(Башы өткөн сандарда)
– Угуп жатам.
– Саламатсызбы, Илим мырза? Сиз Арина менен кандай байланышта болосуз?
Аринага байланыштуу суроону укканда эле Илимдин кабагы бүркөлдү.
– Жолдошумун. Эмне болду?
Телефондун ары жагындагы үн бир азга токтоп калды.
– Арина оор абалда “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилди. Азыр дарыгерлер карап жатышат. Мүмкүн болушунча тезирээк келиңиз.
Илимдин колу муздап кетти. Атып турду ордунан.
– Эмне?! Эмне болуптур? Кандай абалда?!
– Азырынча так айта албайбыз. Абалына байланыштуу текшерүүлөр жүрүп жатат. Келиңиз.
Телефон өчтү. Илим бир нече секунд кыймылсыз отуруп калды. Кулактары чуулдап, жаңы эле апасына айтып жаткан арманы да, Тамчынын элеси да бир заматта алыстап кеткендей болду.
– Ким экен, балам? Эмне болуптур?
Апасы анын өңү өзгөрүп кеткенин байкап, чочуп сурады.
– Арина... Ооруканада экен. “Тез жардам” менен алып кетишиптир.
Ал ордунан шашып турду. Бирок эшикке бет алып баратып токтоп калды.
Арина... Анын курсагында бала бар. Өзүнүн баласы. Илимдин көкүрөгү мыкчылды. Тамчыны ойлоп, өзүн унутуп кеткен ушул күндөрү үйүндө эмне болуп жатканын да билбей калган эле. Апасы да ордунан туруп, уулунун жанына келди.
– Бар, балам. Кандай болсо да, ал сенин аялың. Ичиңде кандай өрт күйүп жатса да, азыр анын жанында болушуң керек.
Ал башын ийкеп, эшикти көздөй шашты. Бирок тепкичтен түшүп баратып, жүрөгүнүн түпкүрүндө дагы бир коркунуч ойгонду. “Арина менен балага бир нерсе болуп кетсечи?.. Мен эмне кылып жүрөм өзү? Бир аялды ыйлатып, экинчисинин тагдырын талкалап...”
Ал башын чайкап, бул ойду кубалаганга аракет кылды. Жок. Азыр андайды ойлобошу керек. Машинасына отуруп, ооруканага жөнөдү. Жол бою телефонун улам карап, кайра-кайра чалды. Бирок эч ким жооп берген жок. Шашып ооруканага жетти. Арина кыйналып жаткан экен. Илим коридордо ары-бери басып, эки колу менен башын мыкчып отуруп калды. Баарына өзүн күнөөлүү сезди. Анткени баланын төрөлүшүнө дагы бир ай бар болчу. “Эрте толгоо башталды, эми эмне болот?” деп жатты.
Бир маалда эшик ачылып, дарыгер чыкты. Анын жүзүндөгү олуттуулукту көргөндө Илимдин жүрөгү шуу этти.
– Сиз Арина Токтосунованын күйөөсүсүзбү?
– Ооба, мен. Аялыма эмне болду? Балачы?
Дарыгер бир азга унчукпай калды.
– Аялыңыздын абалы оор. Төрөт татаалдашып кетти. Азыр экөөнүн тең өмүрүнө коркунуч бар. Биз колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Бирок...
– Бирок эмне?!- Илим дарыгердин колун кармай калды.
– Акча керекпи? Кандай дары керек? Чет өлкөгө алып кетиш керекпи? Айтыңыз, мен баарын кылам!
– Бул акчага байланыштуу эмес. Эгер абал мындан ары начарласа, баланы сактап калуу же энени сактап калуу деген өтө оор тандоону жасоого туура келиши мүмкүн. Азырынча биз экөөнү тең сактап калууга аракет кылабыз. Бирок сиз даяр болушуңуз үчүн эскертип жатабыз. Эгерде абал курчуса, энесиби же баласыбы? Кимисин сакташыбыз керек?
Илимдин колдору калтырап кетти.
– Жок... Жок, андай болбойт. Арина өлбөшү керек! Балам да өлбөшү керек! Экөөнү тең сактап калгыла! Уктуңузбу? Экөөнү тең!
Дарыгер жооп бербей, кайра бөлмөгө кирип кетти. Илим дубалга жөлөндү. Анан күтүүсүздөн Тамчынын жүзү элестеди. “Тамчы азыр кайда? Эмнеге ушул учурда жанымда жок?” Ушундай учурда да аны ойлоп жатканына таң калды. Жини келди. Бирок аргасыз чөнтөгүнөн телефонун алып, Тамчынын номерин тапты. Чалууга манжасы барбай турду. Эгер Тамчы чалууну алса, эмне дейт? “Арина өлүп калышы мүмкүн, мен эмне кыларымды билбей жатам” дейби? Же “мен сени сүйөм, бирок башка аялдын өмүрү үчүн коркуп жатам” дейби? Эмне дейт?
Илимдин башы маң, эмнени ойлоорун билбей жатты. Төрөт бөлмөсүнөн кайра Арина үн салды.
– Илим! Илим, кайдасың? Келдиңби?
Бул үн анын жүрөгүн тилип өттү.
– Мен бул жактамын, Арина!- деп кыйкырды ал эшикке чуркап. – Мен жаныңдамын! Уктуңбу?
Бирок эшиктин артындагы күрөшкө анын илимий даражасы да, байлыгы да, күчү да жардам бере албай турганын биринчи жолу түшүндү. Ал тизелеп отуруп, эки колун жайды.
– Жаратканым, менден эмнени кааласаң, ал. Бирок экөөнү тең сактачы. Мен бирөөсүн тандап, экинчисинен айрылууга кантип чыдайм? Мен кимдир-бирөөнүн өмүрүнө чекит коюп, экинчисин жашасын дегенге укугум жок. Мага жардам бер.
Бала төрөлдү, бирок алсыз эле. Илим үчүн ошол түн эң оор түн болду. Баланы балдар реанимациясына алып кетишти.
Муну дарыгер айтканда Илимдин тизелери бошоп, дубалга жөлөндү. Көздөрүн жумуп, көкүрөгүнө батпай жаткан демин сыртка чыгарды.
– Алсыз болсо да мейли. Кыйналса деле макул. Тек гана жашасынчы. А Арина?! Ал жакшыбы?
– Арина көп кан жоготту, абалы оор, бирок операция ийгиликтүү өттү. Азыр көзөмөлдө болот. Эсине келишине убакыт керек.
Ал дубалга жөлөнүп, жүзүн алаканы менен басты. Ийиндери солкулдап, көптөн бери ичине каткан көз жашы төгүлдү. Бул кубанычтын жашы эле. Бирок анын ичинде коркуу да, өкүнүч да, эч кимге айта албаган арман да бар болчу.
– Шүгүр...
Бир нече сааттан кийин Илимди Арина жаткан палатага киргизишти. Арина кыймылсыз жатты. Колуна систем туташтырылган. Бети кубарып, эриндери агарып кеткен. Илим керебеттин жанына акырын отуруп, анын колун алаканына алды.
– Арина, балабыз төрөлдү. Уул. Дарыгерлер карап жатышат. Азыр атайын бөлүмдө жатат.
– Көрдүңбү аны? Кичинекейби?
Илимдин үнү муунуп чыкты.
– Ооба. Абдан кичинекей. Арина, эми өзүңдү да ойлошуң керек.
Арина көзүн ачып, аны карады.
– Мен сени таштап кетким келген жок, Илим.
– Билем.
– Сен корктуңбу?
Илим башын ийкеди.
– Мени жоготкондон корктуңбу?
Ал унчукпай калды. Арина анын көздөрүнөн жооп издеди. Бирок бул жолу жоопту мажбурлап алгысы келген жок.
– Илим, мен азыр эч нерсе сурабайм. Кимди сүйөрүңдү да, кимди ойлооруңду да сурабайм. Болгону, балабыздын атасы болуп бер. Ага жакшы ата бол.
Илим анын колун өптү.
– Сөз берем. Жакшы ата болом.
Арина көзүн жумду. Узак убакыттан бери биринчи жолу Илимдин колун бекем кармаганга аракет кылган жок. Жөн гана анын жанында экенин сезип жатты. Эртеси күнү Илимди балдар реанимациясына киргизишти. Калың айнектин ары жагында кичинекей наристе жатты. Денесине зымдар туташтырылган. Аппараттын бир калыптагы үнү угулуп турду. Илим бир кадам жакындады.
– Менин баламбы?..
Медайым башын ийкеди.
– Ооба. Абалы туруктуу эмес, бирок дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат.
Илим айнекке алаканын басты.
– Балам, атаң келди.
Наристе көзүн ачкан жок. Болгону кичинекей көкүрөгү акырын көтөрүлүп-түшүп жатты.
– Сен мени ата кылдың, балам. Мен көп ката кетирдим. Кээ бир адамдарды сүйүп туруп жараладым. Кээ бирлеринин жанында туруп, жүрөгүм менен башка жакта болдум. Бирок сага андай кылгым келбейт. Сенин алдыңда чынчыл болгум келет. Мендей канаты сынык болушуңду каалабайм. Эч качан “сен күчтүү болушуң керек” деп айтпайм. Болгону аман бол. Сенин бул дүйнөгө келүү үчүн кандай күрөшүп жатканыңды мен эч качан унутпайм.
Илим айнектин жанында көпкө турду. Ошол учурда телефонунун экранынан Тамчынын үн билдирүүсү ачылып кетти. Ал мурда жиберген билдирүүсүн кайра угуп көрөйүн деген, бирок үнүн укканда дароо токтотту. Тамчынын үнү жүрөгүн дагы эле оорутчу. Бирок бул жерде, ушул кичинекей өмүрдүн алдында ал биринчи жолу өзүнүн сүйүүсүнөн да чоң жоопкерчилик бар экенин сезди. Ал Тамчыны унуткан жок. Бирок эми бирөөнү сүйүү менен анын тагдырына жооп берүү эки башка нерсе экенин түшүнө баштады.
(Уландысы кийинки санда)