Биз социалдык тармакта

ЖАҢЫ АСФАЛЬТТАЛГАН ЖОЛДУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ КАНЧА?              

Кыргызстанда жаңы асфальтталган жолдордун сапаты коомчулукта сын-пикир жаратып келет. Жаңыланган жол 1 жылга жетпей кайра тешиле баштаган фактылар көп. Жол курган компаниялардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбеков жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөттөрү тууралуу айтты.                                          

– Жолду салууда анын сапатына техникалык кароо жүргүзүлөт. Андан тышкары мамлекеттик көзөмөл да бар. Жаңы салынган жолго 5 жылдык кепилдик коюлат. Ал эми оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жолго 3 жылдык кепилдик мөөнөтү бар. Эгерде жол кепилдик мөөнөтү ичинде бузулса, анда жолду курган компания өз эсебинен калыбына келтирет,- деди Момбеков.

Кыргызстанда жыл башынан бери 1668 чакырым жолго асфальт төшөлгөнү айтылды. Бул иштерге мамлекеттик казынадан 35,5 миллиард сом акча бөлүнгөнү маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан