Биз социалдык тармакта

“2,5 ЖЫЛДАН КИЙИН СВЕТ ӨЧПӨЙ КАЛАТ” ДЕГЕН УБАДА БЫЙЫЛ ДА АЙТЫЛДЫ   

Кыргызстанда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши үчүн дагы 2,5 жыл керек. Мындай сөздү президент Садыр Жапаров 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын эли менен жолугушууда айтты. Эмне үчүн эртең менен жана кечинде свет өчүп жатканынын себебин түшүндүргөн ажо 2,5 жылда электр энергиясына болгон тартыштык жоюларын билдирди.

– Эртең менен жумушка кетерде чайнегин, үтүгүн, баарын саят, кечинде да ошондой. Ошол маалда биз Түркмөнстандан, Орусиядан, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алабыз. Ал өлкөлөрдүн өздөрүндө да ошол маалда тартыш болуп, бизге бере албай калат. Ошол маалда эмне кылабыз? Үнөмдөп туруп, айрым жерлерде электр жарыгын 1-2 саатка өчүрүүгө туура келет. Курулуштарды курбай, ГЭСтерди салган боюнча отурсак, анда каалашыңарча электр энергия берилмек. Ушунча чыдаган 2-3 жыл чыдап турушубуз керек,- деди президент.

Электр жарыгынын өчпөй калышына 2,5 жыл керек деген убаданы президент былтыр ушул маалда да айткан. 27-октябрда Кара-Көл мини ГЭСинин ачылышында Жапаров мындай деген: 

– Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Буюрса, 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой, 30 жыл чыдаган жаныбыз дагы 2,5 жыл чыдап коёлу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан