Биз социалдык тармакта

Малика Дина, ырчы: “МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЖАРАША КЫЯЛДАНБАЙ, КЫЯЛЫМА ЖАРАША МҮМКҮНЧҮЛҮК ТАБАМ”

– Малика айым, саламатсызбы? Жакында чоң концерт бергени жатыпсыз, бул көптөн берки кыялыңыз беле?

– Саламатчылык. Чынын айтсам, бул чечим бир күндө пайда болгон жок. Ар бир артисттин жүрөгүндө чоң сахна тууралуу кыялы болот. Мен үчүн чоң сахна – жөн гана көп көрүүчү чогулган жер эмес. Бул менин көп жылдык эмгегимдин, изденүүмдүн жана өзүмө болгон ишенимдин жыйынтыгы. Мен ар дайым кыялдарымды мүмкүнчүлүгүмө жараша эмес, мүмкүнчүлүгүмдү кыялдарыма жараша кеңейтүүгө аракет кылам. Бул жолу ошол кыялымды ишке ашырууга даяр экенимди сездим.

– Жакшы. Чоң масштабдагы концерт берүү чоң каражатты, күчтү жана жоопкерчиликти талап кылат. Эң чоң тобокелчилик эмнеде?

– Көпчүлүк ырчыдагы эң чоң тобокелчилик каржы маселесинде деп ойлошу мүмкүн. Албетте, мындай концерт чоң инвестицияны талап кылат. Бирок мен үчүн эң чоң жоопкерчилик – элдин ишенимин актоо. Анткени билет сатып алган ар бир адам мага өзүнүн акчасын гана эмес, убактысын, көңүлүн жана ишенимин арнайт. Ошол адамдар концерттен жөн гана ыр угуп эмес, унутулгус сезимдер менен кайтышын каалайм. Мен тобокелчиликтен коркпойм. Себеби чоң максаттарга жетүү үчүн кээде өзүңдүн ыңгайлуу чөйрөңдөн чыгууга туура келет.

– Сиз үчүн күйөрмандын жүрөгүндө калуу маанилүү болсо, популярдуу болуу маанилүү эмеспи?

– Популярдуулук – бул убакыттын көрүнүшү, ал эми элдин жүрөгүндө калуу – чыгармачылыктын чыныгы баалуулугу. Бүгүн популярдуу болуп, эртең унутулуп калуу мүмкүн. Бирок бир ырың кимдир-бирөөнүн жашоосундагы маанилүү учурга байланып калса, ал ыр жылдар өтсө да жашай берет. Мен үчүн эң чоң жетишкендик – элдин менин жүзүмдү гана тааныбастан, ырларымдан өзүнүн жашоосун, сезимдерин таба алышы.

– Ырдын хит болушу көбүнчө эмнеден көз каранды деп ойлойсуз?

– Менин оюмча, чыныгы хит жөн гана жакшы обондон жаралбайт. Анын артында сөзсүз бир сезим, бир чындык болот. Мисалы, “Дурак” ырынын артында аялдын өз баасын түшүнүүсү, туура эмес мамиледен чыгууга болгон кайраты жатат. Бул жөн гана бир адамга арналган ыр эмес. Бул өзүн жоготуп коюп, кайра тапкан көптөгөн аялдардын окуясы. Мен ар бир ырымда бирөөнүн жүрөгүнө жетчү чындык болушун каалайм. Анткени адамдар жасалма эмоцияны эмес, чыныгы сезимди кабыл алышат.

– Азыркы шоу-бизнесте талант жана эмгектин кайсынысы көбүрөөк бааланат?

– Талант – бул Кудай берген белек. Ал эми эмгек – ошол белекке болгон сенин жоопкерчилигиң. Таланттуу адамдар көп, бирок алардын баары эле чоң ийгиликке жетпейт. Себеби талантты өнүктүрүү үчүн тартип, сабыр, туруктуулук жана чоң эмгек керек. Бүгүнкү шоу-бизнесте талант менен эмгектен тышкары, стратегиялык ой жүгүртүү да абдан маанилүү. Азыр артист жөн гана ырдаган адам эмес, өзүнүн чыгармачылыгын, командасын жана брендин өнүктүрө алган инсан болушу керек.

– Кээде элге жагуу үчүн өзүңдүн чыгармачылык табитиңден баш тартууга туура келеби?

– Мен элдин табитин сыйлайм, бирок чыгармачылык жүзүмдү жоготкум келбейт. Албетте, артист өз аудиториясын угушу керек. Бирок дайыма элге жагууга гана аракет кылсаң, бара-бара өзүңдүн ким экениңди унутуп калышың мүмкүн. Мен үчүн эң туура жол – өзүмдүн чыгармачылык табитим менен элдин күтүүсүнүн ортосунда тең салмактуулукту табуу. Анткени артисттин өзгөчөлүгү – анын башкаларга окшобогондугунда.

– Сизге айтылган сындардын ичинен кайсынысы катуу тийгени эсиңиздеби? Ал сын сизди өзгөрттүбү?

– Мурда мага карата айтылган адилетсиз сындарды жүрөгүмө жакын кабыл алчумун. Айрыкча адамдын эмгегин, ниетин билбей туруп баа берген учурлар оор тийчү. Бирок убакыт өткөн сайын бир нерсени түшүндүм: ар бир адамдын оюн өзгөртүү менин милдетим эмес. Азыр конструктивдүү сынды угам, андан жыйынтык чыгарам. Ал эми негизсиз сөздөргө энергиямды коротпогонго аракет кылам.

– Шоу-бизнестеги атаандаштык, жарышуу сизге канчалык сезилет?

– Мен үчүн эң негизги атаандаш – кечээги өзүм. Башка артисттердин ийгилигин көргөндө кубанам. Ар бирибиздин өз аудиториябыз, өз жолубуз жана өз убактыбыз бар. Бирөөнүн ийгилиги экинчи адамдын мүмкүнчүлүгүн азайтпайт. Мен башкалардан озуп кетүүгө эмес, өзүмдүн кечээги деңгээлимден жогору көтөрүлүүгө аракет кылам. Биз дүйнөлүк деңгээлдеги концерттерди уюштурууга, сапаттуу музыка жаратууга жана эл аралык аудиторияга чыгууга жөндөмдүүбүз. Мен өзүмдүн чоң концертим аркылуу да ушуну көрсөткүм келет. Мен үчүн ийгилик – башкалардан бийик туруу эмес, кечээги өзүңдөн бийик көтөрүлүү.

– Бул арада эне деген статусуңузду дагы бир жолу бекемдедиңиз. Экинчи кызыңыздын жарык дүйнөгө келиши сизге кандай сезимдерди тартуулады?

– Экинчи кызымдын төрөлүшү менин жашоомо өзгөчө бир жылуулук алып келди. Биринчи жолу эне болгондо энеликти үйрөнсөм, экинчи жолу анын ар бир көз ирмеминин баркын көбүрөөк түшүндүм. Кызыгы, жүрөгүңдө бир балага болгон сүйүүң экинчи бала келгенде бөлүнүп же азайып кетпейт экен. Тескерисинче, жүрөгүң дагы да чоңоюп, сүйүүң көбөйөт тура. Кыздарымды карап отуруп, Кудай мага кандай чоң бакыт жана аманат бергенин сезем.

Биринчи жолу эне болгондо жаш болчумун, көп нерсени билчү эмесмин. Ар бир нерсеге кабатырланып, идеалдуу эне болууга аракет кылчумун. Азыр болсо энеликке бир топ аң-сезимдүү карайм. Мурда балама баарын берүүгө шашылсам, азыр эң биринчи ага бактылуу, ден соолугу чың, жан дүйнөсү тынч эне керек экенин түшүндүм. Эң негизгиси, өзүмдү да унутпашты үйрөндүм. Анткени эненин өзүнө болгон мамилеси балдарынын келечектеги жашоосуна да таасир этет.

– Энелик бактыңыз да, жоопкерчилигиңиз да эки эсе өстү, демек...

– Ооба, бул эки эсе бакыт жана андан да чоң жоопкерчилик. Анткени жөн гана эки баланы чоңойтуп жаткан жокмун. Мен келечектеги эки аялды тарбиялап жатам. Алар өзүн сыйлаган, өз баасын билген, билимдүү, күчтүү жана ошол эле учурда мээримдүү аял болуп чоңоюшун каалайм. Кыздарым менин айткан сөздөрүмдөн эмес, биринчи кезекте менин жашоомдон үлгү алышат. Ошондуктан өзүмдүн кандай аял экениме да чоң жоопкерчилик менен карап калдым.

– Кыздарыңызга өзүңүздөгү кайсы сапаттарды мурастап калтыргыңыз келет?

– Эң биринчи – өзүн сыйлоону жана өзүнө болгон ишенимди. Мен кыздарымдын эч качан өз баасын бирөөнүн мамилесине, пикирине же берген мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкташын каалабайм. Алар билимдүү, өз алдынча чечим кабыл ала алган, боорукер, бирок өз чегин билген аялдар болушсун. Мен аларга даяр жашоону эмес, кандай кырдаал болбосун өз жашоосун татыктуу кура ала турган күчтүү мүнөздү мурастап бергим келет.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан