13-октябрда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик цирктин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алганы расмий маалымдалды.
Жолугушууда Жапаров мамлекеттик колдоонун аркасында цирк жаңыланып, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө шарттар түзүлгөнүн, бирок ички пикир келишпестиктер тыйылбай жатканын айтты. Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.
Нурлан Конокбаев Кыргызстандын кулуну. Кыргыз улуттук консерваториясын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүргөн. Чыгармачыл чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ экени айтылат маалыматта.
Айта кетсек, циркти 2024-жылдан бери Асланайым Аширова жетектеп келген. Бул арада мекеменин эмгек жамааты аны кызматтан алууну суранып бийликке бир нече жолу кайрылуу жасашкан.