Биз социалдык тармакта

Орозобек Токтомамбетов, балбан: “КИЛЕМ ҮСТҮНДӨ ЧАГЫЛГАНДАЙ ТЕЗМИН”

Орозобек Токтомамбетов – 74 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн эркин күрөш балбаны. Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү, 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында Азиянын 3 жолку чемпиону жана дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси. Ал өз салмагында планетанын эң мыкты 10-15 балбанынын катарында турат.

 

– Орозобек, спортко кичинеңден жакынсыңбы? Адатта балдар чоңдорду туурап турникке тартынып, чуркап жүрүп эле кызыгып кетишет...

– Мен Нарын шаарында 2001-жылдын 18-ноябрында туулгам. Ошол жакта 7-класска чейин Үсөн Асанов атындагы облустук мектеп-лицейде, андан кийин Сокулукта окудум. 11-класста Бишкектеги Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине кирдим. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынан алып, андан ары магистратураны бүттүм. Ооба, кичинемден эле спортко жакын болдум. Балдар менен күрөшүп эле жүрчүбүз. Күрөш спорту кыргыздын канында бар деп коюшат го, ошол сыңары күрөш ийримине өзүм кызыгып баргам. Ошондон кийин спорт мени өзүнө тартып кетти. Алгач машыгып жүргөн кезимде ата-энем менин кыйналганымды көрүп боор оорушчу. Аяп турушчу. Алгачкы жолу мелдешке катышканымда үйгө DVD ойноткуч утуп келгем. Андан кийин дагы башка байгелерди катары менен ута баштадым. Ошондо гана “балабыздан бир нерсе чыгат окшойт” деп колдоп башташкан.

– Чоң спортко качан аралаштың? 

– Кадеттер арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, Азия биринчилигине баргам. Бирок ал жактан утулуп калгам. 2022-жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү болду. Бишкекте өткөн 23 жашка чейинкилер (U-23) арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль тагындым. Ошол жеңиштен кийин карьерам ишенимдүү уланып кетти. 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында 3-орун үчүн беттеште тажикстандык атаандашымды уттум.

Кыскасын айтканда, 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 3 жолку чемпиону, Ислам тилектештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болдум. 2026-жылдын февраль айында Албанияда Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) эгидасы астында өткөн абройлуу рейтингдик турнирде күмүш медаль уттум. Финалда ирандык күчтүү балбанга 0:5 эсебинде утулуп, ызаландым. 2026-жылдын октябрында Японияда өткөн XX Азия жайкы оюндарында финалга чейин ийгиликтүү жетип, бирок 1-орундан куру калдым. Спортто кээде ушинтип ызаланып калган учурлар болот.

– Дүйнөлүк деңгээлдеги балбандардан ким менен беттешке чыгып жүрөсүң? Ким менен күрөшүү кыйын?

– 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн дүйнөлүк балбандар, менин негизги атаандаштарымдын көбү менен килемге чыктым. Баары менен беттешүү оор өтөт. Баары – көк жал, күчтүү, өз ыкмалары бар, амалкөй каршылаштар. Алардын ичинде словакиялык Таймураз Салказанов, америкалык Давид Карр менен Жордан Эрнест Барроуз, орусиялыктар Заурбек Сидаков менен Чермен Валиев, казакстандык Нуркожо Кайпанов, япониялык Кота Такахаши менен Ёсиносукэ Аояги, ирандык Йонес Эмами, тажикстандык Виктор Рассадин жана башкалар бар. Мисалы, Заурбек Сидаков Олимпиаданын жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону. Бул салмактык рейтингдин сап башында турган балбан. Таймураз Салказанов дүйнө чемпиондугунун байге ээси, Европанын 5 жолку чемпиону. Узун бою жана коргонуу тактикасы менен өзгөчөлөнгөн, дүйнөлүк рейтингде туруктуу түрдө алдынкы үчтүккө кирген спортчу.

Чермен Валиев Олимпиаданын жана дүйнөнүн, Европанын чемпиону. Өтө агрессивдүү жана тез чабуул коюу стили менен белгилүү. Кота Такахаши абдан чыдамкай, партерде “гут ренч” (оодаруу) ыкмасын мыкты жасаган жана беттештин акыркы секунддарында ылдамдыгын кескин арттырган абдан кооптуу каршылаш. Америкалык Давид Карр дүйнөлүк мелдештерде алдынкы орундарды талашып келе жаткан, өтө динамикалуу жана физикалык жактан күчтүү балбан. Чет өлкөлүк спорттук эксперттер мени дүйнөлүк рейтингде 74 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн алдынкы 10-15 балбандын катарына киргизип, жогоруда аты аталган спортчуларга олуттуу каршылык көрсөтө алган балбан катары эсептеп келишет. Ийгиликтерге, албетте, машыктыруучуларымдын арты менен жетип жатам. Аларга рахмат айтам!

– Беттештер кооптуу өтөт. Көп жаракат аласыңбы?                                         

– Ооба. Көп жаракат алдым. Колум, мурдум сынган. Колу-бутум чыгып кеткен учурлар болгон. Канчалык кыйынчылык болсо да спорттон кетүү оюмда жок. Спорт – менин жашоом.                           

– Кыргыз балбандары кандай ыкмаларды көп колдонушат?                                

– Кыргыз күрөш мектебине келсек, биздин балбандар көбүнчө чоң упай берүүчү ыкмаларды (бросковый), бел боодон кармап чабуул жасоону жана каршылашын чарчатып утуп алууну көздөшөт. Арабызда таза техника менен гана уткандар да көп. Мен болсо килемде чагылгандай тездик менен реакция кылам. Көбүнчө мен да каршылашымды чарчатып туруп утуп алууну көздөп турам.                         

– Сенин оюңча, учурда өлкөдө күрөшкө жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатабы?                                            

– Жакшы көңүл бурулуп, шарттар түзүлүүдө. Күрөш федерациясы да бизди ар тараптуу колдоп жатат. Бирок коңшу Казакстан менен салыштырсак, алардын материалдык колдоосу биздикине караганда күчтүү. Бизде спортчуларга стипендияны мамлекет гана берет, башка кошумча төлөмдөр дээрлик жок. Казакстанда болсо Республикалык чемпиондукту утсаң, ага облусу да, федерациясы да, мамлекет да өз-өзүнчө, башкача айтканда, 3 тараптан акча төлөйт. Мисалы, Азия чемпиондугун уткан  спортчуга 1-орун үчүн 30 миң доллар, 2-орунга 20 миң, 3-орунга 10 миң доллар беришет. Ал эми Дүйнө чемпиону болсоң 150 миң доллар сыйлык берилерин билебиз. Спортто негизи материалдык база, колдоо болушу шарт. Эгер спортчу өзүн жана үй-бүлөсүн бага албаса, спорттон кетүүгө мажбур болот. Стимул, сыйлыктар болсо гана жаштар кызыгат. Себеби спортчу бир жагынан намыс үчүн мамлекеттин желегин көтөрсө, экинчи жагынан жеке жашоосун камсыздашы керек.

– Жеке сага кандай материалдык колдоо болгон?

– Азия оюндарында чемпион болгонумда Күрөш федерациясынан 500 миң сом, президенттен 500 миң сом берилген. Дүйнө чемпиондугунда күмүш алганымда президент тарабынан 400 миң сом бөлүнгөн. Азия чемпиондугунда 2-орун болгондо федерациядан 150 миң сом алгам жана башка.                                          

– Үй-бүлөлүк абалың кандай?

– Үйдө 3 бир тууганбыз. Баарыбыз эркекпиз. Байкем жана иним бар. Байкем үй-бүлөлүү. Мен бойдокмун. Буюрса, жакында, 18-ноябрда 25 жашка толом.

 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан