“Тумар” радиосунун 3 жылдык мааракесине 25-мартта Бишкекке казак эстрада жылдызы Айкын келет. Айкын менен интернет жана телефон аркылуу байланыштык. “Пах-пах”, “Кеч калбаңыз”, “Корабли” сыяктуу ырлары менен белгилүү болгон ырчы жигиттин жашоосу, чыгармачылыгы, Бишкекке болгон сапары тууралуу маекти сунуштайбыз.
МАЕКТЕШ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
– Саламатсызбы, Айкын? Казак боордоштор кандай турушат?
– Аманчылык. Казакстандан Кыргызстанга чоң салам, бизде баары жакшы.
– Жакында Казакстанда президенттик шайлоо болгону турат, сыр болбосо кимге добуш бересиз?
– Добуш берүүм сыр деле эмес, ачык эле. Мен көпчүлүк казакстандыктардай биздин президентибиз Нурсултан Назарбаевди кош колдоп колдойм жана ага добушумду берем.
– Эгерде Айкын президент болсо ишти эмнеден баштамак?
– Биринчи эле коррупция менен күрөшөт элем.
– Казак шоу-бизнесине сиздин бааңыз кандай?
– Мен эми ырчы эмес, угарман катары, күйөрман катары учурда биздин шоу-бизнес өнүгүү процессинде деп айтар элем. Казак шоу-бизнесинде таланттуу, жаш, жакшы ырчылар пайда болду. Жаңы, дүйнөлүк стандартка туура келген клиптерди тарта баштадык. Мен ойлойм, буюрса, дагы жетишкендиктер болот. Буюрса, өсүүдөбүз.
– Биздин шоу дүйнөдө да сиздерден кем эмес өсүүдө. Дегеле кыргыз ырчыларынан кимди тааныйсыз да, ким менен жакшы байланыштасыз?
– Мирбек Атабековду билем. Биздин Марсель деген ырчы жигит ырын которуп ырдап чыгыптыр. Анан мен андан “бул ырдын “оригиналын” ким ырдайт?” деп сурасам, Мирбек деп айтып калды. Дароо эле интернеттен ырларын издеп таап, уктум, мага абдан жакты. Мирбек таланттуу ырчы экен. Ошондой эле Омарды билем. Аны менен Кышкы Азиаданын урматына өткөн фестивалга келгенде тааныштым.
– Кыргызстанга биринчи жолу келишиңизби?
– Жок. Кыргызстанда көп эле болгом. Бишкекке 3-4 жолу чакан корпоративдик кечелерге чакырышкан, келип ырдап бергем. Ошондой эле бир жолку сапарым Ош шаарына болду. Анан, албетте, жыл сайын Ысык-Көлгө барып эс алып турам, керемет жер, меймандос эл. Ал эми чоң масштабдагы жеке концертимди биринчи жолу 25-мартта “Тумар” радиосунун туулган күнүнүн урматына тартуулайм деп турам.
– Жакшы экен, концертте кандай кызыктар болот жана ыр күйөрмандарын кантип сүйүнтөсүз?
– Биринчиден, жандуу үн менен ырдайм. 2-3 ырымды гитара менен ырдайм. Мындан сырткары кыргыз эстрада ырчылары катышат. “Тумар” радиосу да өз угармандарын белексиз калтырбайт деген ишеничтемин. Андыктан жалпы кыргызстандыктарды кызыктарга бай концертке чакырып, музыка менен эс алып кеткиле демекчимин.
– Айкын, үй-бүлөңүз тууралуу эмне айта аласыз?
– Атам Нуртан журналист, апам Гүлзада банкта эсепчи болуп иштейт. Менден улуу агам Айдын, кесиби боюнча инженер. Гаухар аттуу карындашым бар.
– Эмнеге кызыгып, алектенгенди жактырасыз?
– Ыр курап, обон жаратканды, ырдаганды жактырам. Ал гана эмес, тамак ичип отуруп, телевизор көргөндө да музыканы өчүрбөйм. Бильярдга, футболго да кызыгуум бар. Анан тоодо же көл жээгинде эс алганга не жетсин? Балык уулап эс алгандын өзү сонун.
– Бала кезиңиздеги дайым эстечү окуя кайсы?
– Бала кезде балдардын бешенесин жара атканым менен тентек элем. Мектепте окуп жүргөндө бир жолу коридордо футбол ойной коёбуз деп мектептин айнегин талкалап салганбыз. Бала чактагы дагы бир шоктугум, машиналардын белгилерин жулуп алуу болчу. Өзүмдүкү да эмес, досумдун жаңы алган оюнчугун сындырып алып, кайра оңдойм деп ашмалтайын чыгарганым да күлкүлүү кезди эске салат. Мектепте математика, музыка сабактарын абдан жакшы көрчүмүн. Мага жакпаган сабак адабият эле.
– Канча жашыңыздан ырдап баштагансыз жана кичинекей Айкындын самаганы эмне болчу, азырчы?
– 16 жашымдан бери ырдап келем. Кичинемден эле ырчы, анан актёр болсом деген тилегим бар болчу. Ырчы болуу тилегим ишке ашты. Ошондон улам көркөм тасмага тартылгым келет. Болгондо да ырчынын ролун аткарсам дейм. Азыр мүмкүнчүлүк болуп калса, Алла Пугачёва, Леонид Агутин, Дима Билан, Boys II Men менен бирге ырдап чыксам деген ой бар.
– Бойдоксузбу же үй-бүлө күткөнсүзбү?
– Негизи, мен өздүк жашоом жөнүндө эч кимге айтпайм. Анткени бул менин жеке жашоом да, ошондуктан жекече турмушум чоң сыр эле бойдон калсынчы.
– Ашкана айымдар үчүн дейсизби же ал жакка баш багасызбы?
– Мен ашканада жасалган ысык тамактардын баарын тамшануу менен жейм. Ичимдиктен болсо, сыра ууртап коём. Өзүм ашканага баш багам, тамак даярдаганды билем, айрыкча менин колумдан бифштекс жакшы жасалат. Таттуудан тортко, жемиштерден алма менен апельсинге өчмүн. Үйүмдөгү муздаткычта эт менен сүт үзүлбөйт.
– Арыла албай жүргөн кандай адатыңыз бар?
– Арыла албай жүргөн адатымбы, жакшы, анан жаман адаттар коштойт. Мисалы, жакшысына күнүнө 7-8 саат уктаганым, 3 маал тамактанганым жана ырдоо, ырдоо, жана ырдоо кирет. Жаман адатым деп өжөрлөнүп, өзүм каалагандан да көп нерсени каалап кеткенимди эсептейм. Жаман адатым көп, бирок алардан арылгым келбейт.
– Кайсы сөздү көп колдоносуз?
– “Нормально” деген сөздүн ордуна “нормално” деп айтып көнүп алгам.
– Өзүңүздүн кандай сапатыңызды баалайсыз?
– Бирөөгө болгон таарынычым бат жазылат, кек сактабайм, колум ачык, мага ким кандай мамиле кылса, мен ага так ошондой мамиле жасайм. Өзүмдү ушул мүнөзүм үчүн да сыйлайм, кошоматчыларды жиним сүйбөйт.
– Буюм-терим коллекциялагандардын катарын толуктайсызбы?
– Ооба. Болгондо да авиабилеттеримдеги талонду эч ыргытпайм. Аларды эмнеге жумшаарымды деле билбейм, бирок чогултуу жагат. Анан да 100 теңгени дайыма топтоп копилкага салам. Толуп калганда ачам да, жагымдуу болуп калган акчаларга өзүмө керектүү буюм сатып алам. Албетте, машина эмес дечи, мисалы, ноутбук сыяктуу. А машина жаңыртуу үчүн башка бир копилкам бар дебейинби.
Айкындын ыр-клиптерин Медиа-порталдан угуп-көрө аласыздар.
Бурул Исмаилова
star@super.kg