(Башы өткөн сандарда)
– Мунун мага кандай тиешеси бар?
– Мындан ары сен жооп бересиң.
Тинатин папканы ачты. Ичинде карылар үйүнүн документтери, балдар үйүнүн отчёттору, кайрымдуулук фондунун эсептери жатты.
– Баарыбы?
– Баары.
– Мен бул тармакты билбейм.
– Ошондуктан үйрөнөсүң. Илим ага түз карады.
– Бекзат бизнес менен үй-бүлөнүн чоң бөлүгүн көтөрүп жүрдү. Бирок мен сенден башка нерсени көрдүм.
– Эмнени?
– Адамдарды түшүнө ала турганыңды.
Тинатин унчукпай калды.
– Бул жерлерде акча гана эсептелбейт,- деди Илим. – Бул жерде адамдын өмүрү бар. Карылар бар, балдар бар. Сен ошолордун жоопкерчилигин аласың.
Тинатин акырын башын ийкеди.
– Макул.
Бирок бул чечим Зейнепке жаккан жок. Ал кабинетке киргенде Илимдин алдында Тинатин турган.
– Бул эмне деген чечим?
Илим башын көтөргөн жок.
– Кайсынысы?
– Тинатинге фонддорду өткөрүп бергениңиз.
– Мен чечтим.
– Ал биздин үй-бүлөнүн мүчөсү да эмес.
Тинатиндин жүзү өзгөрдү. Илим болсо муздак жооп берди:
– Адамдын үй-бүлөгө кириши фамилия менен өлчөнбөйт.
Зейнеп ачууланды.
– Демек, эми чоочун кызга биздин мүлктү ишенип тапшырасызбы?
– Мен ага мүлк эмес, жоопкерчилик бердим.
– А менчи?
Илим биринчи жолу түз карады.
– Сен эмнени каалап жатасың, Зейнеп?
Зейнеп бир саамга унчукпай калды.
– Мен бул үйдө ким экенимди унутпаңыз.
– Унуткан жокмун.
– Анда эмнеге анын колуна ушунча бийлик бересиз?
Илим жай гана:
– Сен сурап жатасың: “Эмнеге ага?” А мен өзүмө башка суроо берем: “Ким ишти тартып кете алат?”
Зейнептин көздөрү муздап кетти. Ал Тинатинге бурулду.
— Демек, сен эми бул үйдө жөн гана кызматчы эмессиң?
Тинатин унчукпай турду.
– Жооп бер.
– Мен эч ким менен атаандашкым келбейт.
Зейнеп жылмайды.
– Атаандаштыкты сен баштаган жоксуң.
Тинатин биринчи жолу анын көзүнө түз карады.
– Анда ким баштады?
Бөлмөдө жымжырттык орноду. Зейнеп жооп бере алган жок. Ошол күндөн баштап сарайда эки башка дүйнө пайда болду. Адел – холдингдин башында. Тинатин – кайрымдуулук фонддорунун жана балдар үйлөрүнүн башында. Зейнеп болсо экөөнүн ар бир кадамын байкап турду. Ал эми Бекзат... ооруканада көзүн ачпай жатты. Бир үй-бүлө анын айыгышын күтүп отурса, экинчи жагынан анын ордун ээлөө үчүн күрөш акырын башталган. Эң кызыгы, бул күрөштө эч ким жеңүүчү ким болорун билген эмес. Анткени Бекзаттын бөлмөсүндө ошол эле учурда бир телефон улам-улам шыңгырап жатты. Экранда чоочун номер. Бир гана билдирүү: “Бекзат тирүү турганда ачылбаган сыр бар. Ал көзүн ачса, баары өзгөрөт”.
xxx
Кеч киргенде хан сарайдын чоң залында жарыктар гана күйүп турду. Дасторкондо эч ким тамакка кол сунган жок. Самаган жаңы эле үйгө келген. Кырсыктан кийин биринчи жолу Исаевдердин үйүнүн эшигинен аттаганда, анын жүзүндө адаттагы эркин күлкү жок эле. Бирок ал дагы эле эмне болгонун толук түшүнө элек болчу. Зейнеп аны кабинетке чакырды.
– Отур, Самаган.
– Эмне болду?
Зейнеп анын жүзүнө узак карады.
– Сенин агаңдын абалы оор.
Самаган көзүн жерге салды.
– Билем.
– Жок. Сен билген жоксуң.
Зейнеп столдун үстүнө бир нече документ койду.
– Бекзат азыр эч нерсеге кол коё албайт. Компаниялардын баары убактылуу башкарууга өтөт.
Самаган документтерди карап туруп:
– Анан?
– Анан сен анын бир тууганысың.
Самаган башын көтөрдү.
– Менби?
– Ооба.
Зейнептин үнү жумшак эле. Өтө жумшак. Ошол жумшактыктын артында эмне жатканын Самаган азырынча түшүнгөн жок.
– Бекзаттын ордун сен ээлешиң керек.
Самаган күлүп жиберди.
– Менби? Мен компания башкармак белем?
– Эмнеге болбосун?
– Мен бизнес билбейм.
– Үйрөнөсүң.
– А Бекзатчы?
Зейнеп бир саамга унчукпай калды.
– Бекзат качан кайра турарын эч ким билбейт.
Самаган энесин тиктеп калды.
– Апа...
– Эмне?
– Сен анын өлүп калышын күтүп жатасыңбы?
Зейнептин жүзү бир заматта өзгөрдү.
– Андай сөздү айтпа! Анын үнүндө коркуудан көрө ачуулануу басымдуу эле.
– Мен сенин агаңдын амандыгын каалайм. Бирок үй-бүлө анын айыгышын күтүп отуруп, бүт байлыгын жоготуп коюшу мүмкүн.
Самаган унчукпай калды. Зейнеп анын жанына келип отурду.
– Сен Бекзаттын инисисиң.
– Билем.
– Демек, сенин да укугуң бар.
Ушул сөз Самагандын ичинде биринчи жолу башка бир сезимди ойготту. Укук. Ошол күндөн кийин Зейнептин тымызын операциясы акырын башталды. Ал Самаганга түздөн-түз “Бекзаттын байлыгын ал” деген жок. Андай сөз өтө эле ачык болмок. Анын ордуна күн сайын бирден сөз таштады.
– Бекзат сени эч качан олуттуу көргөн эмес.
– Сен үчүн бир да чечим калтырган эмес.
– Сен анын иниси болгонуң менен, дайыма анын көлөкөсүндө калдың.
– Сенин да өз ордуң болушу керек.
Бул айтылган ар бир сөз башында анча маанилүү эместей болчу. Бирок күн өткөн сайын бул сөздөр Самагандын оюнда биригип баштады.
xxx
Бир күнү Самаган бухгалтериядан чыккан. Артынан Зейнептин үнү угулду:
– Самаган.
Ал бурулду.
– Муну кара.
Зейнеп колундагы документти сунду.
– Бул эмне?
– Бекзаттын жеке активдеринин тизмеси.
Самаган документти карады. Үйлөр. Жерлер. Акциялар. Компаниялар. Яхталар. Жеке учак. Чет өлкөдөгү активдер. Анын көздөрү чоңоюп кетти.
– Мунун баары...
– Бекзатка таандык.
Самаган акырын дем алды. Зейнеп болсо анын жүзүн карап турду.
– Сен анын бир тууганысың.
Самаган документти жапты.
– Апа, мен муну каалабайм.
Зейнеп жылмайып койду.
– Азырынча.
Ошол эле күнү кечинде Тинатин коридордон өтүп баратып Зейнеп менен Самагандын сүйлөшүүсүнүн акыркы сөздөрүн угуп калды.
– Сен ага каршы эмессиң,- деди Зейнеп. – Сен болгону өзүңдүн укугуңду коргойсуң.
– Бирок ал менин агам.
Зейнептин жообу муздак чыкты:
– Бизнес туугандыкты тааныбайт.
Тинатин ордунда катып калды. Ошол сөздөн кийин ал түшүндү. Бул үйдө эми жөн гана Бекзаттын айыгышы үчүн күрөш жүрбөйт. Анын орду үчүн күрөш башталган. Самаган өзү бул оюнду баштаган эмес. Бирок Зейнеп аны акырындык менен Бекзатка каршы отургузуп жаткан. Эки бир туугандын ортосуна биринчи от жагылды. Ал от азырынча кичинекей эле. Бирок аны өчүргөн адам болбосо... Исаевдердин үй-бүлөсүн өрттөп кетчүдөй чоң жалынга айланышы мүмкүн эле. Зейнеп шашкан жок. Ал Самаганды Бекзатка каршы түз тургузса, уулу дароо каршылык көрсөтөрүн билчү. Самаган канчалык тентек, эрке, жеңил ойлуу көрүнбөсүн, агасын жүрөгүнүн тереңинде сыйлачу. Ошондуктан Зейнептин планы башкача болчу. Ал уулунун жүрөгүнө шек салмак. Шек болсо, жай жагылган от сыяктуу. Адегенде жылытат, кийин күйгүзөт.
xxx
Эртеси эртең менен Самаган ашканада жалгыз отурган. Уйкусурап, кофе ичип жаткан. Зейнеп кирип келип, анын алдына конверт койду.
– Бул эмне?
– Сенин атыңа тиешелүү документтер.
Самаган таң кала карады.
– Магабы?
– Ооба.
Ал конвертти ачты. Бир нече баракты карап туруп, кабагын түйдү.
– Бул жерде менин аты-жөнүм эмне үчүн турат?
Зейнеп отургучка жай отурду.
– Анткени сен Исаевсиң.
– Муну мен билем.
– Сен билесиң. Бирок сенин агаң билеби?
– Эмне дегиң келип жатат?
– Эч нерсе.
– Апа?!
Зейнеп атайын үшкүрүп койду.
– Бекзат баарын өзү чеччү. Кимге эмне берерин, кимдин атына эмне катталарын... Алтургай сенин келечегиңди да. Самаган документти катуу кармады.
– Ал менин агам.
– Мен муну билем. Бирок бир күнү ал сага карап “сен кичүүсүң, сен түшүнбөйсүң” дегенде кандай сезимде болчусуң?
(Уландысы кийинки санда)