Биз социалдык тармакта

ЭШЕКТЕР АФРИКАДА ПАЙДА БОЛУШКАНБЫ? 

Тарыхый маалыматтарга караганда, эшектер Африкада пайда болуп, анан бүт дүйнөгө тараган. Биздин заманга чейин 3000 жыл мурун Египетте колго үйрөтүлө баштаган. Дүйнөдө 250дөн ашык породасы бар. Көлөмү, бою жагынан абдан айырмаланышат. Карликтеринин бою 90 сантиметрдей болсо, каталония (Испания) жана пуату (Франция) эшектеринин бою 150 сантиметрге чейин жетет. Учурда Африканын Сомали жана Эфиопиясындагы жапайыларынын буттарында зебраныкы сымал жол-жол сызыкчалары бар. Ал эми Египет менен Судандын ортосундагы Нубия аймагындагы жапайылары дээрлик жок болуп кеткен деп эсептелет. Качандыр бир кезде адамдардан качып кетип жапайы жашоого көнүп, көбөйгөндөрү учурда Австралия, Кипр, АКШда жашашат. Алардын бардыгы коргоого алынган. Жакшы багып караса, 50 жылга чейин жашашат. Атка салыштырмалуу тоют тандабайт, ысыкка чыдамдуу, алар ооруй турган оорулар аз. Жапайы эшектер саатына 70 чакырымга чейин чуркай алышат. Африкалыктар жапайы эшектерге териси, эти үчүн аң уулашкандыктан жок болуп баратат.

 

Кулан – Азиядагы жапайы эшек                    

Кулан түрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт: онагр (Иран), жигетай (Монголия), хур (Иран, Пакистан, Индия), кианг (Батыш Кытай, Тибет), Сирия куланы (Сирия, Месопотамия, Арабия жарым аралы). Кулан – монгол сөзү, бизче “жеңилбес, ыкчам” дегенди түшүндүрөт. Маалыматтарга караганда, дүйнөдө 55 миңге жакын кулан калды. Алардын болжол менен 75 пайызы Монголияда жана Кытайдын түндүгүндө жашашат. Казакстандагы популяциясы калыбына келүүдө жана учурда 4600дөн ашык. Эң чоң үйүр “Алтын-Эмел” улуттук паркын байырлайт. Ошондой эле куландар “Барсакелмес” коругуна, “Иле-Балхаш” жана “Алтын дала” резерваттарына отурукташтырылууда. Браконьерликтен улам түркмөн куланынын саны кескин азайып кеткен. "Бадхыз" коругунда жана ага чектеш аймактарда 920га жакын кулан калган. Ирандагы жергиликтүү түркүм (онагр) жок болуп кетүү коркунучунда турат, болгону бир нече жүзү гана калган. Израилдин Негев чөлүндө кайра көбөйтүлгөн, учурда 250гө жакын кулан жашайт.

 

Качырлар адамга жардамчы

Ат менен эшекти аргындаштыруудан жаралган. Булар эшекке караганда чоң, ат сымал оор нерселерди көтөрүүгө жөндөмдүү, бирок тукум алууга болбойт.

Учурда кээ бир тоолуу өлкөлөрдөгү аскердик бөлүктөр да тапшырмаларды качырлардын күчү – жардамы менен аткарышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан