишкен.

 

Профессионалдык сахна

Профессионалдык сахнага 26 жашында The Police рок-тобуна кошулгандан кийин чыккан. Топто 1976-жылдан 1984-жылга чейин эмгектенип, анан жеке музыкант катары жолун улады. Жеке ырчылык ага дүйнөлүк атактуулук жана дүйнөлүк классикага айланган чыгармалардын жаралышына шарт түздү десек болот. Ырчынын “гүлдөп” турган убагы 80-90-жылдарга туш келди. Бирок ошону менен анын ырларынын актуалдуулугу жоголуп кетти деген жаңылыштык. Анткени азыр 75ке чыкса да дүйнө кыдырып гастролдоп жүрөт. Ырлары дагы деле улуу-кичүү муундун кулагында жаңырат. Жаш ырчылар Стингдин ырларын жаңыртып кавер ырдап келишет.

 

Актёр

Киного да кошкон салымы бар. Алгачкы жолу 1979-жылы «Квадрофения» аталган тасмада чакан роль жараткан. Кино сынчылардын терс пикирине арзыганы менен, прокатта жакшы акча тапкан тасма болгон. андан кийин 1984-жылы чыккан “Дюна” тасмасына чакыруу алган. Ал эми тасмадагы башкы ролду “Колукту” аталышындагы хоррор тасмада алып, Чарльз Франкенштейндин образын жараткан. Жалпысынан актёрдун куржунунда он чакты тасмадагы ролу бар.

 

Кинодогу музыкасы

Стингдин ырлары азыр да кино тасмаларда колдонулуп келет. “All for Love” чыгармасы “Үч мушкетёр” тасмасында жаңырат. “Shape of My Heart” ыры – “Леон” тасмасында, “The Windmills of Your Mind” ыры – “Томас Краундун аферасы”, «Desert Rose» – “Клон” сериалына көрк кошкон. Андан сырткары 20га жакын тасмада музыканттын ырлары жаңырат.

 

Көп балалуу ата

Биринчи жубайы, актриса Френсис Томелтиден бир уул, бир кызы бар. Экинчи никеси да актриса менен болгон. Труди Стайлер экөөнүн эки кыз, эки уулу бар. Жалпысынан 6 баланын атасы. Стинг өмүрүндө иштеп тапкан жүз миллиондогон доллары бар бай адам. Бирок ошол байлыгынын баарын мураскерлерине бербей турганын ачык айткан. “Адам өзү иштеп, акчанын баркын билип жашаганы жакшы” деген. Андыктан анын байлыгынын көп бөлүгү ал каза болгондон кийин кайрымдуулукка жумшалышы мүмкүн. Балдарынын арасынан ата жолун жолдоп ырчы болгону да, актёрлукка ыктаганы да бар. Ал эми Стинг жубайы Труди айым менен Голливуддун көп жылдык ынтымактуу түгөйлөрүнүн катарында.

 

Кулагы укпайт...

Ооба, ырчы мырза 2016-жылы интервью берип, анда угуусу абдан начар экенин жана бул дарт өнүгүп жатканын айткан. Врачтар кулагына атайын угуучу аппарат тагууну сунушташкан. Бирок “мен ал аппарат менен керексиз нерселерди да уга берет экем. Андыктан дартымды түшүнүү менен кабыл алдым. Көп жылдык катуу музыка менен иштешүүнүн аягы ушул болду. Азыр менин көп колдонгон сөзүм “ыя, эмне дейсиң?” болуп калды” деп абалын тамашалуу түшүндүргөн. Кулагы жакшы укпаса да кесипкөйлүгү жана жүрөгү менен ырдап, ыр жаратып жүрөт.

 

Кыскача...

 Итти жакшы көрөт. Үйүндө бир нече ит багат. Ат минип, ит жетелеп сейилдегенди жактырат.

 Жубайы экөө өз бакчасында өстүргөн табигый жашылча-жемиштер менен гана тамактанарын айтат.

 Күнүнө 8 чакырым чуркайт, йога, пилатес менен машыгат.

 Кулагы укпаган балдарга жардам берүү фонду, тропикалык токойлорду сактоо фонду жана башка көптөгөн кайрымдуулук фонддору менен тыгыз иштешет.

 Шахматты мыкты ойнойт.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1242, 9-15-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан