Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда) 

Илим Тамчыны издеп суй жыгылды, куду жер ачылып, ичине кирип кеткендей. Университеттеги окуусун да бир жылга токтотуптур. Кимди тааныса ошонукуна барды, таба албады. Өзүнүн иши калды, илимий конференциясы бар эле, чет өлкөгө кетмек, ал дагы калды. Эч нерсе кызыксыз, эч нерсе кыла албайт. Жөн эле көчөдө жүргөнү жүргөн. Үйдө бүгүн-эртең төрөйүн деп турган аялы бар. Акыры төрөгөн энесинин үйүнө келди. Эмнегедир ушул адамдан тынчтык тапчудай сезилди. Кулап бара жатканда кимдир-бирөөнү кармап калгың келет эмеспи, Илим да бирөөгө таянгысы келди. Болбосо белгисиз туңгуюкка түшүп бара жаткандай абалда эле. Айым апанын үйүнө келген сайын өзүн кызыктай сезчү. Дубалдары тааныш эмес, буюмдары бөтөн, бирок ушул жерде аны өзүнөн артык сүйүүгө даяр бир адам бар экенин сезет эле. Жылуулукту сезчү, бирок ошол нерсе жүрөгүн оорутчу. Өмүр бою издеген энеси эми жанында, бирок ал энеси менен кантип сырдашууну билчү эмес. Кантип эркелөөнү, кантип ичиндегисин төгүп алууну билчү эмес. Экөөнүн ортосунда жыйырма жылдык боштук бар эле. Оңтойсуз, ыңгайсыз алтургай жүзүнө көпкө тиктей албагандай жат. Бирок бул жолу буту аны ушул жакка алып келди.

xxx

Энеси чай куюп берди. Илим чыныны колуна алып, бирок ооз тийген жок.

– Балам, сен бир нерсеге катуу кабатыр болуп жүрөсүңбү?

Илим башын көтөрдү. Бул суроону укканда эле көзүнө жаш толуп чыкты. Энеси анын абалын кайдан билсин? Алтургай уулунун эмнени жакшы көрөрүн, эмнеден коркорун, кайсы учурда жүрөгү ооруй турганын да билбейт. Өмүрүнүн эң маанилүү жылдарын өткөрүп жиберген.

– Мен бир адамды жоготуп алдым...

– Билем, Тамчы...

– Тамчысыз жашай албай жаткандаймын. Өзүмдү алаксытайын дейм, болбойт. Издебейин дейм, кайра эле издейм. Кээде аны тапсам эмне кылам деп ойлоном. Кээде таппай калсам эмне болот деп корком.

Ал бир азга токтоду. Энеси уулун карап отурду. Анын көздөрүндөгү муңду көргөн сайын жүрөгү тилинип жатты. Алини, баласынын атасын көргөндөй жүрөгү эзилди. Ал да өзүн ушундай сүйчү эле, балким, чыныгы сүйүү ушунча азабы менен болор... Бул баланын канча көз жашын, канча түнүн, канча жалгыздыгын билбей калган...

– Ал өз жолу менен кеткени дурус,- деп акырын айтты.

– Балким, ошон үчүн ушунчалык оор болуп жаткандыр. Аныкы эмесмин. Ал да меники эмес. Бирок жүрөгүмдө андан башка эч кимге орун жок.

Ал күлгөнгө аракет кылды. Бирок жылмаюусу өксүккө айланды.

– Кызык, ээ? Жанында болууга укугуң жок бирөөнү ушунчалык сагынсаң...

– Ага эмне болду? Сен аны капа кылдың беле?

Илим дароо жооп бере алган жок. Анткени бул суроонун жообун айтуу өзүнө да оор эле.

– Мен аны өзүм кетирдим. Балким, кеч болуп калды. Билбейм. Бир гана билгеним — аны жоготкондон кийин өзүмдү таппай калдым. Апа, сизди жаңы таптым. Сиздин жаныңызда отуруп алып, эмне үчүн мынча кыйналып жатканымды айтып беришим керекпи же унчукпай эле отура беришим керекпи, билбейм. Сизди да толук тааный элекмин. Бирок бүгүн бирөөгө ичимдегини айтпасам, жарылып кетчүдөй болдум.

Энесинин көздөрүнө жаш толду. Ал уулунун колун кармады. Бул колду бала кезинде кармап, жетелеп жүрө албаган. Жыгылганда тургузуп, ооруса маңдайынан өөп, түнкүсүн үстүн жаап бере албаган. Эми болсо алдында отурган эр жеткен уулунун жан дүйнөсүндөгү жарага кантип даба болорун билбей жатты.

– Балам, мен сени эми гана таап жатам. Сенин эмнеден кубанып, эмнеден кыйналарыңды али билбейм. Бирок мен сенин апаңмын. Сен мага баарын айта аласың. Күнөөлөбөйм, жөн гана угам.

Илим энесинин жүзүн көпкө тиктеп турду. “Сен мага баарын айта аласың”. Бул сөздү ал өмүрүндө канча жолу уккусу келген? Канча жолу кимдир-бирөөгө башын жөлөп, эч нерсени түшүндүрбөй эле ыйлагысы келген... Ал энесинин колун бекем кысты.

– Мен абдан чарчадым...

Ошол үч сөздү айтуу үчүн ага канча күч керек болгонун өзү гана билчү. Энеси уулунун башынан сылады. Илим көзүн жумуп, ошол алакандын жылуулугун сезди. Тизесине башын койду, көз жашы токтогон жок. Көп жылдар бою ушунтип жаткысы келди эле.

– Ыйла, балам,- деди энеси үнү титиреп. – Ыйлагың келсе, ыйла. Эми сен жалгыз эмессиң.

Илим башын көтөргөн жок. Ал энесин жаңы тапкан эле. Энеси да уулун жаңы тапкан. Экөө тең бири-биринин өткөн өмүрүн билчү эмес. Бирок ошол күнү экөөнүн ортосунда биринчи жолу сөз менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир жакындык пайда болду. Илим Тамчыны дагы эле сагынып жатты. Энеси аны Тамчынын ордуна соорото албасын түшүндү. Бирок уулунун кайгысын көтөрүүгө жардам бергиси келди. Ал эми Илим биринчи жолу бирөөнүн алдында күчтүү көрүнүүгө аракет кылган жок.

xxx

Арина Илим эшикти тарс жаап чыгып кеткенде жаны катуу ачыды. Боюнда бар аялынын абалын ойлобой, анын мынчалык шашып, өзүн унутуп Тамчынын артынан жөнөп кетерин күткөн эмес. Илимдин көздөрүнөн көптөн бери көрбөгөн бир коркунучту байкады. Ал коркунуч Аринадан айрылып калуунун эмес, Тамчыны биротоло жоготуп алуунун коркунучу эле. Илимдин артынан карап туруп калды. Көкүрөгү ийне сайгандай ачышты. Канча жылдан бери жанында жүргөн күйөөсү эми анын жанында турса да алыста эле. Денеси ушул үйдө, ойлору башка аялда болчу.

– Илим!- деп кыйкырды лифтке жакын барып.

Ал жооп берген да жок. Арина артка бир-эки кадам шилтеди, бирок буттары оор тартып, деми кысылып чыкты. Курсагын бир нерсе катуу бурап өткөндө, дубалга сүйөнүп калды.

– Жок... Азыр эмес... Суранам...

Алаканы менен курсагын кучактады. Маңдайынан муздак тер чыкты. Үйүнө кирди, энтиге дем алып токтоп калды. Акыркы күндөрү өзүн канчалык кыйнап жүргөнүн эми гана сезди. Уйку жок. Тамак ичпей жаткан. Илимдин ар бир кыймылын аңдып, ар бир сөзүнөн өзүнө тиешелүү бир жылуулук издеп жашап жатканын эми билди. Ал эми бүгүн күйөөсүнүн жүрөгү өзүнө таандык эмес экенин көзү менен көрдү. Ичиндеги ооруксунуу күчөп жатты. Бирок төрөт мезгилине жете элек болчу, бир жарым ай бар эле. Телефонун алууга аракет кылды. Колдору калтырап, телефону жерге түшүп кетти.

– Илим...- деп шыбырады.

Бул жолу үнүндө ачуусу да, кызганычы да жок эле. Болгону коркуу бар болчу. Ал полго отуруп калды. Көздөрүн жумду. Илимдин жүзү көз алдына тартылды. Бир кезде өзүн эч качан таштабайт деп ишенген адамы эле да. Өзүнө карап жылмайганда бүт дүйнөсү жарык болуп кеткен адамы. Эми ошол адам Тамчыны издеп кетти. “Мен сага киммин, Илим? Ушул абалымда басып кеттиңби?”

Көз жашы жаагынан ылдый агып жатты. Курсагындагы бала дагы бир жолу катуу кыймылдады. Арина оорудан бүктөлүп, үнүн баса албай онтоп жиберди. Ошондо гана чындап коркту.

– Балам...

Ал курсагын бекем кучактады. Дүйнөдө өзүн жалгыз калтырбачу адам бир гана ушул наристедей сезилди. Бирок аны да сактап кала алабы? Өзү араң турганда, ичиндеги баласына кантип күч бермек? Эптеп колун сунуп телефонду алып, “Тез жардамга” чалды.

– Төрөтүм... башталып жатат окшойт... Мөөнөтүм жете элек...

Үнү үзүлүп, ыйга муунду. Кайра Илимге чалды. Бир жолу. Экинчи жолу. Үчүнчү жолу. Илим жооп берген жок. Арина телефонду көкүрөгүнө кысып, башын дубалга жөлөдү. Илимди кызганып жаткан жок эле эми. Аны жоготуп алуудан да коркпой калды. Жөн гана ушул оор учурда анын жанында болушун каалады. Бир жолу болсо да аны тандашын каалады. Үй-бүлөсүн тандоосун каалады.

– Илим, сен кайдасың? Мен азыр өлүп калчудай болуп жатам...

Бирок анын үнүн уккан эч ким жок болчу. Сырттан “Тез жардамдын” үнү угулганда, Арина көзүн жумду. Курсагындагы баласын кучактап, эрдин тиштеди. Анын төрөтү башталган эле.

xxx

Ал эми Илим ошол учурда апасы менен отурган. Көптөн бери биринчи жолу жан дүйнөсү тынчтанып, бирөөгө мээрим төгүп, бала кезинен бери жетпей келген мээримди сезип жаткан. Апасы анын чекесинен сылап, унчукпай угуп отурду. Илимдин көздөрүндөгү уйкусуздукту, жүдөп кеткен жүзүн көрүп, жүрөгү тилинип жатты.

– Балам, өзүңдү мындай кыйнай бербе. Жүрөк сүйгөнүнөн ажыраса, дене да кошо ооруйт экен. Бирок сен да тирүү жансың, өзүңдү жоготуп алба,- деди апасы акырын.

Илим башын ийкеди. Бирок эмне деп жооп берерин билген жок. Тамчынын аты оозуна келсе эле тамагына бир нерсе тыгылып, деми кысылып кетчү. Ошол учурда телефону шыңгырады. Илим экранды карап, чочуп кетти. Белгисиз номер...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан