“Кыргыздын туулмагы да азап, өлмөгү да азап” деп Салижан Жигитов бекер айтпаган окшойт... Маркумду акыркы сапарга узатууга байланышкан көйгөйлөрдү айтып окурмандар көп кайрылышат. Мисалы, Бишкекте көрүстөндөрдө орун тартыштыгын, баалардын кымбаттыгын айтып... Бул жолу материалды ушул темага арнадык. Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Кубат Курамаев менен баарлаштык.
– Кубат мырза, учурда Бишкекте канча көрүстөн бар? Орун тартыш, баалар кымбат деген нааразычылык дагы деле айтылып келе жатат.
– Бишкекте административдик-аймактык реформага чейин муниципалдык 7 көрүстөн болгон. Реформадан кийин алардын саны 21ге жетти. Эч жактын балансына катталбаган дагы 15 көрүстөн бар. Алар Бишкектин тегерек-четиндеги айылдарда жайгашкан. Ошол 15и тең реформанын арты менен биздин агенттиктин карамагына өттү. Ошентип Бишкекте жалпы 36 көрүстөн бар азыркы тапта. Жалпы аянты 650 гектарды түзөт. Гроздь айылындагы колдонулуп жаткан көрүстөндүн аянты 44 гектар. Маевка, Алтын-Казык, Көк-Жар, Учкун жана башка конуштарда да бар. Эсепке алынбаган 15 көрүстөндүн документтери болгон эмес. Учурда инвентаризация жүргүзүлүп, чек араларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Көрүстөндөрдө орун калбай, жай, кызмат көрсөтүү акысы кымбаттап жатыптыр деген болбогон сөз. Бишкекте аза күтүү кызматын көрсөтүүчү коммерциялык агенттиктер бар. Алар кызмат акыларын кымбат алышат. Мүмкүн, ошолордукун уккандар ушундай кептерди чыгарышы ыктымал.
– Негизи сөөк коюу канча турат Бишкекте?
– Көрүстөндө жер тилкеси акысыз берилет. Бирок көр казуу, сөөк коюу кызматтары үчүн белгиленген тарифтер бар. Кызматтар топтомунун орточо баасы 32-33 миң сомду түзөт. Ага көр казуу, кепин, боз үй жана унаа кызматы кирет. Боз үйдү албаса, суммасы азыраак болот. Мындан башка сөөк жуучу стол, отургуч жана башкалар бар. Биздин агенттик маркумду шаардын ичинде да, аймактарга да ташуу кызматын көрсөтөт. Мерседес Бенц, ПАЗ автобусу жана Кадиллак үлгүсүндөгү сөөк ташуучу унаасы бар. Мисалы, Мерседес Бенцтин тарифи саатына 1242 сом. Бирөө Таласка, Ошко же башка аймакка жалдаса, унаа жеткирип, кайра келгенине канча саат кетсе, ошончо саатка төлөйт.
– Бишкекте болжол менен 1 жылда канча адам жерге берилет?
– 2026-жылдын 1-январынан 14-октябрга чейин 1279 адам жайына берилди.
– Бишкекте жашаган, бирок каттоосу жок адам каза болсо жай берилбейби?
– Мыйзам чегинде жай бекер берилет. Биздин кызматтан колдонгону үчүн гана акча төлөйт.
– Көрүстөндө канча бош орун калганын алдын ала эсептөө мүмкүнбү?
– Канча бош орун калганын алдын ала эсептөөгө мүмкүн эмес. Анткени жер кыртышы, топурагы кандай экендигин билбейбиз. Мисалы, ири таштуу тилке болсо ал жер казууга оор болуп, казылбай калтырылат. Казганда көчүп, урап кетчү борпоң жерлер болот. Андай жер да колдонулбайт. Канча орун калганы толгону калганда билинет.
– Көрүстөндөн орун тандоого болобу?
– Болот. Бирок азыр жерлер негизинен Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндөн бөлүнүп берилүүдө. Ошондой эле Маевка, Озёрное жана Восток айылдарындагы мусулмандар менен христиандар чогуу коюлган көрүстөндөргө суроо-талап жогору. Көк-Жар айылындагы мусулмандар көрүстөнү да көп колдонулат.
– Көр казгандардын айлыгы канча азыр? Мурда айлык аз деп айтышчу эле...
– Айлыктарынан тышкары ден соолуктарына келчү зыян үчүн жылдын башынан тартып 49 пайыз кошумча акча алышат. Мурун зыяндуулугу үчүн 25 пайыз гана төлөнчү. Учурда колдоруна салыктарга кармагандан тышкары, жалпы 41 миң сомдон тиет.
– Сиздердин агенттиктин кызматкерлери ашыкча акча талап кылган учурлар болот дешет...
– Бизде төлөмдөр накталай эмес түрдө гана кабыл алынат. Жаран накталай акча менен келсе да, аны төлөм терминалы аркылуу эсепке которот. Биз акча менен түздөн-түз иштебейбиз. Ашыкча акча сурашса 0558 83 10 11 телефон номерине чалып кабарлашса болот. Биз тиешелүү чараларды көрүп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Жарандардан кызматкерлерибизге акча сунуштап, аларды азгырбоону да өтүнөм. Кээде жарандар көр казгандарга өздөрү эле 1-2 миң сом калтырып кетишет. Бирок кызматкерлер акча талап кылышпайт.
– Жубайлардын бири каза болсо, экинчиси анын жанынан жайды алдын ала ээлөөгө канча төлөшү керек?
– Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык көрүстөндөрдөн кошумча орундарды акы төлөп “брондоо” тарифин бекиткен. Арыздарды 2026-жылдын сентябрь айынан тартып кабыл ала баштадык. Бул үчүн төмөнкү документтер керек: Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк, жубайлардын биринин каза болгондугу тууралуу күбөлүк. Паспорт. Орун “брондолгондон” кийин 2 орунду тең камтыган тосмо орнотулат. Бир орунду 10 жылга алдын ала “брондоонун” баасы 150 миң 647 сомду түзөт. Он жылдык мөөнөт аяктагандан кийин аны дагы 10 жылга узартууга болот.
– Көрүстөндөрдө жумушчулар жетишеби?
– Штат боюнча жалпысынан 123 кызматкер каралган, бирок кадрлардын тез-тез алмашуусу байкалат. Иш жүзүндө кызматкерлер жетишпейт. Мисалы, 330 гектар аянттагы көрүстөндө төрт гана күзөтчү иштейт, ал эми норма боюнча алардын саны 10 болушу керек.
– Сиз жетектеген агенттиктин каржылык абалы кандай?
– Чарбалык эсепте иштейбиз. Чыгымдарыбыз көп. Аларга транспортту оңдоо, тетиктерди сатып алуу, күйүүчү май, өндүрүштүк цехтин чыгымдары жана көрүстөндөрдү көрктөндүрүү иштери кирет. Жергиликтүү бюджеттен 6 муниципалдык көрүстөн гана каржыланат. Калган көрүстөндөр чарбалык эсептин эсебинен кармалат. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен бизге 32 миллион 441 миң сом бөлүнгөн. Анын 4,2 миллион сому тууган-уругу жок адамдарды жерге берүүгө, калган каражат көрүстөндөрдү көрктөндүрүүгө жумшалат. Биздин кызматкерлер көрүстөндөрдү жашылдандыруу, тазалоо, жарыктандыруу системдерин орнотуу жана оңдоо иштерин да жүргүзүшөт.
Канымжан Усупбекова