Биз социалдык тармакта

Татына Капарова, диктор: “ЖАСАЛМА ҮН МЕНЕН УГАРМАНДЫ КӨПКӨ КАРМАП ТУРА АЛБАЙСЫҢ”

“Жаңылыктар менен тааныштырып, эфирде Татына Капарова...” Бул сөздү сиз көп эле жолу уккан болушуңуз керек, урматтуу окурман.  “Кыргызстан обондору” радиосунда жаңылыктар түрмөгү адатта дал ушул сүйлөм менен коштолот эмеспи. Маектешим – белгилүү диктор Татына Капарова. 

 

– Татына айым, үнүңүздү көпчүлүк жакшы тааныйт. Окурманга өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз... 

– Үн – диктордун визиттик картасы. Жүзүмдү баары тааный бербегени менен, жылдар бою радиоэфирден жаңырган үнүм, “саламатсыздарбы, бул чыгарылышта...” деген саламдашуум көбүнө тааныш болсо керек. Мен – микрофон аркылуу журтума жаңылыктарды жеткирген Татына Капаровамын.

– Жакындан билбеген адамдар сиз жөнүндө эмнеден жаңылышат?

– Сырттан караганда абдан бекем, кайраттуу жана эмоцияга алдырбаган, чечкиндүү адамдай көрүнүшүм мүмкүн. Чындыгында ички дүйнөм абдан назик, айланадагы ар бир нерсени жүрөгүм менен сезген, майда нерселерге дагы тынчсызданып, көп ойлорду ичимден өткөргөн сезимтал адаммын. Радионун босогосун 22 жашымда аттап, эфирге чыгып баштагандан бери бир кызыктуу көрүнүшкө күбө болуп келем. Жаңылыктарды дайыма олуттуу, салмактуу үн менен окугандыктан, мени угармандар жашы улуу, сүрдүү аял катары элестетип алышат окшойт. Жүз көрүшкөндө “ай-ий, улуураак эже го десем, жаш эле кыз турбайсызбы” деп таң калышканын тамаша аралаш көп угуп калам.

– Жаңылык окуган “олуттуу” Татына менен кадимки жашоодогу Татынанын айырмасы чоңбу?

– Бир эле инсандын эки башка тарабы. Эфирде токтоо, ар бир сөздү таразалап окуган салмактуу диктормун. Ал эми жашоодо болсо сезимтал, жаратылышты, үй-бүлөлүк жылуулукту, апамдын тамактарын, уулум менен сырдашканды жактырган жана кичинекей нерселерден да кубаныч таба билген жөнөкөй адаммын. Эфирдеги олуттуулук – бул менин кесибиме болгон урматым, ал эми жашоодогу жөнөкөйлүк – менин жан дүйнөмдүн чыныгы абалы.

– Көп жылдан бери эфирде жаңылык окуйсуз. Кандай кабарларды окуу кыйын сиз үчүн?

– Диктордун микрофон алдындагы эң оор милдети – жүрөгү сыздап турса да, үнүн титиретпей, кабарды ишенимдүү жеткирүү. Менин тажрыйбамда эң оор учур – Дача СУ айылынын үстүнө учак кулаган күн болду. Ошол күндөрү биз күчөтүлгөн тартипте иштеп, улам-улам кырсыктын кесепеттери, каза болгон мекендештерибиз, арасындагы күнөөсүз жаш балдар тууралуу жаңылыктарды окуп жаттык.

– Чыныгы абалыңды эфирде угарманга билдирбөө жоопкерчилиги деп калдыңыз. Бул кыйынбы?

– Албетте. Эфирде эмоцияны катып, үндү бир калыпта кармоо – диктордун жөндөмү. Аны бара-бара үйрөндүк. Жеке жашоомдо оор күндөр баштан өтүп жаткан учурда микрофон алдында канчалык сыр билдирбейин десем да, билдирип алган учур болгон. Ошондо радиону угуп жаткан бир тааныш эжем дароо чалып, “Татына, үнүң бөлөкчө чыгып жатат, сага эмне болду?” деп сураган.

Ошондой эле кубаныч менен күлкүнү катууга туура келген учурлар да көп болгон. Радиого жаңы келген жылдары тажрыйбалуу кесиптештерим түз эфирде олуттуу жаңылык окуп жаткан дикторду күлдүрүп, сынап көрүүнү жакшы көрүшчү. Ошондой “чукул тамашалардан” улам түз эфирде күлкүмдү араң тыйган, кээде күлүп жиберген учурларым да болбой койгон эмес.

– Эфирде диджейлердин үнү дайым жагымдуу. Бул тубаса өзгөчөлүкпү же жасалмалап сүйлөөнүн техникасыбы?

– Диафрагмалык дем алуу жана жылдар бою калыптанган профессионалдуулук. Негизинен үндү жасалма түрдө өзгөртүп, “жасап” сүйлөө таптакыр туура эмес. Жасалма үн менен угуучуну бир-эки мүнөт алдашың мүмкүн, бирок узак убакыт бою ишеним жарата албайсың. Анткени жасалмалуулук дароо билинет.

Дикторлук өнөрдө “үндү жасоо” эмес, “үндү туура коюу” деген түшүнүк бар. Бул – демди туура алып, табигый тембриңди туура пайдалануу. Ал эми радио алып баруучулардын же диджейлердин үнү эфирде башкача угулганынын себеби – эфирдик эмоция жана кесиптик формат. Эфирде адамдын энергетикасы жогорулап, үнгө өзгөчө темп, маанай жана боёктор кошулат. Күнүмдүк турмушта адам андай жогорку эмоционалдык режимде сүйлөбөйт да. Ошондуктан “жашоодо үнү башкача экен” деген пикир жаралышы мүмкүн. Бул – жасалмалуулук эмес, болгону микрофон алдындагы жумушчу маанай.

– Эфирде кетирген катаңыз эсиңиздеби?

– Ой, андай учурлар абдан көп болгон. Түз эфирде жаңылык окуп жатканда тил сүрүнүп, сөздүн муундарын алмаштырып айтып алган учурлар сөзсүз болот. Эфирде олуттуу түр көрсөтүп жаңылыкты оңдоп кетесиң да, микрофон өчкөндөн кийин катаңа өзүң күлүп каласың. Оор сөздү белгилеп, көңүл буруш керек деп даярданып барасың дагы, анын жанындагы жөпжөнөкөй сөздөн жаңылып аласың да (күлүп).

– Учурда “Сүйүнчү” радиосун жетектеп жатасыз, жоопкерчилик мурдагыдан эки эсе көппү?

– Биздин медиахолдингде 6 эң популярдуу радиостанция бар. Бардыгында жаңылыктарды окуйм. Ал эми “Сүйүнчү” радиосун жетектөө – менин радио тармагындагы 14 жылдык жолумдагы таптакыр жаңы, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу баскыч болду. Мурда мен микрофон алдында гана жоопкерчиликти сезип, даяр кабарды угарманга жеткирсем, азыр бүтүндөй радиостанциянын маанайын, эфирдик контентти жана чыгармачыл команданын дем-күчүн калыптандыруу милдети моюнумда. Жөн гана эфирдик диктор катары эмес, стратегиялык ой жүгүрткөн медиа-менеджер, уюштуруучу жана команданы бир максатка багыттаган жетекчи катары өстүрүп жатат. Диктор болуу – өз үнүңдүн жана өз эфириңдин кожоюну болуу. Диктор микрофон өчкөндө эс алса, жетекчинин ойлонуусу, пландаштыруусу эфирден кийин да токтобойт.

– Тоого чыгуу, чуркоо хоббиңизби?

– Ооба, жаратылыш коюнунда болуу, өзгөчө тоонун чокусуна кыйналып чыгып, кайра ылдый түшкөндөгү кайталангыс эмоционалдык ырахатты сезүү өзгөчө бакыт. Чуркоо боюнча түрдүү мелдештерге жигердүү катышып, топтогон медалдарым да арбын. Бир күнү жарым марафонду чуркап өткөндөн кийин “болду, бул чекти багындырдым” деп, чуркоодон бир аз алыстагам. 

– Жумушта кандай учурларда өзүңүз менен сыймыктанасыз?

– Элдин сүйүүсү жана урматы – мен үчүн сыймык. Түз эфирлер, жашоодо адамдар менен таанышып, атымды атаганда же үнүмдү укканда “аа, Татына Капарова сизби?” деп дароо таанып, атымдан атап саламдашканы кымбат баа. Ошол көз ирмемдерде кадимкидей кубанып, ичимден “демек, эмгегим текке кетип жаткан жок экен, элиме үнүм жетиптир” деп кадимкидей канааттанам.

– Жаш дикторлорго кандай кеңеш берет элеңиз?

– Жаш дикторлорго айтар үч башкы эрежем: табигыйлык, жоопкерчиликтүүлүк жана изденүү. Үндү “жасап” сүйлөөдөн качып, өз табигый тембриңерди өстүргүлө. Микрофон артында турган ар бир мүнөттүн жоопкерчилигин сезип, окуган кабарыңарга олуттуу мамиле кылгыла. Эң башкысы – сөздү жөн гана айтпастан, анын маанисин жеткирүүнү үйрөнгүлө.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан