КОЙ
(21.03–20.04)
Жеке жашооңузда кызыктуу мезгил орун алат. Өзгөртүү киргизе турган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Сизди ийгиликке жетелеген маалымат угасыз. Көптөн бери чогулган терс эмоциялар кичинекей шылтоодон улам сыртка чыгып кетиши ыктымал. Эгер көзөмөлгө ала албасаңыз, пикир келишпестиктер сөзсүз жаралат. Кыз-жигит мамилесиндегилердин жашоосунда гармония орун алат. Сиздин кызматыңыздан пайдалангысы келгендер болот, кызмат акыны жогору сурай бериңиз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Уйкусуз түндөр, эс алуусуз күндөр энергияңызды соруп, менталдык, физикалык абалыңыз алсырашы мүмкүн. Баарын четке жылдырып, эс алганга аракет кылыңыз. Болбосо ден соолук жабыркайт. Жакындар тараптан сизге материалдык колдоо келиши мүмкүн. Мал чарбачылыгы менен алектенгендер да мал сатып, капчыгын калыңдатышат. Туулган күн, шерине дегендерге чакыруу алсаңыз, ойлонбой макул болуңуз, мээ сергитип, адамдар менен баарлашуудан энергия аласыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Эмне кылсам деген арсар ой жаралышы мүмкүн бул аптада. Бир жагына тартсаңыз өзүн актабаган чыгаша, андан баш тартайын десеңиз жакын адамдардын таарынычы турат тараза ташында. Өзүңүз жалгыз чечим чыгарбай, башкалар менен кеңешиңиз. Соода тармагында жолуңуз болот, кийим, косметика же аксессуар сатып алгыңыз келсе, көңүлүңүздөгүдөй табылат. Үйдө келишпестик жаралган учурда унчукпай кутулуу жардам бербейт, маселени сүйлөшүп чечүү керек.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бөйөндөрдү эмоционалдуу апта күтөт. Айланада болуп жаткан нерселерге сезимтал болуп чыга келесиз, бат кубанып, бат кайгырып, бат ачууланып... Бирөө менен сүйлөшкөндө бир аз ойлонуп, эмоцияны басып туруп жооп бергенге аракет кылыңыз. Аптанын биринчи жарымы жумушта позитивдүү маанайда, жеңил өтөт. Экинчи жарымынан баштап тапшырмалар оорлоп, тоскоолдуктар жаралып, энергияңыз көп корошу мүмкүн. Апта соңу сизди кайрадан позитивдүү жагдайлар курчайт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Дүйшөмбү, шейшемби чыңалган абалда өтөт, кайсы ишти кантип башташ керектигин билбей баш катат. Анан өзүңүздү колго алганда маселеден чыгуунун жолу сонун идея болуп келет, жетекчиликтен мактоо угушуңуз мүмкүн. Эч кимдин жардамысыз эле көп иш бүтүрүүгө жетишесиз. Бирок мактап койсо эле адыраңдап жоопкерчиликтин баарын моюнга илбей, башкалар менен бөлүшкөндү билиңиз. Эмгегиңиздин жемиши акча түрүндө чөнтөккө түшөт. Апта аягы үйдө тынч өтөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Акча табам деп ойлонулбай жасаган тобокелчилик тескери натыйжа бериши мүмкүн. Андыктан көп сумма талап кылынган кооптуу иштерди баштабай туруңуз. Күзгү депрессиядан чыгуу үчүн достор, туугандар менен көп баарлашыңыз, негативдүү ойлорду алыс кууңуз. Бийкеч жылдызындагы мырзалар түгөйү жасап жаткан иштерге көп сын такпашы керек, болбосо чоң чыр чыгышы мүмкүн. Жүрөгү боштордо көчөдөн кокустан таанышуулар күтөт, андыктан көп сейилдеңиз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сизге орой сүйлөгөн адамдар бир чети таң калтырып, бир чети таарыныч жаратат. Аларга атаандашып сиз да оройлукка жол бербеңиз. Убакыт өтүп ал адам кайра сизден кечирим сурап келет. Жумуш жаатында ийгиликтүү апта болот, көп нерсе жасап жетишесиз. Каржы тармагында сиз башкара албаган чыгашалар орун алат. Жакындарыңыздын бир эмес, бир нече жакшылыгына чакыруу алышыңыз мүмкүн. Апта соңу үйдөгүлөргө даамдуу тамак жасап берип кубантыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Кулак түрүп сак болчу апта. Ички туюмга ишениңиз, анткени ал ийгиликке жол ачат. Байкабай калсаңыз, тескерисинче, ийгилик булагы жабылып калышы мүмкүн. Азыр талыкпай эмгектенүүнүн, бир эмес, бир нече жумуш таап иштөөнүн убактысы. Канча иштесеңиз, ошончо энергия булагыңыз ачылат, акча сизге магниттей тартылат. Кош бойлуу болууну самап жүргөн айымдардын кыялы ушул аптада орундалышы мүмкүн. Түгөйүңүзгө өтө көп талап коё бербеңиз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаңычылдыктын убактысы. Жаңы иш баштайм, жаңы жумуш табам, жаңы каржы булагын табам дегендер колдоо табышат. Бул апта жаачылар үчүн мол энергиянын жана кумардын мезгили. Үй-бүлөңүзгө жаңы бүлө кошулушу мүмкүн, баш кошуулар же төрөлүүлөр күтүлөт. Бойдоктордо мурдатан тааныш адам менен ортодо “симпатия” жаралат. Бул сезимди андан ары өнүктүрүү керекпи же тааныш бойдон каласызбы, өзүңүз чечесиз. Апта соңу сиз түзгөн план боюнча жыйынтыкталат.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жумушуңузда “ат үстүндө” болосуз. Өзгөчө жетекчи катары жакшы долбоорлорду ишке ашырууңуз күтүлөт. Жеке жашоодо башкалардын турмушуна көп кийлигише бербеңиз, жакшы сөз укпайсыз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте кызыктуу убакыт өткөрүшүңүз күтүлөт. Онлайн форматта билимиңизди өстүрүп, көп жаңы нерседен кабардар болосуз. Сиздин жардамга муктаж адамдар чыгат. Айланаңыздагы негативдүү энергиядан улам бир аз баш оорусу кыйнашы мүмкүн.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жамааттык иштерге караганда өз алдынча эмгектенгендердин иши илгерилейт. Жакшы каржылык пайда табасыз. Башкалар менен тил табышуу жөндөмүңүз төмөндөп, келеке, шылдың сөздөрдү айтып бирөө жарымды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Кечирим сураганды унутпаңыз. Бул аптада шылтоолорду унутуп, өтө пунктуалдуу болуңуз, антпесе абройлуу адамдардын ишениминен чыгып каласыз. Апта соңу достор менен жолугуп, топтолгон маалыматтар менен бөлүшөсүз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптанын башы ири сатып алууларды кылбай туруңуз, алданып калышыңыз мүмкүн. Негизи эле бул аптада каржы операцияларынан алыс болуңуз. Өзүңүздү энергиясы жок, чарчаңкы абалда сезесиз. Бирок жумуш сиздин бул абалга карабайт, иштейсиз жана да иштейсиз. Негатив жараткан айрым адамдардын алдында маска кийип, актёрлук чеберчилик менен өзүндөй жасалма мамиле кылууга туура келет. Үйдөгүлөр менен болушунча жумшак, боорукер болгонго аракет кылыңыз.