Табигый каучук алынуучу гевея дарагынын мекени – Түштүк Америка. Бийиктиги 20-30 метрге жетет. Нымдуу тропик токойлорунда өсөт. Сөңгөгүнүн диаметри 30-50 сантиметрге чейин болуп, гүлдөрү ак-саргыл түстө.
Дөңгөлөк, учак жабдыктары жасалат
Бразилия гевея дарагы – табигый каучуктун негизги булагы. Анын “латекс” деп аталуучу ширесинин курамынын 40-50 пайызын каучук түзөт. Дүйнөдөгү унаа, велосипед дөңгөлөктөрүн, электр техникаларын, учактын айрым жабдууларын жана башкаларды даярдоодо колдонулган резиналардын 95 пайызы ошол дарактан алынат. Латекстен каучукту бөлүп алгандан кийинки сары суусу жаныбарлардын жемине кошулушу мүмкүн. Уругунан сыгылып алынган майы эмерек жана башкаларды сырдоочу олифанын курамына кошулат.
Тарыхка кайрылсак, автоунааларды чыгаруучу ишкананын ээси америкалык Генри Форд 1932-жылы Бразилиянын өкмөтүнөн Амазонка өрөөнүнөн миллион гектар жерди гевея өстүрүү үчүн сатып алган. Анын ширесинен унаалардын шиналарын чыгармак болгон. Ошол эле учурда анын аймагына жанаша жерден япондор да жер сатып алып, ошол эле даракты өстүрүп башташкан. Форддун аракети ийгиликсиз болуп калган.
1890-жылдары гевеянын уругун Улуу Британияга алып келишкен. Ал жактан Цейлон, Индия, Ява аралына таратылган.
30 жыл бою латекс бере алат
Учурда гевея плантациялары Бразилия, Индонезия, Малайзия, Вьетнам, Таиланд, Кытай, Шри-Ланка, Малакка жарым аралында, Малай архипелагында, Африканын айрым өлкөлөрүндө бар.
Камбоджада гевеянын кургакка чыдамдуу 2 гибриди өстүрүлөт. Гевея 8-9 жыл дегенде каучукту максималдуу түрдө берүүгө өтөт. Каучукту 30 жыл катары менен алууга болот. 1 гектарынан 2 тоннага чейин латекс жыйналат. Өскөнүнө 40 жыл болду дегенде картайды деп кыйыла баштайт.
Ширесин алууда кабыгын тешип, ширени чогултуу үчүн даракка идиш байланып коюлат. Ширеси 4-5 саатка чейин агат, өзгөчө эртең менен. Латексти нөшөрлөгөн жаан учурунан тышкаркы бардык мезгилде жыйнай беришет.
Каучуктун калган 5 пайызы башка тропик дарактарынан, мисалы, сапиум, маниок, фикус сыяктуулардан алынат. Синтетикалык каучуктар катуу ракета отунун жасоодо полимердик негиз катары пайдаланылат. Мында каучук күйүүчү майдын ролун аткарат.