Биз социалдык тармакта

УРАЗ КАЙГЫЛАРОГЛУНУН ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ УЗАК ЖОЛУ

Түркия киносунун “карышкырларынын” бири. Харизмасы өзүнөн биринчи эшиктен кирген актёр – Ураз Кайгылароглу.  Азыр ал өз мекенинде эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчуна белгилүү адам. Бирок бул белгилүүлүк ага оңой жана эрте келген эмес. 13 жашында актёрлук карьерасын баштап, 32ге чыкканда гана өз атын тааныта алган. Эгер Ураз мырзанын чыгармачылыгы менен тааныш болсоңуз, бул макаладан анын өмүр таржымалын окуп коюу да ашыкча болбойт.

 

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы:

1987-жыл, 30-июнь

Жылдыз белгиси: бөйөн

Бою: 193 сантиметр

Кесиби: актёр, комик, алып баруучу, модель

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Жер алды”, “Мени жашыр”, “Үч куруш”, “Элчинин кызы”, “Катуу кол чабуулар”, “Тапшырма” жана башка

 

Таятасынын баласы

Турдизинин жылдызынын ата-энеси кинематографиядан алыс адамдар. Атасы Ураз 4 жашында кырсыктап каза болуп калып, анын ордун таятасы баскан. Таятасынан көп нерсе үйрөнгөнүн айтат, ошол эле адамдар менен коркпой ачык-айкын сүйлөшкөндү, дос күткөндү, юморду, жашоого тың болууну... Таятасы ага “жыгылган эч нерсе эмес, негизгиси канча жыгылса да кайра күлүп-жайнап туруп кетип жолун улаган адам кыйын” дечү. Мына ушундан улам да кичинекей Ураз чоңойгондо кыйынчылыктан коркпогон, тоскоолдуктарды аттап өткөн өжөр адам болгондур.

 

140тан 80 килограммга...

Көп сүйлөгөн, шайыр бала эле, жанында жандаган достору да көп болчу. Кино деген кыялы мектеп курагында калыптанган. 10 жашынан баштап кинопробаларга катышууга аракетин баштаган. 13 жашынан эпизоддук, майда-чүйдө ролдорго катышып калды. Бирок аны баш каарман катары көргөн киши жок эле. Анын үстүнө ашыкча салмагы да кастингден өтүүгө тоскоол болуп туруп алган.

Апасы аны кинодон көргүсү келген жок, “туруктуу жумуш тапчудай окууга оку” дечү. Андыктан мектепти бүткөндөн кийин Стамбулдагы Билги университетинин жарнама жана маркетинг бөлүмүнө тапшырган. Окууга тапшырганы менен, апасына “эч качан бул кесип менен иштебейм” деп ачык эле айткан. Бош убактысында актёрдук чеберчилик боюнча курстарга да барар эле. Кошумча келбетине кам көрүп, туура тамактануу жана спорттун аркасы менен 2 жыл аралыгында 60 килограмм салмак таштаган экен. Ошондо 140 килограммдык толук жигит 80 килограммдык чымыр денелүү мырзага айланган.

 

Кино карьерасы...

Ураз мырзанын карьерасына көз чаптырганда анда баш-аламан калейдоскопту көрсө болот. Бир түрдүү образдар жок, түрдүү жанр, түрдүү роль. Бир туруп комедияда элдин баарын жылмайта алса, бир туруп драмалык ролдору менен терең ойго салат. Кинодогу чоң сахнага 2008-жылдан баштап активдүү чыга баштаган. Ал эми атактуулукка 2019-жылы “Элчинин кызы” сериалы менен жетти. Ураздын сериалдагы образы көрүүчүгө жагып, башкы каармандар менен теңме-тең бааланып, андагы сүйүү үч бурчтугунда Ураздын каарманы жеңишке жетиши керек дегендер көп болгон. Андан кийин актёрдук пайдубалын бекемдеген “Үч куруш” (“Үч тыйын”) криминалдык драмасы чыкты. Мында актёр толук кандуу баш каарман эле. Цыгандардын кварталы, криминалдык териштирүүлөр... Бул атмосферага актёрдун харизмасы көрк кошконун сериалдын көрүүчүлөрү билсе керек. 2024-25-жылдары актриса Жемре Байсел менен “Мени жашыр” сериалына тартылып, экөөнүн кадрдагы “химиясы” жогору бааланды. 2025-2026-жылдары хит болгон “Жер алды” криминалдык долбоор чыкты актёр катышкан. Учурда 2-сезону көрсөтүлүүдө. Анда ал криминалдык картелдин башчысы Бозкурт Ханоглунун ролунда. Бул роль үчүн ал бир нече ай бою кримавторитеттердин өмүр баянын окуп, психологиясын түшүнгөнгө аракет кылган. Анын тасмадагы “өмүрүм” деп жубайын эркелеткени хит сөзгө айланганы да чын.

 

Стендап-комик

Университетте окуп жүргөндө өзүнөн жаңы талант таап, окуу жайдагы иш-чараларда стендап-комик катары сахнага чыга баштаган. Учурда бул өнөрүн актёрлук менен кошо алып жүрөт. Аны алып баруучу катары телеберүүлөргө, иш-чараларга чакыргандар көп. Ал жакта актёр юмору, сөз байлыгы, ыңгайсыз абалдан байкатпай чыгып кеткен тапкычтыгы менен да элге жакындыгын көрсөтөт.

 

Татынакай кыздын атасы

2014-жылы Ураз Кайгылароглу кесиптеши, актриса Мелис Ишитенге баш кошкон. Экөөнүн Ада аттуу татынакай кызы бар. 2019-жылы түгөйлөр ажырашуу чечимине келгенде ортодо негативдүү эмоциялар, сөздөр көп болгонун эскерет Мелис айым. Бирок убакыттын өтүшү менен таарынычтар жазылып жана Ада үчүн эки тарап компромисске келип, учурда жакшы достук мамилени сактап келишет.

Харизмалуу актёр бойдок статусуна өткөндөн кийин ага айымдар тарабынан кадимкидей “аңчылык” башталган. Бирок актёр азыркыга чейин өзүн экинчи ирет нике шакеги менен байлагысы жок. Анын сүйүү торуна бир нече атактуу да, атактуу эмес да айымдар илинип, сүрөттөрү интернет желесине тарап, бирок бири да Ураз мырзаны жанында кармап кала алган жок. Актёр дагы деле Түркиянын көз күйдүргөн бойдок мырзаларынын катарында.

Азыр...

Азыр актёр кинодогу карьерасын активдүү улантып, бир нече долбоорлордо роль жаратууда. Андан сырткары театрда иштейт. Юмордук телеберүүлөрдүн, шоулордун катышуучусу. Жашоодогу башкы мотиватору деп – кызы Аданы айтат. Андыктан бош убактысында кызы менен сейилдегенди, саякаттаганды жакшы көрөт.

 

Кыскача...

 Жакшы көргөн сериалы – “Даңазалуу доор”, жакшы көргөн кино каарманы – Мерьем Узерли аткарган Хүррем султан.

 Мыкты ашпоз. Анын колунан даам таткан достору ашпозчулук талантын жогору баалашат жана актёрдун үйүнө көп келишет тамак ичкени.

 Көп китеп окуйт, ошондой эле нарда ойногонду жактырат.

 Сүрөт тарткан да жагат, эгер актёр болбосо ушул тармакта иштемекмин дейт.

 Жакшы көргөн спорт түрү – футбол.

 Меломан. Жактырган жанры – инди-рок жана классикалык түрк эстрадасы.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан