Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын маалыматына ылайык, дүйнөдө өтө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 2010-жылдан бери биринчи жолу өсүп, 1,2 миллиард адамга жетти. Бул мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 51,5 миллион адамга көп. Индекс 2010-жылы эсептеле баштаган, андан бери мындай өсүш биринчи жолу катталганын белгилейт уюм. Абдан жакырчылыкта жашаган адамдардын жарымынан көбүн балдар түзөт, алардын саны 617 миллионго жетет. Ошондой эле жакырчылыкта жашаган адамдардын 83 пайызы айыл жергесинде жашайт. Маалыматта белгиленгендей, абдан жакырчылыкта жашоо индекси калктын киреше деңгээлин гана эмес, адамдардын күнүмдүк жашоосунда туш болгон кыйынчылыктарын да эске алат. Атап айтканда, билим алууга, медициналык жардамга, таза сууга жана электр энергиясына жетүүнүн чектелиши эсепке алынат.
2026-жылкы изилдөөгө дүйнө калкынын 78 пайызын түзгөн өнүгүп келе жаткан 108 өлкөнүн маалыматы камтылды.