Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-октябрдан 1-ноябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Сиздин материалдык абалыңыз жакшырат. Жумушта күтүүсүз жагымдуу жагдайлар орун алат. Алган жаңы маалыматтардын баарына эле ишене бербеңиз. Тескерисинче, иликтесеңиз, башка аргументтерди табышыңыз мүмкүн. Насыя, салык сыяктуу финансылык иштер менен алек болушуңуз мүмкүн. Туугандар тараптан сизден кайсы бир ишке киришүүңүз күтүлөт, бирок баш тартыңыз, ыраазычылык албайсыз. Дем алыш күндөрү тынч, ыңгайлуу атмосферада өтөт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Эгер ийгиликке жеткиңиз келип жатса, алгач эмне иш кыларыңызды жана кандай иш-аракеттерди жасаарыңызды алдын ала так чечип алганыңыз оң. Антпесеңиз, эки тоонун чөбүн эңсеген эчки сымал же тигинден, же мындан жок кыялданган боюнча отура бересиз. Жумушта мен деп өз оюңузду таңуулай бербей, көпчүлүктүн артында болгонуңуз өзүңүзгө жакшы. Жеке жашооңузда жагымдуу окуялар орун алат, күнүмдүк турмушуңузга активдүүлүк кошулат. Апта соңун үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын биринчи жарымында жеке жашоодо нерв болгон абал жаралышы мүмкүн, бирок экинчи жарымында баары ордуна келип, гармония орун алат. Сизден кимдир бирөө карызга акча сурап кайрылышы мүмкүн. Өзүңүздүн же үйдөгүлөрдүн ден соолугуна кам көрүп, дарыгердин кабылдамасында болушуңуз күтүлөт. Түгөйүңүздүн жумушуна жардам берсеңиз, сизди камкордук көрүп жатат деп, сүйүүсү артат. Бойдоктор кесиптештерине романтикалык маанайда көз жүгүртүп көрсө болот.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөр үчүн романтиканын, махабаттын, чыгармачылыктын убактысы. Жерде эмес, асманда басып жүргөндөй өзүңүздү жеңил, энергиялуу, кумарлуу сезесиз. Түгөйүңүз болсо романтикалуу кеч уюштуруңуз, бойдок болсоңуз флирттин арты олуттуу сезимге айланышы мүмкүн. Жумушта стандартка туура келбеген, чыгармачылык менен жасалган иштердин баары ийгиликтүү болмокчу. Үйдө баарына кайгыра бербей, бир аз бейкапар болууну үйрөнүңүз, чечилбеген маселе болбойт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандар үчүн бул апта үйүнө, үй-бүлөсүнө көп көңүл бурган убакыт болмокчу. Сырткы жашоонун маанилүүлүгү арткы планга жылып, жакындар менен өткөргөн мезгил канчалык баалуу болорун байкайсыз. Жалгыз бойлор конокко чакырууларды кабыл алуусу керек, ал жактан жолуккан адам менен мамиле келечектүү болот. Үй шартында жана онлайн иштегендердин чөнтөгү калыңдайт. Тапкан акчаңызды үйгө керектүү нерсе алып, жылуу кийимдерди жаңыртып коротушуңуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Көп адам менен жолугушуп, сүйлөшүп, көп иш бүтүрө турган активдүү апта күтөт. Кыска мөөнөткө сапарга чыгууңуз мүмкүн. Билим жаатындагылардын окуусу ийгиликтүү болмокчу, көп нерсе үйрөнөсүз. Кызыл тилди, сүйлөө чеберчилигиңизди пайдалана билиңиз, көп көйгөйдү алдын алууга жардам берет. Жеке жашоодо таарынычты ичке катпаңыз, түгөйүңүз менен сүйлөшүүгө, түшүнүшүүгө аракет кылуу зарыл. Каржылык тармакта туруктуулук сакталышы күтүлөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үйдөгү транспортуңузга акча салып, кайсы бир тетигин алмаштырууңуз мүмкүн. Ар бир кадамыңызды таразага салып, кылсамбы же кылбасамбы деп отурбай, чечкиндүү болуңуз. Романтикалык мамиледе сезимдериңизди чектен ашып билдире бербеңиз, түгөйүңүзгө жакпай калышы мүмкүн. Бул аптада сатып алган нерселердин баары, айрыкча өзүңүзгө алгандар жогорку сапатта болот. Дем алыш күндөрү үйдө отурам деген планыңыз ишке ашпай калуусу ыктымал.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Тааныштардын, кесиптештердин айтканына көңүл буруңуз, сизге пайдасын тийгизе турган сунуш айтылышы мүмкүн. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүүдө эмоцияга алдырбаңыз, айрыкча жаш балдарга карата терс эмоциялардын кереги жок. Кыялыңыздын аткарылышы кайсы бир адамдан көз каранды болмокчу. Бойдок чаяндар эл алдына чыгуулары керек. Сиздин энергияны байкаган адам чыгат. Ден соолук жаатында олуттуу маселелер күтүлбөйт. Дем алыш үй тиричилиги менен алек болосуз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаңы тааныштардан көптөгөн пайдалуу маалымат угасыз. Чакырган жерден баш тартпай бара бериңиз, дүйнө таанымыңыз өсөт. Көп энергия короткон ишиңизден көп пайда аласыз. Бойдоктор бул аптада алыстан келген адам менен таанышуусу мүмкүн. Өзүңүз активдүү издөө иштерин жүргүзбөй эле коюңуз, андан көрө өзүңүзгө көңүл буруңуз. Ден соолук жаатында уйкусуздук, энергиянын түшүүсү байкалат. Жеке жашоодо тынчтыкта эс алып, ойлоруңузду иретке келтирүүгө мүмкүнчүлүк болот.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Үйгө токтобой, эл арасында, көпчүлүктүн көзүндө болосуз. Ошентсе да өзүңүз демилгелеп сахнага чыгуудан качыңыз. Элдин көзү-сөзү деген болот. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кесиптештер менен чогулуп ишти илгерилетүүнүн жаңы планын иштеп чыгууңуздар мүмкүн. Аптанын ортосунда көптөн берки кыялыңыз ишке ашып кубанасыз. Балдарыңыздын ийгилигин көрөсүз. Дем алыш күндөрү тынч жайда эс алуу ишке ашпайт, шаан-шөкөттүү компания менен бир болосуз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Кайсы бир убакта сиз жардам берген адамдан ыраазычылык угасыз. Ыраазычылык эле эмес, жооп иретинде сизге да жардам берүүсү мүмкүн. Жумушта сүйүү романына, керекпи флиртке да жол бербеңиз. Жумушта эс алып же жалкоолукту карматууга мүмкүнчүлүк жаралбайт, баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Бирок финансылык жактан пайда табасыз. Жеке жашоодо жакындарга тиешелүү көңүл бөлүүгө убакыт болбойт, ошентсе да баланс тапканга аракет кылыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жеңиш сизге чоң секирик эмес, майда кадамдардын аркасы менен келет. Андыктан шашпаңыз, баары өз убактысы менен болот. Айлык акысы аз деп жумуш которуу каалоосу жаралышы мүмкүн. Түгөйүңүз менен мамилени бекемдөө үчүн келечек пландар тууралуу көп сүйлөшүңүз, чогуу саякатка чыгуу, чогуу эс алуу да жакшы жардам берет. Көргөн түшүңүзгө маани бериңиз, аян келиши мүмкүн. Апта соңу үй чарбасындагы жумуштарды бүтүргөнгө аракет кылыңыз, суук түшүп кете электе.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан