Биз социалдык тармакта

АКЫЙКАТЧЫГА ДАТТАНЫП КАЙРЫЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ

14-октябрда Жогорку Кеңеште акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 2025-жылы адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу жөнүндө баяндама жасады.

Анын айтымында, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна 9672 кайрылуу түшкөн. Анын 7429уна оозеки укуктук кеңеш берилип, 2243 жарандан жазуу жүзүндө кайрылуу кабыл алынган. Мындан тышкары “115” тез байланыш кызматы аркылуу 3954 адам кайрылган.

– 2025-жылы институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган,- деди Жаманбаева.

Ошондой эле ал кыйноолордун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылы 811 мониторинг жүргүзүлсө, 2026-жылдын тогуз айында 762 мониторинг өткөрүлгөн. Алардын 719у жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде жүргүзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар соттолгондордун, анын ичинде аялдардын укуктарынын сакталышы, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шарттарды түзүү, эмгек мигранттарын коргоо жана мектептердеги окуучулардын коопсуздугу маселелерин көтөрүштү.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 9 айында институтка түшкөн кайрылуулардын саны 65 пайызга көбөйгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1243, 16-22-октябрь,2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан