Биз социалдык тармакта

Венера Сатылганова, актриса: “ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫН ТОКТОП КАЛГАНЫНА ИЧИМ АЧЫШАТ”

Ырчы, актриса Венера Сатылганова бир кезде ырлары жана экрандагы образдары менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алууга жетишкен. Бирок турмуш-шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстаганга мажбур болгон. Бул жолу Венера айым менен чыгармачылык жана аял, кубаныч жана өкүнүч, кечээ жана бүгүн деген темаларда баарлаштык. 

 

– Саламатсызбы, Венера эже, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатчылык. Жакшы, Кудайга шүгүр.

– Алгач чыгармачылыкка кантип келгениңизди эстеп, ошондон кеп баштап берсеңиз...

– Чыгармачылыкка келип калганымдын себепкери маркум актёр Мукамбет Токтобаев болгон. Ал киши биздин кудабыз эле. Менин ырдап, бийлегенимди көрүп “театрга жаштарды алып жатабыз, бир келип кетпейсиңби?” деп калды. “Туңгуч” театрына барсам Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев сыяктуу чоң актёр, актрисалар отурушуптур. Аябай сүрдөдүм. Алар бийлетип, ырдатып, роль аткартып көрүп, жактырып алып калышты. 1995-жыл эле.

– Элге “18 жаш” деген ыр менен таанылдыңыз окшойт. Бул ырды ырдап калышыңыздын таржымалы кандай?

– 1997-жылы “18 жашты” ырдап чыктым. Өзүмө ыр издеп “Ала-Тоо таңшыйт” деген ыр китепти барактап отурсам, апам сунуштап калды. Ага чейин укпаптырмын, апам ырдап берди, дароо эле жактырдым. Эртеси театрга келип, музыкант бала экөөбүз “ушул жерин мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ырдын үстүнөн күнүгө иштей баштадык. Кичине ыргак  коштук. Анан Жамал эжелерге ырдап берсем, аябай жактырышты. “Туңгуч” театрында чоң концерт болмок, ошого даярданып жатканбыз. Мен “18 жашты” эмне кийип ырдайм?” деп калдым. Ал кезде костюм тиктиргенге акчам деле жок эле. Мурат Мамбетов “жүрчү” деп алып барып, мага кийим тандап берди. Эски, кемпирлер кийген көйнөктү, чыптаманы, өтүктү таап берип “ушуларды кий” деди. Мен “ушул кемпирдин кийимдерин киемби?”  деп жиним келди. Ал “кийсең, кийин мага рахмат айтасың” деп койду. Ошентип концертке ошол кийимде ырдап чыктым. Элдин алдына чыкканда толкунданып,  ырымдын сөзүн унутуп калдым. Ал кезде жандуу үндө ырдачу элек да, окшоштуруп ырдай бердим. Көрүүчүлөр ырдын сөзүнө деле көңүл бурушкан жок, алар көйнөк-жоолугумду жактырып, ыраазы болуп кол чаап жатышты. Сахнадан кетирбей кол чабышып, кайра-кайра ырдадым. Көрсө, ошол кезде этно-кийимди биринчилерден болуп мен кийиптирмин. Мурат туура айткан экен. Ошондон кийин Венера Сатылганова болуп элге таанылдым. Бирок  укмуш жылдыз болуп жатканымды билбептирмин, болбосо “18 жаш” деп концерт койсом деле болмок экен.

– Актриса катары айтсаңыз, кайсы ролуңуз сиздин жан дүйнөңүзгө, табитиңизге эң жакын болду?

– Актриса катары мага жаккан ролум – “Чолпон” мюзиклиндеги Айдайдын ролу болду. Ошол ролду ойногондо ушунчалык ырахат алчумун. Себеби – ал жакта ырдап дагы, роль дагы ойноп, экөөнү бирдей алып кеткеним мага жаккан. Бир жагынан терс каармандын ролу болгон үчүн дагы жакчу.

– Адам баласы тагдырдын буйругунан кача албайт экен. Уулуңуз капыстан ооруп калып, жумушту таштоого туура келди да?

– Ооба, капыстан балам ооруп калды. Башында кичине ооруп, анан жакшы болуп кетет деп ойлогом. Бирок мен ойлогондой болгон жок, жыл сайын абалы начарлап, оорлошуп, акырында баспай калды. Ошентип жумушту эмес, баламды биринчи орунга коюп, анын колу-буту болуп жанында отуруп калдым. Айла жок, тагдырдын буйругуна, Кудайдын сыноосуна баш ийет экенсиң да.

– Учурда уулуңуз Нурдан кандай? Канчага чыгып калды?

– Балам 25 жашка чыкты, абалы азырынча бир калыпта эле. Ушундан начарлап кетпесин деп Кудайдан тилеп отурабыз.

– Жолдошуңуз Мурат Мамбетов белгилүү кинорежиссёр, актёр. Сиздеги кыялдар, максаттар ал кишинин чыгармачылыгы аркылуу ишке ашкандай болобу?

– Ооба, Мураттын ийгиликтери – менин да ийгиликтерим десем болот. Менин чыгармачылыгым токтоп калса да,  Мураттын ийгиликтери болуп, чыгармачылыгы артып турсун деп тилейм. Мен максаттарыма жетпей калдым, жок дегенде ал жетсин.

– Жолдошуңуздун кайсы ролун өзгөчө жактырасыз?

– Мураттын бардык ролдору жагат. Бирок өзгөчө “Бөрү зындан” тасмасындагы Композдун ролун жактырам.

– Турмуштун сыноолорунда сизди эң жакшы түшүнгөн адам ким болду?

– Мени эң жакшы түшүнгөн адам – бул жолдошум Мурат болду. Экөөбүз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, бири-бирибизди түшүнүп жашоо кечирип келебиз. Ошондой эле мени бир туугандарым колдоп турушат. Анан дагы жакын курбум, актриса Махабат Апешова дайыма жанымда болду. Башыма оор сыноолор түшкөндө кесиптештерден бир гана Махабат калды жанымда.

– Сиз жана Гүлнур Сатылганова, таланттуу эже-сиңди катары таанымалсыздар. Сиздерден башка бир туугандардын арасында да жакшы ырдагандары барбы?

– Биздин ата-энебиз аябай таланттуу адамдар эле. Атам комуз чертчү, азыр ойлосом, чоң күүлөрдүн баарын ойночу экен. Эртең менен эрте туруп мешке от жагып, комуз чертип отура калчу эле. Апам болсо жакшы ырдачу. Байкем, инилерим да комуз чертип, ырдашат. Бирок эл алдына чыгышкан жок. Кичинебизде үйдө атам менен апам жок болсо эле “концерт коюп” ойной берет элек. Ал кезде популярдуу болгон Индия кинолорундагы каармандарды туурап бийлеп калчубуз. Гүлнур эжем мектепте окуган кезинде эле гитара чертип, ырдачу.

– Эгер жаш кезиндеги Венера Сатылганова азыр алдыңызда отурса, ага кандай кеңеш берет элеңиз?

– Азыр жанымда жаш Венера отурса, “жетишем деп эч качан бүгүнкү ишиңди эртеңкиге калтырба. Себеби "убакыт – учкан куш", көз ачып-жумганча элүүдөн ашып кетесиң. Баарын өз убактысы менен жаса, алдыда кандай жолдор күтүп турганын билбейсиң. Ошондуктан кечиктирбе” дейт элем.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Баламдын ооруп калганына өкүнөм. Аны менен тең балдарды көрүп, “менин балам деле ушинтип басып жүрсө жарашат эле го” деп ичтен сызам. Башка балалуу боло алган жокмун. Чыгармачылыгымдын токтоп калганына дагы ичим ачышат.

– Маектешүүгө убакыт бөлүп бергениңиз үчүн рахмат! Бар болуңуз!   

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан