Биз социалдык тармакта

Жамайка Токонова, төкмө: “АКЫНГА ӨРТТҮК, КУРЧТУК КЕРЕК”

Төкмө акындык үчүн сөздү уйкаштырып ырдоо жетишсиз. Ал үчүн терең ой, туюм, тайманбастык жана сөз таба билген сергек акыл керек. Кыргыздын төкмө айымдарынын бири Жамайка Токонова – мезгил менен сыналып келе жаткан төкмөлөрдүн бири. Ал жакында маанилүү айтышта баш байгеге ээ болуп, кубанып турган учуру. 

 

– Саламатсызбы, Жамайка айым? Баш байге кут болсун! Адегенде ошол айтыш тууралуу айта кетсеңиз...

– Саламатчылык, рахмат! Бул айтыш Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесине арналып өттү. Уюштуруучулар жогорку деңгээлде даярданышыптыр. Башка айтыштардагыдай эле тандоо туру болуп, ага 40тан ашык акын катышып, андан иргелип 12 акын өттүк. Катышкан акындардын баары таланттуу, өнөрдүн мыктылары. Бардыгы тең байге алып, жеңишке жетип жүргөн акындар. Мындай аламанда элибиз “ат чуркабай, бак чуркайт” дегендей, багы жанган акынга буюрат экен. Мага буюрган экен, кубанып турган убагыбыз.

– Төкмөлүктө талант да, сүр да, курчтук да болушу керек дешет, туурабы?

– Туура, таланттан сырткары төкмө акынга өрттүк, курчтук анан эрк керек. Өнөргө жаңы аралашып жүргөн кезде чындап курчтугум, өрттүгүм күч эле. Азыр акыл кирген сайын мокогонсуп баратат окшойм (күлүп).

– Азыр төкмөлөр жаттап алып айтышат, мурункудай шыр төккөн акын аз деген сын айтылып жүрөт. Бул сынга кошуласызбы?

– Эми алар өздөрүнүн табылгаларын жазып, анан жаттап жатышат да. Бирок ошол “жаттап айтат” деген акындар да аламанга чыкканда жаттаганынан да артык төгүп салышы мүмкүн. Ар бир заманга, айтыш сүйүүчүлөрдүн табитине, ошол мезгилдин суроо-талабына жараша акындар болот. Дегеним, Токтогул, Жеңижок, Осмонкул, Ысмайыл аталарыбыз өз заманына жараша сөз чебери болушкан. Ашыраалы, Эстебес аталар, устаттарыбыз Элмирбек, Жеңишбек агалар өз учуруна жараша мыктылар болушту. Алардын угуучуларынын өнөргө болгон табити, талабы башка болгон. Ал эми азыр элдин табити өзгөрүп баратпайбы. Азыркы акындардын ар бири өз заманынын мыктылары деп билем, кадырын азыр байкабасак да, кийин билеттирбиз.

– Төкмө жигиттер менен тең ата болуу үчүн акын кыздарга эки эсе көп аракет кылууга туура келеби?

– Негизи бул өнөр сыймыктуу болгону менен, оор өнөр да. Анын үстүнө айымдар үчүн эки эсе оор. Мырзаларыбыз менен тең ата ат салышуу үчүн эки эмес, он эсе көп аракет кылуубуз керек. Эркектер айтышка кам көрүш үчүн үй-бүлөсүнүн кем-карчын толуктап коюп эле даярдыкка көп убакыт бөлөт. А бизде аялдык, энелик милдет, үй тиричилиги, балдарыңдын тарбиясы, окуусу сыяктуу түйшүктөр бар. Айтыш алдында биринчи ошол оокат-тиричиликтерди бүтүрүп, балдарды уктатып, баарын жайгарып коюп, түнү менен өнөр үчүн ой толгойсуң. Бирок көкүрөктөгү көрөңгөңдү көбөйтүү үчүн ошончо кыйынчылыктардан кийинки убактың да бакыт да. Андан сырткары айта турган тематикаларыбызда да айырмачылыктар болот. Демек, көп изденүүлөр талап кылынат.

– Айтышта көбүнчө чындыкты айтасызбы же эл уккусу келген нерсениби?

– Айтыштарда көйгөйлөрдү, элдин үнүн айтууну туура көрөм. Бирок көп учурда кырдаалга жараша болуп калат. Ал эми кээде элдин уккусу келгени шоу, тамаша болуп калат. Ушул жаатта бир аз чабалмын. “Эл уккусу келип жатат” деп эле шоу, жеңил-желпи тамашаларды айткым келбейт. Тамаша айтсам да, ошонун артына бир ой катып кетүүнү туура көрөм. Андыктан көздөгөнүм – чындык.

– Курч сөзүңүз менен атаандаш акындын жүрөгүн оорутуп, өкүнгөн учуруңуз болгонбу?

– Кээде болуп калат. Бирок акын айтыш үстүндө кандай сөз болсо да көтөрө билет деп ойлойм. Шашылышта орой же катуу айтып алган учурлар кездешет. Ошондо бир топ убакытка чейин аябай кыжалат болом.

– Устатыңыз ким? Шакиртиңиз барбы?

– Жалпы эле акындардын баарын устатым деп айтат элем. Анткени ар биринен өзүмө тиешелүү үлгүнү алууга аракет кылам. Ал эми мени башка тармактан өнөргө кызыктырып алып келген адам – Элмирбек агай болгон. Багыт берип, устаттык кылган Жеңишбек, Аалы агайлар. Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Чыңгыз Кожошов, Турат Жумаев, Жылдызбек Төрөканов агаларым да ар дайым кеп-кеңештерин айтып, өз багытын берип турушат. Ал эми жеке өзүмдүн шакирттерим азырынча жок. Ал үчүн да өзүнчө убакыт керек деп ойлойм. Азыр балдарым жаш болгондуктан, кээде айтыштарга, тандоо турларына катышууга эптеп убакыт таап жатам.

– Кесибиңиз юрист экен, ал тармакта иштегенсизби?

– Ооба, кесибим юрист, бирок ал кесипти аркалаган жокмун. Себеби көксөөм башка тармакта эле. Экинчи курстан тарта радио-гезиттерде, теледе иштедим. Балалыгымда журналист болуу кыялым эле. Ал эми юристтик кесипке ата-энемдин өтүнүчү менен окугам. Юридикалык окуу жайды бүтүп, дипломду ата-энеме тартуу кылгам (күлүп). Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүндө билим алдым. Азыркы учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясында аспирантурада окуйм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз, акын кыздын жүрөгүн багынткан адам кандай мырза?

– Жүрөгүмдү багынткан адам менен турмуш куруп, буюрса, үч баланы тарбиялап келебиз. Башка тармактагы кесиптин ээси, бирок айтыштын чоң күйөрманы. Күйөрманым да, биринчи сынчым да жолдошум. Ошол адамдын колдоосу менен өнөрүм уланып, ийгиликтер жаралып жатат деп ойлойм. Кээде “тандоо турларына катышпай эле койсомбу, жетишпей калат окшоймун же даяр эмесмин” десем, “дайыма даяр болушуң керек да”, “аракет кылсаң жетишесиң” деп мага дем берип турат. Анан ойлоном, катыш деп жатса катышайын деп. Кайын журтум да дайым батасын берип, колдоо көрсөтүп турат. Ата-энелеримдин, бир туугандардын, жолдошумдун колдоосу менен жеңиш жылмайып, эл алдында жүрөм, шүгүр.

– Айтышта жеңүүчүнү аныктоодо дайым калыстык болобу?

– Эми сынакта өйдө-ылдый болот. Бирок айтышта көпчүлүк учурда жогоруда айтканымдай, бак чуркайт. Кайсы бир акындын чабыты келип, багы жанып турса, эч бир калыс туура эмес баалабаса керек. Устаттарыбыздын айткандары бар, кээде бир абал болот, ушунчалык дайындык менен, жеңиштин маанайы менен барып, эл алдына чыксаң табың начар болуп калат. Ал эми кээ бир учурда ички дайындыгың начар, буюрганын көрөбүз деп барсаң багың жанып, көөдөнүңдөн ыр куюлуп бир башкача болосуң деп. Анын сыңары ар бир айтышта бир башка сезимдер болот, аны баалап отурган калыстар да сезишет.

– Төкмөлүккө башка бир формат, жаңычылдык керек деп ойлойсузбу? Мисалы, обонду адаттагыдан башкача кылып... Же ушул бойдон эле калышы керекпи?

– Негизи жогоруда айткандай, заман талабына жараша өзгөрүүлөр кирип турушу керек. Азыр да көпчүлүк акындар айтыш сүйүүчүлөрдүн талабына, өздөрүнүн дараметине жараша өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн аракетинде жүрүшөт. Заман талабы, элдин суроосу деген менен чыныгы айтыштын нукура өзөгүн жоготпой, сактап калуубуз керек деген ойдомун. Ал эми обондор боюнча, ар кими өзүнө жарашкан, жан дүйнөсүнө жакын, ырдоого ылайык обонго салганы дурус.

 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан