Пайдасы
+ Витаминдер топтому. Сабизге караганда ашкабактын курамында бета-каротин (А витамини) бир нече эсе көбүрөөк. Бул витамин көздүн саламаттыгына жакшы таасир берет.
+ Жүрөк-кан тамырларды колдоо. Ашкабактын курамындагы калий, магний жана антиоксиданттар жүрөк булчуңун бекемдеп, холестериндин деңгээлин түшүрүүгө жардам берет.
+ Тамак сиңирүүнү жакшыртуу. Пектиндер ичегилердин иштешине жумшак таасир берип, микрофлораны коргоп турат.
+ Заара кубалайт. Организмден ашыкча сууларды чыгаруучу, заара кубалоочу таасирге ээ.
+ Ашкабак данеги. Ашкабактын данегинде цинк, магний, кукурбитин паразиттерге каршы күрөшүүчүлөр.
+ Аз калориялуу. Чийки ашкабактын 100 граммында 26 калорий гана бар (ашкабактын данеги, тескерисинче, жогору калориялуу – 100 граммында 550 ккал бар). Андыктан диеталык азык болуп саналат.
Каршы көрсөтмөлөр
– Ашказан-ичегилеринде көйгөйү барлар ашкабакты көп жебеши керек. Ашкабак ичегилерде газ, ич көбүүнү жаратат.
– Оорулардын курчуп турган маалында, өзгөчө ашказан жарасы, гастрит, ашказандын кычкылдуулугу жогору болгондо, панкреатит оорусу курчуп турган маалда ашкабак жебеш керек.
– Кант диабети. Термикалык иштетүү учурунда (мисалы, электр мешинде бышырганда) ашкабакта гликемикалык индекс жогорулайт, андыктан кант диабети дарты барлар ашкабакты ченеп жеши зарыл.
– Өттү кубалоочу касиетке ээ болгондуктан өттөгү таштар ордунан жылып, приступ жаралышы мүмкүн.
Канча жеш керек?
Чоң адамдар ашкабак “этин” күнүнө 200-300 грамм, жаш балдар 100 граммга чейин жесе болот. Ал эми ашкабак данегин күнүнө 20-50 граммдан ашырбоо кажет.