Биз социалдык тармакта

ЭМНЕГЕ КЫЗ АПАСЫНЫН, УУЛ АТАСЫНЫН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАП КАЛАТ? 

Журналисттик жумушума байланыштуу көптөгөн адамдар менен баарлашам. Кээ бир аялдар оор жашоосун баяндап жатып “кыздарым да менин тагдырымды кайталап калмай болушту” деп кейишет. Бул жагдайга психология илиминде кандай жооп бар? Кандай учурда кыз энесинин тагдырын кайталашы мүмкүн? Психолог Мээрим Мураталиеванын жардамы менен суроолорго жооп издедик.

 

Үй-бүлөлүк сценарий деген эмне?

Илимге таянсак, кыз апасынын, уул атасынын тагдырын же жүрүм-турумун кайталап калса, мунун себептери бар. Психологияда бул “Үй-бүлөлүк сценарий” деп аталат жана адистер аны аң-сезимсиз деңгээлде жасалган табигый тандоо деп түшүндүрүшөт. Башкача айтканда, кыз, уул кийин өз алдынча үй-бүлө курганда, чечимдерди кабыл алууда ата-энесинин моделин кайталап калышат. Мунун себептери бар.

 

Психологиялык үлгү жана аң-сезимсиз программалоо

Бала төрөлгөндөн баштап ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесин, кыймыл-аракетин, уруш-талаштарын, кыйынчылыктарды кантип чечкенин жана алардын жашоо образын көрүп өсөт жана баарын өзүнө сиңирип алат. Психологияда ар бир адам кичинекей кезинде аң-сезимсиз түрдө өзүнүн келечектеги жашоосунун программасын түзүп алат деп айтылат. Башка моделди билбегендиктен, чоңойгондо аң-сезимсиз түрдө дал ошол өзү көргөн, ага тааныш болгон моделди автоматтык түрдө кайталай баштайт.  

 

Кыздар үчүн моделдин кайталанышы

• Эгер кыздын атасы камкор, үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү адам болсо, кыз “эркек ушундай болушу керек” деген түшүнүк менен чоңоюп, болочокто дал ошондой сапаттары бар күйөө тандайт.

• Атасы катаал, кызыл камчы же кайдыгер адам болсо да, кыздар ага окшош эркектерге туш болушат. Мунун себеби — балалыкта атасынан албай калган сүйүүнү, мамилени түгөйүнөн алууга жана өткөн чактагы психологиялык жаракатты айыктырууга болгон аң-сезимсиз аракет. Бул психологияда “өчпөгөн таарынычтарды чечүү каалоосу” деп аталат. Кыз атасынын үй-бүлөдөгү ролун өзүнүн үй-бүлөсүнө көчүрүп келет. Өзү байкабай эле энеси колдонгон фразаларды айтып, көйгөйлөрдү апасындай чече баштайт.

• Кыздын апасы өмүр бою курмандыктын ролунда жашаса, кыз бала муну “жалгыз туура модель” катары кабыл алып, көйгөйлүү мамилелерге чыдап жашоону кадимки көрүнүш катары кабыл алып калат. Апасы өз убагында психологиялык жаракаттарын (таарыныч, коркуу, өксүк) чечпесе, ал нерсе тарбия аркылуу кызына өтөт. Мисалы, эркектерге ишенбөөчүлүк, өзүн курмандыкка чалуу сезими өтүшү мүмкүн.  

 

Балдар үчүн моделдин кайталанышы

Эркек бала үчүн ата – эркек, күйөө жана аталыктын алгачкы жана эң негизги үлгүсү. Бала сөздү эмес, кыймыл-аракетти көбүрөөк сиңирет. Эгер атасы стрессти ичимдик же агрессия менен жеңсе же тескерисинче, оор кырдаалда сабырдуу болсо, бала да дал ошолорду өзүнө сиңирет, кийин дал ошол реакцияны кайталайт. 

Генетика жана социалдык чөйрө

Мүнөздүн кээ бир өзгөчөлүктөрү: эмоционалдуулук, тобокелчиликке жакындык, темперамент ген аркылуу берилет. Ошондой эле бирдей социалдык жана экономикалык шарттарда чоңоюу да окшош тандоолорду жаратат.

 

Психологиялык лоялдуулук (берилгендик)

Кээ бир балдар бала кезден ата-энесинин кайгысын, көйгөйлөрүн же күнөөлүү сезимдерин өзүнө жүктөп алышат. Алардын ички дүйнөсүндө  “эгер мен апамдан же атамдан бактылуураак болсом, аларды сатып кеткен болом” же “ата-энем кыйналып жашаса, менин бактылуу болууга акым жок” деген күнөөлүү сезимдер жашайт. Бул инсандын өз бактысын толук куруусуна чоң тоскоолдук болот.        

 

Үй-бүлөлүк сценарийдин таасирин кантип билсе болот?

Адамдын жашоосуна үй-бүлөлүк сценарий таасир этип жатканын төмөнкү белгилер аркылуу байкоого болот:

• Жашоодо бир эле көйгөйдүн же окшош мамиленин кайра-кайра кайталануусу.

• Өзүңүз каалабаган чечимди кабыл алып, кийин “эмне үчүн ушундай кылдым?” деп өкүнүү.

• “Апам же атам кандай жашаса, мен да ошондой болуп калдым” деген ойдун болушу. Бул суроолорго жооп бериңиз: мамиле, акча же үй-бүлө тууралуу бала кезде уккан сөздөр бүгүнкү күндө да сизге таасир этеби? “Ата-энемдин каталарын кайталабайм” десеңиз да, кайра эле ошондой абалга туш болосузбу? Башкалардын көңүлүн өз каалооңуздан жогору койгон учурлар көп болобу? “Ооба” деген жооптор болсо, үй-бүлөлүк сценарий жашооңузга таасир этип жаткан болушу мүмкүн.

 

Бул чынжырчаны кантип үзүү керек?           

Үй-бүлөлүк сценарий – бул өкүм же өзгөртүүгө мүмкүн болбогон тагдыр эмес. Ата-эненин тагдырын кайталабай коюуга толук мүмкүн. Андан чыгуу үчүн төмөнкү кадамдар зарыл:

1. Талдоо жүргүзүү жана аңдоо. Жашооңуз ата-энеңиздикине кайсы жерден окшошуп жатканын байкап, көйгөйдүн түпкүрүн түшүнүү.

2. Психологиялык бөлүнүү (сепарация). Өзүңүздү ата-энеңизден бөлөк, өз алдынча инсан катары кабыл алуу. Алардын тагдыры – алардын жолу, сиздин тагдырыңыз – өзүңүздүн жеке тандооңуз экенин сезүү. Көйгөйлөр жаралганда сөзсүз ата-энеңиздики сыяктуу эмес, таптакыр башкача, жаңы ыкмалар менен чечүүгө машыгуу.

3. Эски ишенимдерди жаңы жашоо эрежелери менен алмаштыруу.

Эски сценарий – мен баарына жагышым керек. Жаңы сценарий– мен өз каалоомду да эске алууга укуктуумун.

Эски сценарий: Чек коюу – жакшы нерсе эмес. Жаңы сценарий: Чек коюу – өзүмдү коргоонун белгиси жана башка. 

Көптөр “жакшы аял”, “жакшы келин” же “жакшы ата” болуш үчүн өз каалоолорун 2-орунга жылдырышат. Чек коюу деген – бул орой мамилеге макул болбоо, жардам сурай билүү, дайыма эле “ооба” дей бербөө, өз коопсуздугун жана кадыр-баркын коргоо.

4. Психологго кайрылуу

Адис кайталанып жаткан үлгүлөрдү байкоого, бала кезде калыптанган ишенимдерди талдоого жана жаңы чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Ата-энеңиздин тагдыры – сиздин келечегиңиз эмес. Үй-бүлөлүк сценарийди түшүнгөн учурдан тартып адам өзүнүн жаңы тарыхын жазып баштай турганын эскерте кетели.

Корутунду

Үй-бүлөлүк сценарийлер адамдын бала кездеги психологиялык базасын түзүү менен бирге анын келечегине түздөн-түз таасир этет. Бирок инсан өзүнүн ички коркууларын, ишенимдерин жана жүрүм-турумун аң-сезимдүү түрдө талдап, психологиялык сепарациядан өткөндө гана эски деструктивдүү чынжырды үзүп, өзүнүн бактылуу жана жеке турмуштук жолун кура алат.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан