“Аккан арыктан суу агат” демекчи, Акзыйнат Эшбаева ата-энеси Токон Эшбаев менен Лира Райымбекованын жолун жолдоп ырчылык өнөрдү аркалап келет. Күлүп-жайнап, ачык сүйлөп, тыкылдап баскан ырчынын гитара, скрипкада ойноо өнөрлөрү да бар. Акзыйнат жаңылыктары, жүрөк өйүткөн ойлору, атасы өз айылына кыргызча ат койдурганына байланышкан окуя, үй-бүлөсү тууралуу кеп салып берди.
– Акзыйнат, турмушка чыкканда чыгармачылыкта тыныгуу алдыңыз окшойт. Ишке кайтыпсыз, кандай жаңылыктар бар?
– Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин солисткасы болуп 1 жылдан бери иштеп жатам. Алдыда өтчү Түгөлбай Казаковдун жана Жолдубай Кайыповду эскерүү концертине катышканы турам. Ансамблде профессионал 60-70 киши эмгектенет. Ошолордун, маэстробуздун мээнетин актап жакшы ырчы болууга аракет кылып жатам. Мен эмне үчүн оркестрди сүйөм? Анткени убагында оркестр менен ырдаган советтик ырчылар Валентина Толкунова, Людмила Сенчина, Людмила Зыкинанын ырларын сүйүп укчумун. Кийин мен да ошолордой болуп оркестр менен ырдасам дечүмүн. Ошол кыялым ишке ашты. Ырчылык өнөр деле түйшүктүү. Кээде 1 ырды алып чыгыш үчүн 2-3 айдай репитиция керек болуп калат. Ырды жаттап, жүрөгүңө сиңирип, нота менен бузбай ырдап үйрөнүшүң керек. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып баратам.
– Демек, үй-бүлөлүк иштерди бир нукка салып койдуңуз?
– Ооба. 2022-жылы турмушка чыктым. Балалуу болуп, аны чоңойтоюн деп үйдө 2 жылдай отурдум. Анан теңтуштарымды көрүп, мен да ишке чыгайын дедим. Баламдын аты Даян, декабрда 3кө чыгат. Бала бакчага барып баштаганына 1 апта болду. Уйкуну жакшы көргөн жаныбыз экөөбүз тен эртең менен эрте турганга көнө албай жатабыз. Жолдошум мамлекеттик жумушта иштейт. Сокулуктагы айылдардын биринде кайын журт менен чогуу турабыз.
– Кайнененин колунда турсаңыз, ал кишиден көп жакшы иштерди үйрөнүп жатсаңыз керек?
– Кайненем ачык, шайыр киши. Ушул жагынан экөөбүз окшошпуз. Келин болгуча картошка кууругандан башканы билчү эмесмин. Камыр жууруп беш бармак кылганды, боорсок, нан бышырганды, кыскасы, баарын кайненем үйрөттү. Чынында, тамак жасаганды жакшы көрбөйм, бирок үйдөгүлөрдүн курсагын тойгузуу үчүн жасоого туура келет. Кол өнөрчүлүктөн абдан алысмын. Ийне кармап иш кылбайм.
– Чоң сахнага алгачкы жолу чыкканын ар бир ырчы эстеп калса керек. Сизде кандай болду эле?
– 2018-жылы апам Лира Райымбекова концерт берген, ошондо атамдын “Акманым” деген ырын ырдап чоң сахнага чыккам. Эл жакшы кабыл алган. Азыркыга чейин тойлордо эл ушул ырды көп суранышат.
– Токон агай Кара-Суудан болот. Базар-Коргондун Акман айылын кандайча ырдап калган? Атаңыз өз айылына Керме-Тоо деп ат койдурганы бар.
– Атамдын байбичесинин төркүнү Акмандан. Ал жакка барып жүрүп, андагы чыгармачыл адамдар, кайын журтунун таасири, айылдын көркүнөн улам “Акманымды” чыгарган дешет. 1972-жылы Чаткал, Чоң-Алай жана Алай райондору өздөштүрүлө баштаганда Компартиянын ошол кездеги облустук комитетинин 1-катчысы Султан Ибраимов атамды машинасына салып алып, экөө эл аралап, жер кыдырып калышат экен. Бир жолу түндө атамды үйүнө жеткирип барган Султан Ибраимов айылды көрүп “Ош шаарынын жанында да ушундай артта калган айыл барбы?” деп чочуп кетиптир. Атам “бул Ишкаван деген кыштак. Машина каттабайт, жолу жаман. Орто мектеп, бала бакча, медициналык пункт да жок” деп чындыкты айтат. Эртеси Султан Ибраимов райондун жетекчилерин чакырып, тапшырма берген экен. Көп өтпөй айылдын жолдору оңдолуп, дүкөн, бала бакча, он жылдык мектеп салына баштаптыр. Кийин Султан Ибраимов: “Токон, айылыңды оңдоп койдук. Эми кандай кыргызча ат коёлу?” деп сураганда атам Керме-Тоо деп атап берүүсүн өтүнгөн экен. Атам убагында милицияда беш жыл иштептир. Муну жана атамдын азан чакырылып коюлган аты Токтомамат экенин көптөр билбейт.
– Ата-энеңиз тууралуу сөз кылып калдыңыз. Сиздин мүнөзүңүз кимисиникине окшош?
– Атам жоош, оор басырыктуу, токтоо, камырабаган адам болчу. Апам болсо, тескерисинче, тарс-турс жүргөн, эч нерседен тайманбаган жан. Мүнөзүм апамдыкын тарткан. Ачуум тез келет. Ишенчээкмин, бирөө жакшы сөз айтып койсо эле алданып калмай жайым бар. Бул мага көп зыян алып келет. Кек сактабайм. Атамды тартсам созулган, токтоо, назик кыз болмок белем?!
– Музыкалык мектепте скрипка бөлүмүндө окуптурсуз. Бирок бул аспапты черткениңизди эч жерден көрбөптүрмүн?
– Мени ата-энем музыкалык мектепке алып барышканда ал жердеги мугалимдер колдорумду көрүп байкашып, өздөрү ошол бөлүмгө бөлүшкөн. Франциялык композитор Эдуар Лалонун “Испаниялык симфония” деген чыгармасы бар. Ошону азыркыга чейин сүйүп ойнойм. Кийин скрипка менен алектенбей, ырдаганга өтүп кеткем. Аны кармай элегиме 5-6 жылдай болуп калган эле, эми черте калып жатам. Сахнага скрипка ойноп чыгуу үчүн көп мээнет, убакыт талап кылынат. Күнүгө 4-5 сааттап машыгуу керек. Анан дагы өзүмдөгү жалкоолукту жеңишим кажет. Андыктан азырынча аны менен сахнага чыкпайм, балким, кийин чыгармын.
– Гитарада да ойнойт экенсиз.
– Аны улуттук консерваторияда вокалда окуп жүргөнүмдө достордон үйрөнгөм. Үйдө жолдошумдун гитарасы бар болчу, ошону кармалап чертип калчумун. Азыр деле дос-тааныштар арасында чертип калам.
– Эски, классикалык ырларга жакын экениңиз байкалат...
– Ар бир ырчынын үнүнө, тембрине ылайык ыр тандап берип ырдатышат. Мага ошондой ырлар туура келет. Анын үстүнө мен да эски ырлар менен чоңойгонго алар жан дүйнөмө жакын.
– Калп айтууга көз карашыңыз кандай?
– Кырдаалга, шартка жараша зыянсыз калп айткан учурлар болот. Мындай нерсе бардык эле адамдарда болсо керек. Бирок калп айтканым бат эле билинип калат.
– Сизди учурда эмнелер көп ойлондурат?
– Ырчылар жеңил-желпи ырларды ырдай берип, элдин музыкага болгон табитин бузуп салышты. Ушул нерсе мени көп кыжалат кылчу. Бирок тойлордо ошондой ырлар көбүнө жагат. Эми гана элдин музыкага болгон табити өзгөрүп, опера, симфония дегендерди билип келе жатат. Анан адамдардын интернетке байланып калганы ойлондурат. Мурун адамдар бири-бири менен жолугушуп, чайлашып, сүйлөшүп чер жазышчу. Жандуу байланыш өкүм сүрчү. Азыр чөнтөк телефон менен гана кабарлашып калышты. Адамдардын өзүмчүл болуп баратышканы да ойлондурат.
– Пландарыңыз кандай?
– Чыгармачылыкты өркүндөтүү. Чет элдердеги музыкалык сынактарга катышып өзүмдү сынап көрүү. Кыргызстандын, дүйнөнүн кооз шаарларын кыдыруу. Унаа айдаганды билем, ошого автомектепте окуп, тыпыйган кичине болсо да унаалуу болсом дейм.
Нуржамал Жийдебаева