Биз социалдык тармакта

КЕНЕ, КУРТ-КУМУРСКАЛАРДАН САКТАНУУ ҮЧҮН ЖАЗДЫКТЫ ОЙЛОП ТАБЫШКАН

Эң алгачкы жаздыктар болжолдуу биздин эрага чейин 7000 жыл мурун байыркы Месопотамияда пайда болгон. Жаздык десе азыркы биз башка жаздаган жумшак жаздыкты элестетпеңиз. Эң биринчи жаздыктар – таш болгон. Чакан таштарды баштын ыңгайлуулугу үчүн эмес, төшөк кенеси жана башка курт-кумурскалардан коргонуу үчүн пайдаланышкан.

Байыркы Египет – жаздыктар катуу материалдардан (таш, жыгач, металл жана башка) жасалган. Материалдын ортосу бир аз оюлган, баш койгонго ыңгайлуу болсун үчүн. Андан сырткары кара күчтөрдү кубалап турушу үчүн таш бетине байыркы Кудайлардын сөлөкөтү тартылган.

Байыркы Кытай жана Япония – ошол эле катуу материалдардын (жыгач, таш, фарфор, бамбук, нефрит жана башка) алдына ичке кармагыч орнотулуп, жаздыкка атайын форма бериле баштаган. Японияда жыгач жаздыктар 19-кылымга чейин колдонулганы айтылат. Бирок башка максатта – япондордун айымдары бийик чач жасалгаларды жасаткандыктан, ошол чач жасалга бузулбашы үчүн түнкүсүн жыгач жаздыкка жатышкан.

Байыркы Греция жана Рим – жаздыкты жумшак кылуу идеясын биринчи гректер ишке ашырган. Алар териден жана башка катуу, тыгыз кездемеден чехол тигип, анын ичине канаттуулардын жана жаныбарлардын жүндөрүн салып башташкан. Мындай жаздыктар байларга гана арналып жасалчу. Ал эми колунда жоктор жаздыгынын ичине чөп, саман салып колдонушчу.

ХIХ кылым – дал ушул мезгилде өнөр жайларда массалык түрдө жумшак жаздыктар чыгарылып, көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан