(Башы өткөн сандарда)
– Сен биздин үй-бүлөнүн ортосуна түшүп жатасың!
Тинатин да өзүн кармай албай калды.
– Силердин үй-бүлөңөргө мен түшкөн жокмун!
Анын үнү сарайдын коридоруна жаңырды.
– Мен бул үйгө жашынган эмесмин. Мен бул жерге Бекзат үчүн келген эмесмин. Мен өзүмдүн жашоомду улантыш үчүн келгем!
Айгүл көз жашын сүртүп:
– Анда эмнеге аны караганыңда көз карашың өзгөрөт?
Тинатин жооп бере албай калды.
Айгүл акырын:
– Мен баарын көрдүм.
– Эмнени?
– Сен аны ооруканада жалгыз калтырбай отурганыңды.
Тинатиндин көздөрү жашылдана түштү.
– Ал жалгыз болчу.
– А мен эмне болчумун?
– Сен...
Тинатин токтоп калды.
– Сен анын жанында болууга укуктуу элең.
Айгүл күлүп жиберди. Бирок бул күлкүдө кубаныч жок эле.
– Укук... Ал акырын башын чайкады.
– Көрдүңбү? Сен өзүң деле аны менден тартып алып жатканыңды түшүнүп турасың.
Тинатин жердеги шейшептерди алды.
– Мен эч кимди эч кимден тартып албайм.
Ал Айгүлдүн көзүнө түз карады.
– Эгер Бекзат сени сүйсө, мен анын жолуна турбайм.
– А эгер сени сүйсө?..
Тинатиндин жаңсамакчы болгон колу токтоп калды. Айгүл акырын гана улантты:
– Анда эмне кыласың?- деп сурады.
Тинатин көзүн төмөн салды. Бир нече секунддан кийин шыбырады:
– Билбейм.
Ошол учурда тепкичтин ары жагынан Зейнептин үнү угулду:
– Бул жерде эмне болуп жатат?
Экөө тең жалт карашты. Зейнеп аларды бир карап, анан жердеги шейшептерге көз жүгүрттү. Бирок ал алардын урушунун эң маанилүү бөлүгүн уккан эмес. Ал эми Тинатин да, Айгүл да бир нерсени билбей турган. Бул тирешүү эми гана башталып жаткан. Анткени алардын ортосундагы күрөш Бекзат үчүн эмес... Бекзаттын жүрөгүндө кимдин орду бар экенин тагдыр өзү чечмейинче токтобой турган. Тинатин эшикти акырын жапты. Коридордо Айгүлдүн акыркы сөзү дагы эле кулагында жаңырып турду.
“А эгер сени сүйсө?..” Ал бул сөздөн качкысы келди. Бирок адам кээде башкалардын оозунан уккан чындыкты өз жүрөгүнөн жашыра албайт экен. Тинатин тепкич менен өйдө чыгып, хан сарайдын эң алыскы балконуна барды. Эшикти жапты. Ошондо гана өзүн кармай албай калды. Ал балкондун тосмосуна жөлөнүп, бетин алаканы менен жаап ыйлап жиберди.
– Эмнеге?.. - деди ал муңканып.
– Эмнеге баары ушунчалык оор болуп кетти?..
Бекзат ооруканада. Үй-бүлө кыйроонун алдында. Айгүл менен тирешүү. Мараттын күтүүсүз пайда болушу... Баары бир убакта башына түштү. Ал көз жашын сүрттү. Бирок жашы кайра агып жатты. Ошол учурда арт жактан жай гана үн угулду.
– Ыйлап бүттүңбү?
Тинатин жалт карады. Балкондун эшигинин жанында бир кыз туруптур. Ак жүзү кубарып, узун чачы ийинине түшүп турган. Жүзүндө оорудан калган чарчоо бар эле. Бирок көздөрү... Бекзаттыкындай. Ойлуу. Тинатин аны биринчи жолу көрүп жаткан.
– Кечир...- деди кыз. – Мен сени жалгызсыратпайын деп ойлогом.
Тинатин көз жашын сүртүп:
– Жок, эч нерсе эмес.
Кыз акырын жанына басып келди.
– Мен Аделмин.
Тинатин башын ийкеди.
– Тинатин.
– Билем.
Тинатин таң калды.
– Мени билесиңби?
Адел акырын жылмайды:
– Бул үйдө сен жөнүндө көп сөз болот. Бир азга унчукпай калды. – Айрыкча Бекзат жөнүндө сөз болгондо.
Тинатиндин жүзү кайра өзгөрдү. Адел аны байкап, дароо:
– Коркпо. Мен сага каршы эмесмин,- деди.
Адел балкондун тосмосуна жөлөндү.
– Сен Бекзатты жакшы көрөсүңбү?
Тинатин көзүн төмөн салды.
– Мен... билбейм.
– Адам “билбейм” дегенде көбүнчө билет.
Тинатин ага карады. Аделдин жылмаюусунда кайгы бар эле.
– Сен кимсиң?- деп сурады Тинатин.
Адел бир саамга жооп бере албай турду. Андан кийин:
– Мен анын карындашымын.
Тинатиндин көздөрү бакырайып кетти.
– Бекзаттын?
– Ооба.
Адел акырын күлдү.
– Эл мени үй-бүлөнүн назик кызы деп ойлойт. Бирок чындыгында мен Бекзаттын көлөкөсүндө чоңойдум. Тинатин анын үнүнөн оор нерсени сезди.
– Сен ооруп жатасыңбы?
Адел унчукпай калды. Шамал анын чачын акырын кыймылдатып жатты.
– Бир аз.
– Эмне болду?
– Муну бүгүн сүйлөшпөй эле коёлу.
Ал Тинатинге карады.
– Сен өзүң ыйлап бүтө элексиң.
Тинатиндин жүзүндө билинер-билинбес жылмаюу пайда болду.
– Сен кызык экенсиң.
– Бекзат да ушинтип айтчу.
– Бекзат сен жөнүндө көп сүйлөйбү? Аделдин көздөрү жумшарып кетти.
– Мен жөнүндө эмес.
Ал алысты карады.
– Ал мени коргойт, кандай болбосун. Мен ооруп калсам, жанымда. Корксом, жанымда. Түн ичинде дем жетпей калса, биринчи болуп бөлмөмө кирген да ошол.
Аделдин көздөрүнө жаш толду.
– Бирок азыр...
Ал үнүн араң чыгарды.
– Азыр ал өзү ооруканада. Тинатин унчукпай калды.
– Билесиңби,- деди Адел. – Бала кезимде Бекзат мага дайыма: “Сен ыйлаба. Мен бармын” дечү. Ал сөз мен үчүн бүт дүйнө болчу. Адел көз жашын жашырып, жылмайды.
– Эми мен ага ошол сөздү айткым келип жатат. “Аке, ыйлаба. Мен бармын”. Бирок ал укпай жатат. Тинатиндин көзүнө кайра жаш тегеренди. Адел анын колун акырын кармады.
– Сен дагы ыйлаба.
– Эмнеге?
– Анткени Бекзат сенин ыйлаганыңды көрсө, кайра сага ачууланмак.
Тинатин таң калып:
– Ал мени урушмак беле?
Адел биринчи жолу чын жүрөктөн күлүп жиберди.
– Ооба.
– Эмнеге?
– “Өзүңдү кыйнаба” деп.
Экөө бир азга үнсүз күлүп турушту. Бирок күлкү көпкө созулган жок. Анткени экөө тең бир нерсени ойлоп жатышкан. Ооруканада жаткан адамды. Адел Тинатиндин колун коё бербей:
– Сен бул үйдө жалгыз эмессиң,- деди.
– Мен сени бүгүн гана тааныдым.
– Кээде адамды бир күн таанысаң да, көп жылдан бери билгендей сезилет.
Тинатин ага карады. Ошол түнү эки бөтөн кыз эмес, бир үйдүн эки башка кайгысын көтөрүп турган эки жүрөк биринчи жолу жакындады. Адел ордунан туруп:
– Жүр.
– Кайда?
– Бекзат үчүн дуба кылганы.
Тинатин башын ийкеди. Экөө балкондон кирип кетишти. Ал эми арттарында калган түнкү асман, сарайдын үстүндө үнсүз туруп, Исаевдердин үй-бүлөсүнө дагы кандай сырлар келе жатканын гана билгендей сезилди.
xxx
Илим ошол күнү ооруканада отуруп бир чечимге келди. Бекзаттын ордун бир адам менен эле толтуруу мүмкүн эмес болчу. Бирок холдинг күтүп турбайт эле. Компаниянын миңдеген кызматкери, түзүлбөй жаткан келишимдер, чет өлкөдөгү өнөктөштөр, банктар, фонддор – баары чечим күтүп турган. Илим колундагы документтерди акырын жапты.
– Бекзат өзү баарын бир колу менен кармап турчу экен...
Ал терең үшкүрдү.
– Эми ошол жүктү бирөөгө өткөрүш керек. Эшик ачылып, Адел кирди.
– Ата, мени чакырдыңызбы?
Илим башын көтөрдү.
– Ооба. Кел, отур.
Адел отурду. Илим анын алдына бир папка таштады.
– Бүгүнтөн баштап холдингдин убактылуу жетекчиси сен болосуң.
Аделдин жүзү өзгөрдү.
– Менби?
– Сен.
– Бирок Бекзат...
– Бекзат кайра келгенче компания токтоп турбайт.
Адел папкага колун тийгизип, бир аз унчукпай турду.
– Мен анын ордун баса албайм.
– Мен сенден анын ордун басууну сураган жокмун.
Илимдин үнү катуу чыкты.
– Мен сенден анын жоктугунда бул үй-бүлөнүн мүлкүн, кызматкерлерин жана эмгегин сактап калууну сурап жатам.
Адел башын ийкеди.
– Түшүндүм.
– Мен сага ишенем.
Бул сөз Адел үчүн буйруктан да оор сезилди. Бирок Илимдин дагы бир чечими бар эле. Ал Тинатинди чакыртты. Тинатин киргенде Илим анын алдына башка папканы койду.
– Бул эмне?
– Түркиядагы жеке менчик карылар үйлөрү.
Тинатин таң калды.
(Уландысы кийинки санда)