Жаратылышты коргоо жаатында окурмандардан биздин редакцияга көп кайрылуулар түшөт. Мисалы, өлкөдө америка кундузу кескин көбөйүп, балык, каз-өрдөк, кыргоол сыяктууларды кырып жатат деп коңгуроо кагылган. Америка кундузу деген кандай жаныбар? Анын экологияга тийгизген таасири, коркунучу чоңбу? Макалада айтып беребиз.
Анатолий Остащенко, Улуттук илимдер академиясынын Зоология лабораториясынын улуу илимий кызматкери: “Көбөйүп кеткени чын”
– Америка кундузу АКШдан алгач Орусияга, ал жактан 1960-жылдары Кыргызстанга алынып келген. Көбөйтүү үчүн токойлуу аймактарга, көбү Ысык-Көл менен Чүйгө коё берилген. Аны өлкөгө алып келүү 2 максатты көздөгөн. Биринчиси – өлкөдөгү жаныбарлар түрүн көбөйтүү. Экинчиси – ал убакта жасалма терилер чыга элек болгондуктан, алардын терисинен кундуз (норка) тумак, шуба жана башкаларды жасап сатыкка чыгаруу болгон. Көбөйгөндөн кийин аңчылар атып келип атайын ишканаларга тапшырып турушкан. Кийин жеке чарбалар да норка кармай башташты. Союз ураганда кундуздардын терисине суроо-талап жок калып, жеке чарбалар да аларды жаратылышка коё беришкен.
Илгери өлкөдө кундуз, арс чычкан, суусар, сасык күсөн көп эле. Аларды териси үчүн атып жок кыла берип, өтө азайып кеткен. Ошол убакта табигый атаандаштары дээрлик жок болуп, америка кундуздары көбөйүп кеткен. Алардын санын азайтууга болот. Бирок капкан менен эмес, кылтак, тузак менен кармаш керек. Анткени капканга суусар, арс чычкан жана башкалар түшүп калышы мүмкүн.
“Сугалак жырткыч”
– Америка кундузу – Түндүк Американын сүт эмүүчү, агрессивдүү, сугалак жырткычы. Денесинин узундугу 30-50 сантиметрге, салмагы 2 килограммга чейин жетет. Өңү кара, кочкул күрөң. Көбүнчө токойлордо суу жээктерин байырлайт. Жакшы сүзөт, суу түбүнө чумкуйт. Дарактарга чыгат. Ийинин көбүнчө суу жээгине жакын жерге же дарактардын коңулдарына, таштын кычыктарына салат. Жыныстык жактан 9-11 айда жетилип, ургаачылары орточо 4-6 бала тууйт. Жаратылышта 2-6 жылга чейин жашашат. Күнүнө 4-9 жолу азыктанышат. Балык, бака жана үй канаттууларын, кемирүүчүлөрдү жейт. Кээде коёндорго кол салышат. Канаттуулардын уяларын бузуп, жумурткаларын жегенге маш. Тамак-аш тартыш болгондо айылдагы короолорго кирип, тоок-өрдөктөргө кол салат. Бир киргенде эле ондогон үй канаттууларын кырып кетиши мүмкүн.
Аскар Давлетбеков, Улуттук илимдер академиясынын Омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын башчысы: “Санак жүргүзүлө элек”
– Учурда өлкөдө америка кундуздарынын саны канча экени белгисиз. Санак жүргүзүлө элек. Өкмөттөн атайын чечим чыгарылып, акча бөлүнүп берилсе, зоология лабораториясынын адистери эсебин жүргүзүшмөк. Анан санына жараша башын кыскартуу же санын сактоо керек дегендей жыйынтык чыгарылмак. Көбөйүп кетишсе, албетте, жергиликтүү жаныбарларды четке сүрүп чыгарат.
Элчибек Төрөгелдиев, Жаратылыш министрлигинин Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси: “Кундузду атууга кызыккандар жок”
– 2026-жылдын 7-августунда министрликтин жыйынында америка кундузунун санын эсептөө боюнча аңчылыкты пайдалануучуларга тапшырма берилди. Саны такталган соң Илимдер академиясынын тиешелүү адистери санын азайтуу же башын сактап туруу жаатында чечим чыгарып беришет. Америка кундузу сырттан алынып келинген, Кызыл китепте жок жаныбар. Жалпы санынын 30-40 пайызын атууга лимит бар. Кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы №715 токтому менен кундузду кармоо үчүн мыйзамдуу аңчылар 1 башына 200 сом төлөп, уруксат алышы керек. Браконьерлик үчүн 1 башка 5000 сом доо өндүрүлөт. Кундузга аңчылык сезону октябрдан тартып 1-январга чейин. Бирок акыркы 4 жылда атууга уруксат алуу үчүн эч ким кайрылган эмес. Демек, терисине суроо-талап жок.
Ашим Чатаев, Кара-Кулжа районунун биоартүрдүүлүктү сактоо “Орчун” коомдук уюмунун жетекчиси: “Атып азайтпасак болбойт”
– Кундуздар Кара-Кулжада 1976-жылдары пайда болгон. Кара-Кулжа, Тар дарыяларынын боюнда абдан көп. Бака, балык калбай баратат, үй канаттууларын жегенге да өтүп алышты. Булардын санын кыскартууга өкмөт аракет кылуусу керек болууда. Өзүбүздүн жергиликтүү жаныбар, канаттуулардын, өзгөчө кыргоолдордун санын көбөйтпөсөк болбойт. Акча төлөп мыйзамдуу аңчыларга аттыруу кажет.
Марат Оморбеков, Мергенчилердин жана балыкчылардын Ысык-Көл облустук коомдук уюмунун жетекчиси: “Өрдөк-каз, балыктан ажырап калабыз”
– Биздин коомдук бирикме облустагы 4 районду камтыйт, карамагында аңчылыкка ылайыктуу 969 654 гектар жер бар. Облус боюнча 1000ге жакын мыйзамдуу аңчылардын башын бириктирет. Америка кундуздарынын саны Түп, Жети-Өгүз райондорунда анча көп эмес, Тоң, Ысык-Көл райондорунда көбөйүп кетти. Алардын санын кыскартууга өкмөт чечим чыгарып бериши керек болууда. Минтип жүрө берсек, жапайы өрдөк, каз, ак куу, балык, бака дегендерден кол жууп калабыз. Ондатралар байырлаган жерлерге да барып, алардын балдарын жеп коюшууда. Муздун ичине да кирет, талдын башына чыгып кыргоолдордун жумурткаларын жейт. Тору-Айгыр айылында үйлөргө чейин кирип, тоок, өрдөктөрдү жеп кеткен учурлар катталды.
Гамал Сооронкулов, экоактивист: “Ондатраларды сүрүп чыгарып, жок кылды”
– Америка кундузу – биздин жаратылышка толук ыңгайлашып кеткен жырткыч. Саны абдан көбөйүп кетип, жапайы жаратылышка олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Өзгөчө жерге уя салган жапайы канаттуулардын, мисалы, каз, өрдөк, ак куулардын жумурткаларын жана балапандарын жеп, алардын санынын азайышына себеп болууда. Балык, бака дегендер калбай кала турган болду. Ошондой эле суусар жана сасык күсөн сыяктуу жергиликтүү жырткычтардын негизги азык талашкан атаандашы болуп саналат. Ондатраларды сүрүп чыгарып, жок кылды. Ач көз болгондуктан тойсо деле балыктарды кармап, өлтүрүп суунун коңулдарына тыга берет. Кыргоол, кекиликтердин да жумурткалырын жеп, уяларын бузуп, санын азайтышууда. Балык чарбаларга да зыян келтирүүдө. Демек, булардын санын кыскартуу керек. Учурда жаратылышка эң зыяндуулардын катарында майна (ооган чымчыгы же ала канат), чөө да бар. Буларга да чара көрүү кажет болууда.
Сейит Бейшенов, Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну: “Бекер атууга уруксат берилиши керек”
– Америка кундуздары Талас дарыясына, Киров суу сактагычына жакын жайгашкан айылдарда тоок, каз, өрдөктөрдөн бери жеп жатат. Жакында Бакыян айылынын бир тургунунун 1 түндө 20 тоогун кырып кетиптир. Мындай мисалдар көп. Сууда канча балык калганын билбейм го, бирок саздарда бака, суу жылан, токойдо кыргоол калбай калды. Өкмөт, Жаратылыш министрлиги кундуздардын санын жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүшкөн жок. Атууга уруксат алуу үчүн мыйзамдуу аңчылар 1 башка 200 сом төлөйт, 1 ок 80 сом. 280 сом коротуп атканда терисин эч ким албайт. Кундузга аңчылык сезону ачылганда бекер атууга уруксат берилсе, аңчылыр өз октору менен атып, санын кыскартышат эле.
Канымжан Усупбекова