“Учурда интернет, смартфондор, электрондук төлөмдөр жана автоматташтырылган системдер ишкерлердин ишин жеңилдетти. Бирок чакан жана орто бизнестин ээлери көптөгөн иштерди дагы деле өздөрү аткарышат. Мисалы, товар сатуу, жарнама даярдоо. Жасалма интеллект бул иштерди жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет”,- дейт жасалма интеллект боюнча эксперт Айзаратбек Эсенов. Айзаратбек мырза жасалма интеллект боюнча магистратураны Түштүк Кореянын Ханянг университетинен аяктаган.
Бизнеске пайдасы
Жасалма интеллектти бизнестеги жардамчы катары кароого болот. Негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр:
• Убакытты үнөмдөө. Көп убакыт талап кылган иштерди тез аткарат.
• Чыгымдарды азайтуу. Жарнама, дизайн жана текст даярдоо сыяктуу иштерге кеткен чыгымдарды кыскартууга жардам берет.
• Кардарларды тейлөөнү жакшыртуу. Кардарлардын көп берилген суроолоруна автоматтык түрдө жооп берүүгө болот.
• Маалыматтарды талдоо. Кайсы товар көп сатылганын жана кардарлар эмнеге кызыгарын аныктоого жардам берет.
• Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу. Ишкер убактысын башка маанилүү иштерге жумшай алат.
Негизги мүмкүнчүлүктөрү
• Маркетинг жана жарнама
Жасалма интеллект жарнамалык тексттерди, социалдык тармактар үчүн постторду жана сүрөттөрдү даярдай алат. Бул ишкерлерге өз товарларын кеңири аудиторияга таанытууга жардам берет.
• Кардарларды тейлөө
Чат-боттор кардарлардын суроолоруна автоматтык түрдө жооп берип, баалар, иш убактысы жана жеткирүү шарттары жөнүндө маалымат бере алат.
• Маалыматтарды талдоо
Жасалма интеллект сатуу көрсөткүчтөрүн, кардарлардын кызыгуусун жана товарларга болгон суроо-талапты талдоого жардам берет.
• Сүрөт жана видео жаратуу
Атайын программалар аркылуу товарларга жарнамалык видеолорду, презентацияларды жана визуалдык материалдарды даярдоого болот.
ЖИни күнүмдүк иштерге колдонуу
ChatGPT
Функциясы: Текст жазуу, жарнама даярдоо, идея табуу, маалыматтарды түшүндүрүү жана кардарларга жооп түзүү үчүн колдонулат.
Gemini
Функциясы: Кардардын узун катына жооп жазып берет, канча бир беттик документтин кыскача мазмунун чыгарат, Sheets'теги таблицадан жыйынтык табат. Мисалы, “ушул айда эң көп сатылган 5 товарды көрсөт жана өткөн ай менен салыштыр” деп жазсаңыз жетиштүү. Мурда бул үчүн атайын формулаларды билүү керек болчу. Башкача айтканда, электрондук каттарды жазууга, документтерди кыскача түшүндүрүүгө жана таблицалардагы маалыматтарды талдоого жардам берет.
Canva
Функциясы: Социалдык тармактар үчүн жарнамалык сүрөттөрдү, плакаттарды, презентацияларды жана дизайндарды даярдоодо колдонулат. Башкача айтканда, кызматы – дизайн, Magic Studio: фон өчүрүү, текст, өлчөм өзгөртүү.
ElevenLabs
Функциясы: Текстти табигый үнгө айлантат, үндү башка тилге которот.
CapCut
Функциясы: Видеолорду монтаждоого, автоматтык түрдө субтитр кошууга жана жарнамалык роликтерди даярдоого жардам берет.
ManyChat
Функциясы: Кардарлардын көп кайталанган суроолоруна автоматтык жооп берүү жана социалдык тармактардагы байланыштарды жөнөкөйлөтүү үчүн колдонулат (Instagram, WhatsApp, Telegram аркылуу автоматтык жооптор). Мындан тышкары NotebookLM документтер менен иштөөгө, ElevenLabs текстти үнгө айландырууга, ал эми Zapier жана Make ар кандай программалардын ортосундагы иштерди автоматташтырууга жардам берет.
Pomelli
Функциясы: Бул маркетинг куралы. Сайтыңыздан бренд стилин үйрөнүп, ошол стилде постторду жана жарнак даярдайт. Иштөө принциби жөнөкөй. Сиз сайтыңыздын дарегин бересиз, ал бизнесиңиздин, брендиңиздин “ДНКсын” — түстөрүн, шрифттерин, сүрөттөрүнүн стилин, сүйлөө манерин өзү үйрөнүп алат. Андан кийин ошол стилде социалдык тармактар үчүн постторду, жарнак сүрөттөрдү жана тексттерди даярдап берет. Мурда брендге ылайык пост жасаш үчүн дизайнерге “биздин түстөр мындай, логотип тигиндей” деп узак түшүндүрүп, бир нече күн күтүүгө туура келчү. Азыр Pomelli бир нече мүнөттө бир нече вариант сунуштайт, сиз жакканын тандап, керек болсо оңдоп, жарыялай бересиз.
Flow
Функциясы: Google'дун видео жаратуучу куралы. Сиз сөз менен сүрөттөп бересиз, ал кыска видео тартып берет. Мисалы: “жаңы бышкан тандыр нан, эртең мененки нур, нандан буу көтөрүлүп жатат”. Жыйынтыгында наабайканаңыз үчүн жарнак клипке операторсуз, студиясыз эле ээ болосуз. Кыскача айтканда, сөз менен сүрөттөлгөн кыска видео клиптерди жаратат (Veo модели). Кеңеш: ЖИ жараткан видеону жарнакта колдонсоңуз, ал чыныгы продукцияңызга окшош болсун. Кардар видеодогу тортту көрүп келип, такыр башка нерсени алса, ишеним жоголот.
NotebookLM
Функциясы: Бул — компанияңыздын “мээси”. Ар бир бизнесте келишим, нускама, баа тизмелери, эрежелер топтолот. NotebookLM'ге ушул документтерди жүктөйсүз, андан кийин алар боюнча суроо бере аласыз. Мисалы, “кайтарым эрежеси кандай?”, “жеткирүү канча күнгө созулат?” Ал жоопту дал ошол документтерден таап, кайсы жерден алганын көрсөтөт. Андан тышкары документтериңиз боюнча подкаст сыяктуу аудио-обзор да жасап берет.
Бул жаңы кызматкерди окутууда абдан ыңгайлуу. Мурда жаңы келген адам 50 беттик нускаманы бир жума окуса, азыр суроосу пайда болгондо NotebookLM'ден сурап алат.
Claude
Функциясы: Узун документтер, сунуштар, анализ, тексттерди оңдоо үчүн колдонулат.
HeyGen
Функциясы: Санарип аватар менен видео-презентация жасоого болот.
Otter, Fireflies
Функциясы: Жолугушууну жазып, кыскача жыйынтык чыгарып берет.
Zapier
Функциясы: Программаларды байлап, иштерди автоматташтырат.
Эскертүү: Google'дун жаңы кызматтары, айрыкча Labs'тагылар, адегенде айрым өлкөлөрдө гана ачылат. Колдонордон мурда Кыргызстанда жеткиликтүүбү, текшерип алыңыз.
Жасалма интеллектти бизнесте колдонууга мисалдар
Биринчи мисал — кондитердик цех. Торт жасаган ишкер ChatGPT аркылуу жарнамалык текст жаздырып, Canva аркылуу кооз сүрөт даярдай алат. Ошентип, кардарларды тартууга кеткен убакыт кыскарат.
Экинчи мисал — кийим дүкөнү. Дүкөндүн ээси товарларды сүрөткө тартып, Canva менен сүрөттөрүн оңдоп, ChatGPT аркылуу ар бир товарга сүрөттөмө даярдай алат.
Үчүнчү мисал — конок үйү. Жасалма интеллект туристтердин суроолоруна жооп даярдоого жана маалыматтарды чет тилдерге которууга жардам берет.
Бул мисалдар жасалма интеллекттин ар кандай тармактарда колдонулушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Жасалма интеллекттин кемчиликтери
Жасалма интеллекттин артыкчылыктары көп болгону менен, айрым кемчиликтери да бар.
• Маалыматтардын так эместиги. Жасалма интеллект кээде ката маалыматтарды берет. Ал берген маалыматтарды текшерүү зарыл.
• Жеке маалыматтардын коопсуздугу. Кардарлардын жеке маалыматтарын жана компаниянын купуя документтерин коргоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
• Адамдын көзөмөлүнүн зарылдыгы. Жасалма интеллект даярдаган тексттерди толугу менен көчүрбөстөн, аларды текшерип, өз ишиңе ылайыкташтыруу зарыл.
• Чыгымдар. Айрым программалардын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү акы төлөөнү талап кылат.
• Технологияга көз карандылык.
Жыйынтык: Бардык чечимдерди жасалма интеллектке тапшыруу туура эмес. Аны жоопкерчилик менен колдонуп, билим жана тажрыйба менен айкалыштыруу зарыл.
Канымжан Усупбекова