Биз социалдык тармакта

ШАХМАТ ТОКТООЛУККА, ЧЕЧКИНДҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛАЙТ 

Буга чейин шахмат спортуна кыргыз коомчулугунда анча маани берилбей келгени чындык. Бул тармак өз арабасын өзү тартып, мамлекет тарабынан колдоону, секирикти күтүп турган эле. Бул колдоо орун алып, үстүбүздөгү жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров 2026-2030-жылдарга Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү, популярдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду. Учурда бул тармакта кандай иштер алып барылып жатат? Акылдын спорту болгон шахматтын балдарга, анын ичинде майыптыгы бар балдарга кандай таасири, пайдасы бар? Эмнеге үйрөнүп-үйрөтүшүбүз керек? Ушулар тууралуу макалабыздан кененирээк маалымат аласыз.

 

Шахмат кайсы өлкөлөрдө популярдуу?

Оюндун популярдуулугу гроссмейстерлердин санына, шахматчылардын көптүгүнө, эл аралык турнирлердеги жеңиштердин санына жана мамлекеттин колдоосуна карап аныкталат. Бул жаатта алганда алдынкы бештикке Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Украина кирген. Дүйнө жүзү боюнча 1600дөй гроссмейстер болсо, алардын 256сы Орусиядан. Кыргызстандан бир гана Леонид Юртаев 1996-жылы Эл аралык шахмат федерациясы тарабынан гроссмейстер наамын алганы белгилүү. Ошентсе да учурда шахмат боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып жаткан Мелис Маматов, Семетей Төлөгөн тегин, Михаил Марков, Асыл Абдужапар сыяктуу мыкты машыктыруучулар арбын.

 

“Шахмат ойногондор кесибинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт”

Шахматты эмнеге өнүктүрүшүбүз керек, эмнеге үйрөтүп, үйрөнүшүбүз керек деген суроого алгач жооп издедик. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин шахмат боюнча машыктыруучусу Замирбек Орозобаев “шахматта жүрүштөр алдын ала эсептелгендиктен, ойногон бала жашоодо да бир кадам алдыга карап иш кылат” дейт:

– Бала токтоо болсо, шахматка 4-5 жашынан берсе болот. Эрке болсо, 7 жаштан берүү туура. Алгач балдарга оюн катары өтүү менен кызыгуусун ойготуп, кийин тактикалык тапшырмалар менен машыктырабыз.

Баары тең эле профессионалдуу шахматчы болуп кетпейт, бирок кичинесинде шахмат көп ойногон, турнирлерге барган адам билбеген адамга караганда кесибинде көбүрөөк жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, сабырдуу, токтоо, чечимди ойлонуп чыгарган көндүмдөрдү калыптандырат. Мисалы, шахмат ойногон кесипкөй мыкты дарыгерлерди билем.

Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзүнө болгон ишенимин арттырат. Мындай балдар менен иштешип калдым, алар физикалык жактан алсыз болгону менен, акыл-эси кадимки балдардан кем калышпайт. Кээде артык да болот. Аларда убакыт көп болгондуктан көп ойноп, машыга алышат. Алар дайыма жардамга муктаж, ошол себептүү үй-бүлөсүнөн колдоо болушу керек.

 

“Балам шахмат менен коомго аралашты”

Мындай өзгөчө балдардын кыргыз шахматынын жүзү болуп, эл аралык аренада ийгилик жаратып жаткандары бар. Алардын бири Тилеген Рахатбеков – майыптыгы барлар арасында өткөн Кыргызстан чемпиондугунун бир нече жолку чемпиону, Азия чемпиону жана эл аралык мелдештерде алдынкы орундарды багынткан. Анын апасы Айнура Алеева “Кудай бир жерден кемитсе, башка жагынан артык кылып берет экен” дейт:

– Балам 10 жашынан шахмат ойноп, ушуга чейин 300гө жакын турнирге катыштык. Майыптыгы бар балдарга шахмат үйрөтүүдө көбүрөөк күч, чыдамдуулук керек. Ошондой эле булар менен иштеше турган машыктыруучуларга муктажбыз. Азыр андай машыктыруучу жокко эсе болгондуктан өз алдыбызча окуп, үйрөнүп жатабыз.

Майыптыгыбызды эске алганда шахмат бизге коомго аралашууга, алар менен мамиле түзүүгө чоң жардам берди. Шахмат болбосо үйдөн чыкпай эле жатмакпыз да. Баламды коштоп жүрүп ондон ашык мамлекетти көрүп келдим.

 

“Ат жагат, аны менен вилка койгонго болот”

7 жаштагы Исхак Эсенкабылов Шахмат академиясына кабыл алынган балдардын бири. Ал жыл башында өткөн Кыргызстан чемпиондугунда 6-8 жаш аралыгында 2-орунду алып, Дүйнө чемпиондугуна жолдома алган. Жай айында Грузиядагы Дүйнө чемпиондугуна, Ысык-Көлдөгү Борбордук жана Түндүк Азия чемпиондугуна катышкан Исхакты шахмат эмнеси менен кызыктырды?

– 4 жашымда апам үйрөткөн, ошондо эле жагып калган. Үйрөнгөнүмө бир ай болгондо апамды утуп койгом. Кечке “мени менен ойноңузчу” деп тажата берчүмүн. Ошентип 5 жашымда шахматка алып барган. Көп турнирлерге катыштык, башкалар жеңил болуп, кубок утуп жүргөм. Бирок Кыргызстан чемпиондугу оор болду, өзүмдөн чоңдор менен ойнодум да.

– Шахматтагы кайсы фигура жагат, эмне үчүн?

– Атты жакшы көрөм, анткени атаандаш ката кетирип жатканын байкап, мисалы, вазир, пилге вилка койгонго (эки жактан жегенге жол) болот. Ат менен да тез мат койгонго болот.

– Партияң жакшы болбой, бирок утуп алган учурларың болду беле?

– Ооба, көп эле болгон. Атаандаштын жүрүштөрүн карап, ката кетиргенде утуп кеткем. Алдыдагы жүрүштүн 12ни эсептей алам. Кээде убактым аз болуп жатканда мен да шашып жүрүп алам.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Футболго да барам, экөө тең жагат, тандай албай жатам да. Чоң шахматчы болом го дейм, тренерлер сыяктуу.

 

“Чемпиондуктарда ийгиликке жеткен балдар унутта калчу...”

13-сентябрда президенттин тапшырмасы менен Улуттук шахмат академиясы ачылды. Академияда кимдер билим алып жатат деген сурообузга Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида Салянова чемпиондуктарга катышкан алдынкы балдар тандалып алынганын билдирди. Ал жакта учурда 155 бала бекер билим алып жатса, алардын ичинен аймактардагы 60 балага онлайн форматта шахмат өтүлүп жатыптыр. Муну менен катар окуу жылы башталганда өлкөдөгү 500 мектептеги 3-5-класстын окуучуларына шахматты ийрим катары киргизүү пилоттук долбоору да ишке кирди. Долбоордун жыйынтыгы менен кийинки чечимдер кабыл алынарын жана мунун баары президенттин колдоосу менен ишке ашып жатканын айтат Аида Салянова:

– Бекеринен “шахмат – акылдын гимнастикасы” деп айтылбайт. Анткени бул оюн баланын стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн, эс-тутумун бекемдеген, анализге, синтезге, логикасына түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө салым кошкон шахматты өнүктүрүү, жайылтуу иши алдыбызда турат.

Мурун шахматка даярдоонун тепкичтери жок болчу, өлкө жана эл аралык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөргө жеткен балдар унутта калып, алардын келечеги белгисиз эле. Эми чемпиондуктарда ийгиликке жеткен балдар Шахмат академиясына кабыл алынат, андан соң биз аларды иргеп, улуттук курамга киргизебиз.

Ошондой эле шахматты 2030-жылга чейин кантип өнүктүрөбүз деп Кыргыз шахмат союзу улуттук программа иштеп чыгып, президенттин кароосуна киргиздик. Буюрса, жакын арада кабыл алынат деп жатабыз. Анда негизги бир нече багыттын ичинде майыптыгы бар балдарга да көңүл буруу бар. Алар көбүнчө мамлекеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөр менен каржыланат. Ошондуктан демөөрчүлөр менен алдыда чоң иштерди алып барабыз.

Тилекке каршы, азыр мындай өзгөчө балдарды Шахмат академиясында окутуу шарты түзүлө элек. Анткени алардын ден соолугуна байланыштуу адистер, мүмкүнчүлүгү кенен комплекстүү шарттар түзүлүшү керек. Буюрса, жакынкы жылдары чечилүүчү маселе.

 

“Мындайды кыялдана алчу эмеспиз”

“Канчалык турнир, оюн көп болсо балдар бат өсөт, биздин максат да – оюндар менен чеберчилигин өстүрүү”,- дейт Кыргыз шахмат союзунун президенти:

– Шахматка кызыктыруу, жайылтуу үчүн турнирлер көп өтүшү маанилүү. Буга чейин өлкө боюнча 2-3 айда бир турнир өтүп турса, турнирлер чыгуучу эл аралык сайтта азыр турнирлер күн кур эмес болуп жатканын көрөсүз. Мындайды кыялдана да алчу эмеспиз. Ар бир райондогу акимдин, мэрдин кубоктору өтүп жатат. Жыйынтыгы менен президенттин кубогу өтөт. Борбор Азия чемпиондугу өлкөдө жыл сайын өтөт. Бишкек, Чүй ачык турнирлерин, парламенттин кубогун, корпоративдик турнирлерди өткөрүү боюнча сүйлөшүү, пландоо иштери жүрүп жатат.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан