Биз социалдык тармакта

Рыскелди Старбеков, ырчы: “АТАМ ТОЙ ЫРЧЫСЫ БОЛБО ДЕЧҮ”

Рыскелди Старбеков – Нарындын Жумгал районундагы Байзак айылынан чыккан таланттуу ырчы, вокалдык педагог жана бир нече чыгармачыл топтун солисти. “Славян базары-2025” фестивалында “Славянская надежда” сыйлыгына ээ болгон. Бүгүнкү күндө жеке чыгармачылыгын өнүктүрүү менен бирге жаш таланттарды тарбиялап, кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытууга умтулуп келет.

 

– Рыскелди мырза, эмне үчүн профессионал ырчы болууну максат кылдыңыз? Сиз деле той-топурдан акча тапсаңыз болбойт беле?

– Кичинемден эле профессионал ырчы болууну максат кылгам. Атам да мага “той ырчысы эмес, профессионал ырчы бол, балам” деп көп айтчу. Атамдын сөздөрү да ушул жолду тандашыма таасир берди окшойт. Бирок убакыт өткөн сайын той ырчылыгынын да өзүнүн мектеби, чоң тажрыйбасы бар экенин түшүндүм. Экөөнүн тең өз орду бар. Атамдын айткан сөзү, той-топурларда ичимдик болот, ошондуктан тойдо ырдашымды каалаган эмес окшойт. Тилекке каршы, ал оюн толук угуп жетишкен жокмун.

– Жеке ырчы, педагог, бир нече топто мүчө экенсиз. Баарына кантип жетишип жатасыз?

– Академиялык вокал боюнча билим алып, Бишкектеги “Алла бреве” музыкалык мектебинде 4 жылдан бери балдарга вокалдан сабак берип келем. Окуучуларымдан түзүлгөн “Голоса Радуги” тобунун жетекчиси, Hype Show Band тобунун жана Leader dance group бий топторунун солистимин. Бийчилик жолум бала кезде “Дэя” элдик бий ансамблинен башталып, кийин “Уста” элдик бий ансамблинде уланды. Чоң сахнага болгон сүйүүмдүн калыптанышына хореографым Наргиза Хажиева эжекемдин салымы чоң. Ошондой эле “Ты супер, Кыргызстан!” долбоорунда вокал мугалими болуп балдарды даярдадым. Азыр долбоордун таланттуу финалисттерине музыкалык продюсер катары жардам берип, чоң сахнага умтулган жаш таланттарды колдоп келе жатам.

– “Голоса Радуги” тобу кантип түзүлдү?

– Топту түзүүгө окуучуларымдын музыкага болгон сүйүүсү түрткү болду. Алар алгач өз-өзүнчө келишкен. Убакыттын өтүшү менен бириктирип, дуэттен триого айлантууну туура көрдүм. Ошентип, Всеволод, Акниет жана София аттуу жаш таланттардан турган “Голоса Радуги” тобу пайда болду. Ар биринин үнү ар башка, бирок музыка деген сүйүүсү аларды бириктирип турат. Ар кандай сынактарга, телекөрсөтүүлөргө катышып, алдыңкы орундарга жана Гран-приге ээ болуп келебиз. Мындан тышкары сөзү жана обону өзүмө таандык “Жаңы жыл” жана “Мына минтип” аттуу эки автордук ырыбыз бар. Балдар менен бат тил табышкандыктан, бул иш мага кыйынчылыктан көрө көбүрөөк кубаныч тартуулайт.

– Hype Show Band тобуна кантип кошулуп калганыңызды да айта кетсеңиз?

– Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуп жүргөндө бир фестивалдан таанышып, кийин топко чакырышкан. Чакырууну кубануу менен кабыл алдым. Үч жылдан бери чогуу иштешип, мааракелерде жана мамлекеттик иш-чараларда ырдап келебиз. Коммерциялык иш-чаралардан тышкары автордук чыгармаларды да жаратабыз. Учурда “Сүйүүбүздүн ыргагы” жана “Давай от души” аттуу эки ырыбыз музыкалык платформаларга жайгаштырылган. Бул топ   профессионал адамдар менен иштөө жана жаңы тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн берди.

– Назима Жумакадырова менен аткарган дуэтиңиз да жакшы чыгыптыр...

– Назима экөөбүз Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайдан таанышканбыз. Кийин консерваторияда чогуу окуп, сахналарга бирге чыгып, чыгармачылык жолубузду уланттык. Дуэт болуу сунушу кимден чыкканы эсибизде жок, себеби баары табигый түрдө эле башталган. Назима – келинчегим эмес, бирок музыка дүйнөсүндө гана эмес, жашоомдо да эң жакын адамым. Мени колдогон музыкалык сынчым. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп, колдоп келебиз. Дуэт болуу чоң, кыйын жумуш, ошондуктан ушундай адамдын жанымда болгонуна ыраазымын.

– Дуэт аткарууда табиттер бири-бирине каршы келген учурлар болобу?

– Негизи болот. Бирок көпчүлүк учурда биздин оюбуз бир чыгат. Назима менен дуэт ырдоо мен үчүн ырахат. Бирге иш алып барсак, жемиштүү болуп чыгат, анткени ал профессионал.

– “Көчмөндөр жаңырыгы” сынагындагы жеңишиңиз сизге кандай таасир калтыра алды?

– Ал сынакта сөзсүз жеңишке жетем деген ишенич болбосо да, баары бир ишенич бар болчу. Баш байгеге ээ болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн сынакка катышууга жолдомо алдым. Ал жакта Кыргызстандын атынан чыгып, өлкөбүздүн намысын коргоого аракет кылдым. Тилекке каршы, байгелүү орунга ээ боло алган жокмун. Сынактарда көп эле жолу жеңилгем. Анын баары мага сабак болуп, келечекте такшалууга жардам берип келет.

– Инсан катары өзүңүздү кантип сыпаттайсыз?

– Көп нерсени жүрөккө жакын кабыл алган, көп ойлонгон сезимтал адаммын. Кээде башкалар байкабаган майда нерселерге чейин көңүл бурам. Кандай ийгиликтерге жетпейин, адамдык сапатымды жоготпой, өзүмө жана жакындарыма чынчыл бойдон калсам дейм.

– Сахнада ыңгайсыз же күлкүлүү окуяга кабылгансызбы?

– Андай окуялар көп болгон. Мисалы, 2025-жылы “Славян базары” фестивалында сахнага чыгарда костюмумду кийүүнү унутуп калгам. Дагы бир жолу сахнага чыгар алдында ырымдын музыкасын башка ырдын музыкасына алмаштырып коюшкан. Аны ырдап баштаганда гана байкап, бирок ырды токтотпой, аягына чейин аткарууга аракет кылгам. Азыр деле кээде ырдын сөздөрүн унутуп же алмаштырып алган учурлар болот. Андайда “импровизация” кылып, ырды улантып кетем. Сахнанын кызыгы да ушунда, күтүлбөгөн жагдайларга даяр болуп, кандай кырдаал болбосун, андан чыгармачылык менен чыгуу керек.

– Элдин суроо-талабы күч болсо, өзүңүз жактырбаган жанрда ырчылыкты уланта алат белеңиз?

– Ар кандай жанрларды сынап, эксперимент кылганды жакшы көрөм, бирок элдин баарына бирдей жагуу мүмкүн эместигин да түшүнөм. Элдин табитин сыйлоо менен бирге, өзүм ишенген, жактырган чыгармачылык жолдон тайбайт болчумун. 

– “Күйдүм чок” ырына рэп кошуп, өзгөчө вариантта ырдап чыкканыңыздын себеби эмнеде?

– “Күйдүм чок” – элге кеңири белгилүү кыргыздын элдик ырларынын бири. Мен эксперимент жасаганды жакшы көргөндүктөн, бул ырга да өзүмдүн чыгармачылык көз карашым менен жаңылык киргизгим келди. Ошондуктан ырга рэп кошууну туура көрдүм. Анткени рэп аркылуу кыргыз элинин тарыхында из калтырган инсандарыбызды, баатырларыбызды, улуттук байлыктарыбызды жана алардын эл үчүн жасаган эмгектерин даңазалоого мүмкүнчүлүк бар деп ойлодум. Элибиздин тарыхында сыймыктана турган инсандар абдан көп. Алардын баарын төрт куплетке батырып, эрдигин жана эмгегин толук айтып берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан рэп бөлүгүнө мүмкүн болушунча көп маалыматты камтып, кыргыз элинин байлыгын жана улуулугун көрсөтүүгө аракет кылдым. Азыр бул ырды өзүмдүн стилимде толук вариантта даярдоонун үстүндө иштеп жатам. Бул жөн гана элдик ырды аткаруу эмес, аны жаңыча өңүттөн көрсөтүп, жаш муунга жакындатуу аракети.

– Кайсы кыргыз ырчысы менен дуэт ырдоону кыялданасыз?

– “Номад” триосу жана Азат Раимбердиев байкем менен вокалдык жактан татаал, күчтүү чыгарма аткаргым келет. Мага үнүмдү толук ачып, жаңы эксперименттерди жасоого шарт түзгөн чыгармалар жагат. Алардын өзгөчө стили менен биригип, сахнада унутулгус чыгарма жаратуу мен үчүн кызыктуу тажрыйба болмок.

– Сизди бүгүнкү деңгээлге жеткирүүдө жакындарыңыздын колдоосу чоң болгонун айттыңыз... 

– Эң чоң курмандык – бир тууган эжелеримдин өздөрүнө бөлүшү керек болгон убактысын мага арнаганы. Азыркы Рыскелди болуп калыптанышыма алардын салымы чоң. Алардын колдоосу, мага ишенгени жана жасаган аракеттери болбосо, бүгүнкү жетишкендиктериме жетүү кыйыныраак болмок. Америка университетинде төрт жыл бою окуу үчүн берилген чоң гранттан баш тарттым. Себеби жүрөгүм музыкада гана болчу. Бул оңой чечим болгон жок, бирок кыялыңа жетүү үчүн бир нерседен баш тартууга туура келет. Бүгүн артка кылчайып карасам, ошол чечимим үчүн өкүнбөйм. Анткени музыка – менин жашоом, тандаган жолум.

– Азырынча ишке аша элек кыялыңыз кайсы?

– Чоң масштабдагы жеке концертимди берүү. Азырынча бул кыялым ишке аша элек, бирок ага карай аракет кыла берем. Кээде баары бир күндө эле боло калбайт, ар нерсенин өз убагы бар. Кудай буюрса, бир күнү жеке концертимди берип, чыгармачылыгымдын жемишин эл менен бөлүшөм деп ишенем. Кыялдарым муну менен эле чектелбейт. Алдыда дагы көп максаттарым бар, аларды ишке ашыруу үчүн талыкпай эмгектене берем.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан